Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Өмүрбек Эгембердиев: Элдик Курултай институтун Баш мыйзамга киргизүүнү сунуштайбыз

Кыргызстанда «Улуу жыйын» коомдук уюму Элдик Курултай институтун Баш мыйзамга киргизүү жөнүндө кезектеги демилге менен элге кайрылды. Алардын жүйөөсүндө өлкөдө курчуган карама-каршылыктарды жоюуга азыркы башкаруу системасы жараксыз, эл бийликке да, оппозицияга да ишенбей калды.

Ошондуктан мамлекеттин башкаруу түзүлүшүн түп-тамырынан бери жаңыртмайынча революциялар кайталана бериши мүмкүн.

Кабарчыбыз Кубат Чекиров "Улуу жыйын" коомдук уюмунун өкүлү Өмүрбек Эгембердиевге кайрылып, Элдик курултай идеясы иштеп кетет деген ишеним эмнеге негизделген деп сурады?