Санарип жаран деген ким?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Санарип жаран деген ким?

Кыргызстан жакынкы келечекте Эстония жана Сингапурдай санариптик өкмөт, санариптик коом курууну максат кылууда.

Санарип коомдун жарандары да тийиштүү даярдыкта болууга тийиш. Ошондуктан өкмөт жарандарды санарип көндүмдөргө үйрөтүп баштады.

Негизинен айыл жеринде эле эмес, шаар жеринде деле улуу муундун өкүлдөрү санарип технологияга тиши өтө бербейт. Эби да келбейт. Санарип техниканын тилин билгендер анча көп эмес.

Кыргыз өкмөтү 2023-жылга барып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү толук санариптештирүүнү пландап жатат. Андыктан жарандарды санарип болууга чакырыктар жүрүп жатат.

17-сентябрда Бишкекте ЕККУ уюштурган «Санарип жаран: Санарип мен! Санарип бол!» деп аталган жарандык форум болду.