Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Деңизге чөккөн наристелер жерге берилди

Бириккен Улуттар Уюму мигранттар кризисин чечүү үчүн Европа мамлекеттери 200 миң мигрантты кабыл алышы керек деп билдирди. Бирок европалык лидерлер өздөрү кабыл алчу мигранттардын саны боюнча келише албай турат.

Австрия менен Германияга киребиз деп Венгрияда топтошкон жүздөгөн кишилер дале Будапештттин сыртында. Шаардын темир жол станциясында калгандар болсо Австрияга жөө кирүү аракетин көрүүдө.

Венгриянын парламенти чек ара көзөмөлүн күчөткөн мыйзам кабыл алды. Ал ортодо Ливиядан кайык менен чыккан мигранттар кырсыкка кабылып 40 киши дайынсыз болууда.

Сирияда деңизде чөккөн эки бала менен алардын апасынын сөөгү жерге берилди. Алар менен чогуу Түркиянын жээгинде башка мигранттардын да сөөктөрү чыккан.