Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Акыйкатчы Сарууга көңүл бурууга үндөөдө

Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев Ысык-Көлдүн Саруу айлындагы кырдаалды абдан курч деп мүнөздөп, өлкө жетекчилерин жергиликтүү бийлик менен айылдыктардын тирешине бөгөт коюуга чакырды. Акыйкатчы апта соңунда Саруулактар менен жолугушуп келген.

Анын айтымында, бул айыл жакынкы айлардан бери бийлик өкүлдөрү куугунтук жүргүзөт деген кооптонуу менен жашап келе жатат. Октябрь айынан башында Саруулуктар Каракол калаасындагы митинг учурунда губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алып, натыйжа ал күч менен бошотулган. Андан көп өтпөй жергиликтүүлөр коопсуздук кызматкерлерин сабап коюшкан. Бул окуяларга байланыштуу кылмыш иши ачылып, бир нече активисттер суракка чакырылган.

Расмийлер Саруудагы кырдаалды өкмөткө каршы оппозициялык күчтөр колдонуп, өлкөдөгү саясий абалды курчутууга аракет кылат деп эсептешет. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев болсо акыйкатчы Саруудагы кырдаалды толук билбестигин айтууда. Ал эми облустагы тартип коргоо органдары аймакта абал тынч эле экенин билдирүүдө.

Саруунун тургундары алардын бул аракеттеринде эч кандай саясий жүйөө жок экенин айтышып, Кумтөр маселесин өлкөнүн кызыкчылыгына жараша чечүүнү талап кылганын айтып келишет.