Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

"Сапар": Мигранттардын "артта калган" балдары

Кытайдын бийликтери "Артта калган балдар" деп аталган миллиондогон жеткинчектер маселеси канчалык олуттуу экенин аныктоо үчүн улуттук эл каттоону баштады.

Бир муун балдардын ата-энесиз өсүп жатканы Кытайда бир топ курч социалдык маселе жаратуучу көйгөй деп каралууда.

Он миллиондогон жумушчулар иш издеп элеттен шаарларга агылып, балдарын туугандарына калтырууга мажбур болушкан. Маселе өзгөчө курч болгон эки аймакка Би-Би-Синин кабарчылары барып келишти.

Кыргызстандагы ушундай эле абалды тааныштыруунун кажети жок. Кытайда мигранттар өлкө ичинде көчүп балдарын көрүүгө жаңы жылда жок дегенде бир келип турса, кыргыз мигранттары арасында балдарын бир нече жылдап көрбөгөндөр, алтургай ал жакта башка үйбүлө куруп алгандар көп.

Бул көрүнүшкө кандай таасир этүүгө болот? Бул маселе боюнча депутат айымдар Аида Салянова жана Таалайкүл Исакунова менен Лондонго иш сапары учурунда маектештик.