комуз
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

"Сапар": Кыргызстан Комуз күнүн белгилеп жатат

Кыргызстанда Комуз күнү биринчи жолу белгиленип жатат. Бул тууралуу жарлыкка президент июль айында кол койгон эле.

Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти. Би-Би-Си "Сапарынын" кезектеги чыгарылышында комуз жөнүндө сөз болот.