Баткен
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Видео: кыргыз-тажик чек арасындагы абал

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап биринчи болуп курал колдонуп, Максат жана Сай айылындагы чек ара бекеттерине ок чыгарды деп билдирүү таратты. Расмий маалыматка караганда, атышуудан "Бөрү" атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов ок жаңылып курман болду, 13 адам жаракат алды, анын ичинде экөөнүн абалы оор. Жаракат алгандардын он бири аскердик учак менен Бишкектеги ооруканага жеткирилет.