"Жөнөкөйдөн татаалга карай": чырлуу чек ара кантип чечилет?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргыз жана тажик президенттеринин күн тартибинде чек ара маселеси

Буга чейин кыргыз-тажик чек ара маселесин жогорку деңгээлде каралбай жатат деген сындар байма-бай айтылып келген эле. Өткөн аптада эки өлкө президенттери жолугуп маселени карап, талаштуу аймактарды чечүүгө саясий эрк жана даярдык бар экенин көрсөтүштү. Маселе эми талаштуу аймактарды тактоонун өкмөт тандаган стратегиясы кандай болот деген суроонун айланасында болуп жатат.

Кечээ күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги лидерлердин жолугушуусу боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп, мамлекет башчылары чек ара маселесинде орток пикир таба алды деп кабарлады.

Президенттердин жолугушуусунун алдында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чатак катталган. Баткендин мурдакы акими, көйгөйдү ичинен билген Хаит Айкынов чек ара маселеси жакын арада жөнгө салынат дегенге жергиликтүү элдин үмүтү чоң деле эмес дейт. Айрыкча мамлекет башчылардын жолугушуусунда конкреттүү макулдашууларга кол коюлбай, көп маселелер туңгуюкта турат.

"Албетте, көйгөй мындан ары чыр чатаксыз жөнгө салынып чечилет деп үмүттөнөм. Бирок бийлик тараптан чечкиндүү кадамдарды көрбөй турам".

Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Чыр-чатак чыккандан кийин эки өлкө президенттери биргеликте Тажикстанда чек ара боюндагы райондордун тургундары менен жолугуп, кийин сүйлөшүү Чолпон-Атада уланган. Алар чек араны тактоону эки өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен "жөнөкөйдөн татаалга карай" деген стратегия менен чечүүнү макулдашты.

"Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитиациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти "жөнөкөйдөн татаалга карай", өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык. Биз ошондой эле регионалдык жана эл аралык проблематикалар, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан маанилүү роль ойногон региондогу суу-энергетикалык маселелер боюнча пикир алмаштык. Бул контекстте Кыргызстан сууну пайдалануу проблемаларына глобалдык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Тажикстандын жаратман саясатын жогору баалайт жана колдойт»,-деген президент Сооронбай Жээнбеков.

Президенттер конкреттүү документтерге кол коюшкан жок. Бирок жакын арада эки өлкөнүн жумуш тобунун жыйыны өтө турганы маалым болду. Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Каныбек Ботобаевдин айтымында, жыйында жер алмашуу маселеси каралат деп болжолдонуп жатат.

Адистер буга чейин эле кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүнүн жалгыз жолу жер алмашуу экенин айтып келишкен. Аймактын мурдагы губернатору Мамат Айбалаев Би-Би-Сиге берген маегинде:

"Ворух менен Ак-Сайдын көйгөйү суу менен жер. Ворух айылында 40 миңдей калк жашайт деп айтылат. Чынында менин болжолумда 50 миңдей калк жашайт. Менин эсимде, СССР учурунда ар бир беш-алты же он жыл ичинде тажик тарап "бул жерде бизге берсеңер" деп суранып, кыргыздар каршылык билдирбей берип олтуруп, жерлер өтүп кеткен. Мына ошентип олтуруп, Ворух айылы Каравшин дарыясы дейт кыргыздар, төмөн жагын тажиктер Исфара дарыясы деп аташат, ошол Исфара дарыясынын оң жагындагы айыл азыр сол жагына чейин өтүп алган. Азыр чечүүнүнү бирден бир жолу алмашуу",-деп айтып берди.

Ошол эле убакта башка адистер президенттердин соңку жолугушуусун чек ара көйгөйүн утурумдук гана басуу аракети катары көрүп жатышат. Бул жерде керек болсо маселени президенттин Тажикстанга расмий сапарынын алкагында чечүү керек дешет.

"Президент Тажикстандын мамлекет башчысы менен чатак чыкканга чейин эле сүйлөшүп, расмий сапардын алкагында чечсе жакшы болмок. Чыр чыккандан кийин өрт өчүрүүчүлөрдөй болуп жолугуша калганы эч кандай маселени чечпейт. Көп болсо көйгөй 2-3 айга жөнгө салынат. Бир нече ай эки тарап тең маселени көзөмөлгө алган болот. Бирок кетмен согуш кайра эле кайталанат"- деди регионалдык эксперт Турат Акимов.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арасы дээрлик миң чакырымга, бийик тоолуу, татаал географиялык аймакта созулуп жатат. Чек аранын жарымы гана такталган, анда ондогон талаш бөлүктөрү бар.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек аранын такталбаганы жыл сайын чыңалууларды жаратып келүүдө. Куралдуу тирешүүлөргө чейин жеткен жаңжалдар катталууда. Тажикстан менен чектешкен Кыргызстандын Баткен аймагы өлкөдөгү чек ара көйгөйү эң курч аймактардын бири болуп калды.

Чыр-чатактардын көбү Тажикстандын Баткен аймагындагы Ворух анклавынын тегерегинде. Бул өлкөлөлөр эгемендик алгандан кийин чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр башталып, башынан эле тараптар эки башка документти негиз катары колдонууну сунуш кылышкан. Тажикстан тарап 1924-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы документтерге таянса, Кыргызстан 1958-59 жылдардагы жана андан кийинки паритеттик комиссиялардын документтерин негиз катары сунуш кылганы айтылып келет.

2015-жылы эле кыргыз тарап чек арадагы талаш жараткан айрым жерлерди алмашуу жолу менен чечүү сунушун билдирген. Бирок мындай демилге тажик тараптын колдоосун тапкан эмес.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар