Ухандагы иликтөө: Эл аралык эксперттер тобуна тоскоолдук жаралабы?

Ухандагы иликтөө: Эл аралык эксперттер тобуна тоскоолдук жаралабы?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тобу эмдиги айда Кытайдын Ухань шаарына барып, Covid-19 алгач тараган деп шектелген лабораторияны текшерет.

Алардын келишине утурлай лабораториянын алдыңкы окумуштуусу шектенүүнү төгүндөө үчүн бардык текшерүүгө даяр экенин Би-Би-Сиге билдирди. Бирок Би-Би-Синин Кытайдагы кабарчысы Жон Судворт бийлик иликтөөнү анча каалабаганын айтат.