Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Орд-Смит: Кыргызстан-ЕБ жакын кызматташа алат

13-майда Лондон шаарында кыргыз-британдык бизнес форум өткөрүлдү. Эки өлкөнүн ишкерлерин чогулткан мындай форум 15 жылдан бери биринчи жолу болду.

Кыргыз-британдык бизнес форумду Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги, Кыргызстандын экономика министрлиги, Британиядагы TheCityUK уюму биргелешип уюштуруп, Norton Rose Fulbright компаниясы көмөк көрсөттү.

Бул форумдун максаты Улуу Британия жана Европа Биримдигинин башка өлкөлөрүнөн потенциалдуу инвесторлорду табуу жана тартуу болуп саналат.