Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Гүлен кыймылы канчалык жайылган?

Азербайжандын соту Түркиядагы төңкөрүш аракетин чагылдырган көз карандысыз телестанцияны жабуу тууралуу өкмөттүн чечимин колдоду. Бийликтер ANS каналын Анкара менен Бакунун мамилесине доо кетирди деп айыпташты. Лицензиясынан айрылаар алдында бул канал Фетхуллах Гүлен менен маегинен үзүндү берген. АКШда бозгунда жүргөн динчиге төңкөрүштү уюштурган деген күнөө коюлууда.

Түркияда Гүлендин тарапкерлери деп шектелген кишилерге карата катаал чаралар улантылууда. Стамбулдагы сотко 21 журналист тартылды.