Ривз: Чек араны жергиликтүү элден сурайлы

Кыргызстанда бир канча жыл жашап, Баткенде изилдөө жүргүзүп кеткен англиялык антрополог, Манчестер университетинин этнология тармагы боюнча профессору Мадлин Ривз "Евразиянет" сайтына кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу кызыктуу макаласын жарыялады.

Ал эки өлкөнүн чек арасындагы маселелерге токтолуп, жергиликтүү элдин турмушу тууралуу да сөз кылган.

Биз кыргызча түш жооруган Мадлен Ривзди маекке тартып, кыргыз-тажик тарап канткенде мунаса таап, качан чек аралар ачылат деп сурадык.