Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Лондон сүйлөйт: 27.06.16

Британияда финансы министри Джордж Осборн улуттук экономика туруктуу деп билдиргенине карабастан, фунттун курсу менен Лондон биржасынын индекстери төмөн түшүүсү уланууда.

Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Франциянын президенти Франсуа Олланд Британиянын ЕБден чыгышына байланышкан маселелерди чечүүдө бир саясатты жүргүзүүн макулдашты.

Расмий Бишкек Кыргыз президенти Атамбаев менен Өзбекстан президенти Каримовдун Ташкендеги сүйлөшүүсү кыргыз-өзбек мамилесиндеги чоӊ жылыш болгонун билдирди.

Кыргызстанда Жогорку Сот апрель окуялары боюнча ишти кароону 20-июлга жылдырды.

Кыргызстанда жылына 12 миңден ашуун адам үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Жогорку Кеӊеш үй-бүлө зомбулугун азайтуу максатында жаӊы мыйзам долбоорун талкууга койду.