Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз кеткен кыргыз жоокерлер

Экинчи дүйнөлүк согуш адамзат тарыхындагы эң көп кыргын алып келген алаамат катары белгилүү. Ошол кишилей чыгымдардын бөлүгү мурдагы Советтер союзунун курамына кирген Кыргызстандын үлүшүнө туш келет.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон, дайынсыз кеткен кыргыз жоокерлеринин дарегин, алардын эрдигин тактоо боюнча иликтөөлөр жөнүндө он жыл мурун атайын берүү уюштурган эле.

Андан бери көп убакыт өткөнүнө карабастан, маселе дале оордунда турат. Би-Би-Си архивиндеги Арслан Капай уулу даярдаган ошол атайын берүүнү угуңуз.