BBC navigation

Рахматулла ажы Эгембердиев: Талак маселеси курч көйгөйгө айланды

Соңку жаңыланышы: 18-январь, 2013 - 16:15 GMT

Медиа ойнотуу

Кыргызстандын диний башкармалыгы интернет, смс жана телефон аркылуу талак маселесине түшүндүрмө берген фатва жарыялады. Ага ылайык, күйөсү аяланына жаңылыш даректеги электрондук почта, же бирөөнүн телефонунан жөнөтүлгөн смстер аркылуу "талак" жөнөтсө...

Угууmp3

Бул видео/аудиону ойнотуш үчүн Флеш-плейердин туура версиясы керек.

Плэйерден ойнотуу

Кыргызстандын диний башкармалыгы интернет, смс жана телефон аркылуу талак маселесине түшүндүрмө берген фатва жарыялады. Ага ылайык, күйөсү аяланына жаңылыш даректеги электрондук почта, же бирөөнүн телефонунан жөнөтүлгөн смстер аркылуу "талак" жөнөтсө, кабыл алынбайт деп белгиленген. Мындан мурда Би-Би-Си дагы бул маселеге кайрылып, айрыкча, Орусияда жана башка жактарда эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандык эркектер үйүндөгү жубайларына смс аркылуу эле "талак" деп жазып коюшуп, ажырашкан окуялар көп болуп жатканын баяндаган.

Кыргызстандын диний кызматкерлери коомчулукта талак маселесине байланыштуу мындан тышкары дагы көптөгөн суроолор козголгонуна байланыштуу атайын фатва кабыл алышканын айтышууда. Кыргызстандын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев Би-Би-Сиге берген интервьюсунда смс, интернет аркылуу ажырашуу тууралуу фатванын маанисин түшүндүрүп берди.

More Multimedia

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.