Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакыр үй-бүлөдө өсүүдө
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакыр үй-бүлөдө өсүүдө

Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакыр үй-бүлөдө өсүп жатат. Алардын көпчүлүгүнө жөлөк пул дагы төлөнбөйт. Жакырчылык балдардын акыл-эсинин калыптануусуна, дене-боюнун өсүшүнө таасирин тийгизип, бул экономикалык жоготууларга алып келип жатканы айтылды.

Кыргызстанда 800 миңге жакын бала жакыр үй-бүлөдө чоңоюп жатат. Алардын үч жүз миңге жакыны гана мамлекет кепилдеген жөлөк пул алат. Бул тууралуу расмий маалыматтарда айтылды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча өлкөдөгү балдар жана өспүрүмдөр калктын 38 пайызын түзөт. Балдар укугу боюнча иш алып барган уюмдардын айтымында, тамакты тоё жебеген балдар дене-бой, ден-соолук жактан гана эмес, акыл-эс жактан калыптанууда да артта калып, бул келечектеги экономикалык жоготууларга алып келүүдө.

Мамлекет тарабынан төлөнгөн жөлөк пулдун көлөмү өтө эле аз жана көп даректерге түз жетпей калып жатканын расмийлер өздөрү дагы моюнга алат.

ЮНИСЕФ уюмунун айтымында, балдардын кедейликте өсүп жатышы экономикалык жактан ички дүң өндүрүмдүн бир пайыздан беш пайызга чейинки жоготууларына алып келүүдө. Кыргызстандын мисалында алганда, бул болжол менен 1, 5 миллион доллар дегенди билдирет. Балдарга инвестиция жасалбай же инвестиция убактысы кечиккен үчүн күн сайын экономикалык жоготуулар болууда дейт активисттер. Ал жоготуулардын кунун өлкө эртең кымбатка төлөп калышы мүмкүн. (ErA)