Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Канат Арпачиев: Олимпиадага жолдомо алгандар барган сайын азайганы ойлондурат

Image caption Канат Арпачиев

18-апрелде Лондондогу Олимпиада оюндарынын башталышына туура жүз күн калганын уюштуруучулар белгилешти.

Британиянын баш калаасындагы Трафалгар аянтында Олимпиада эн-белгисинин бетине убакытты артка эсептеген саат орнотулган. Андан тышкары, Би-Би-Си интернет сайттарында, анын ичинде Кыргыз кызматынын атайын олимпиадага арналган бетинде да, күндү артка санаган эсептегич бар.

Бул күнү анда олимпиадага туура жүз күн калды деп жазылып турду. Бул айырыкча олимпиадага жолдомо алган спортчулар жана аларды даярдаган машыктыруучулар менен спорт бийликтери үчүн өтө манилүү дата.

Кыргызстандан азыркыга чейин белгилүү болгондой алты спортчу Лондонго жолдомо алган.

Бишкектеги Би-Би-Си студиясында Кыргызстандын мамлекеттик дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү агенттигинин өкүлү Канат Арпачиев суроолорубузга жооп берди.