Баткендеги кырдаал
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

"Чек арадагы айылда эркектер эле калдык"

Расмий маалыматтар боюнча, Исфара-Ворух жолу жабык бойдон калууда. Тажикстандын жарандары дагы Исфана-Баткен жолун жаап алышты. Бүгүн Тажикстандын жана Кыргызстандын чек ара кызматтарынын башчылары жолукканы жатат.

Акыркы маалымат боюнча, Кыргызстан тараптан 16 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Тажикстан тараптан бир киши каза тапканы айтылууда.

Кыргыз-тажик президенттери жолугабы?

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун ушул аптада Тажикстанга жумушчу сапары менен барышы күтүлүп жатат. Ал Эмомали Рахмон менен чек ара меселеси жана эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Президенттик аппарат президенттердин жолугушуусунун орду жана убактысы такталып жатканын кошумчалады.

Өткөн айда Сооронбай Жээнбеков тажик президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөшкөн болчу. Анда мамлекет башчылары чек араны делимитация жана демаркациялоо иштерин тездетүү боюнча мкулдашканы кабарлаган. (ErA)