Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Идирис Кубатбеков: Оштогу шайлоо курч атаандаштыкта өтөт

4-мартта Ош шаардык кенешине шайлоолор болот. Партиялык тизме боюнча биринчи жолу өтүп жаткан шайлоодо бери дегенде 8 партия, алардын ичинде Социал-демократтар, Республика, Улуттар Биримдиги партиялары катышууда. Байкоочулар шайлоо алдындагы күрөш курч мүнөздө өтүп жатканын белгилешет.

Ал ортодо парламенттеги оппозициячыл Ата Журт фракциясы баш болгон күчтөр өкмөттү сындап, Ошто ири нааразылык акциясы өтөрүн жар салууда. Биз Оштоггу адам укугу жана демократия борборунун жетекчиси Идирис Кубатбековду маекке тартып, адегенде, эмне себептен шаардык кеңешке шайлоо алдындагы күрөш курч мүнөздө өтүп жатат деп айтылууда? - деп сурадык.