Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 19 Июль, 2009 15:52 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
"Бедел белиндеги каргыш" (повесттен үзүндү)
 
Урматтуу окурман!

Силердин назарда - "Бедел белиндеги каргыш" (Мисмилдирик) деп аталган тарыхый темадагы тунгуч повестимдин үзүндүсү. Мурда-кийин көркөм чыгарма: алакандай аңгеме, төрт сап ыр да кураштырып көргөн жан эмесмин, андыктан бир аз жүрөксүнүү менен сунуп отурам.

(Чыгарманын жанрын өзүм "повесть" деп атадым, бирөөлөр "роман" деп атоону ылайык көрүштү).

Повесттин өзөгүндө - 1916-жылкы Үркүн темасы.

Кандай чыкканын сынчыл окурмандан угалы. Пикириңерди төмөнкү электрондук дарек аркылуу жөнөтсөңөр болот: arslan.koichiev@bbc.co.uk же:arslankoichiev@gmail.com

Урматтоо менен Арслан Койчиев.

...“Кан көтөрөт” деген ушундай болот экен. Ортого алты кулач ак кийиз жайылып, калың эл тегерете котолойт. Ал аңгыча төр жактагылар экиге жарылып, тебетейчен, жүзү тегерек, тегиз сакалдуу, коюу муруттуу, толмочураак келген орто жаштагы кишини колтуктап келишип, аягын чечтирбей келишип, ак кийиздин үстүнө отургузушту. Тигил киши малдаш токунду. Колтуктап келгендердин бири алаканын жайып, “Теңирим жалгасын!” деп бата тиледи. “Теңирим жалгасын!” деп тургандар бир ооздон кайталап, бата кылды.

Мукай көптү туурап алаканын жая, айтканын кайталап “Теңирим!“деди. Эми эмне болот дегендей ортого көзү кадалат. Жылоодо турган ак боз бээни чалып, мууздап жиберишти. Канын ак кийизге чачышты. Тегеректегендер канга боелуп, бир өңүрү мала түс тарткан кийизди тегерете кармашып, өйдө көтөрүштү.

Ак кийизде отурган кишини колтуктап келгендердин бири кийиздин бучкагын мыкчый кармаган тейде, “Өйдө! Өйдө!” деп, үнүн өктөм чыгарып, буйрук берип жүрөт. Өзүнүн тебетейи жөөлөшүп-түртүштө кыйшайып, башынан түшкөнү жүрөт, “Өйдө!” деп, тердеп-кургап кыйкырып жүрөт. Таноолору барбаят.

-Алты кадам басалы!-дешти кийиздин оң өңүрүн кармагандар.
Ал жагы алдыга жүткүндү.
-Алты жолу айланалы!-деди сол өңүрүн тарткандар.
Ал жагы тегеренди. Антишсе, кийиз буралып, отурган киши капталына оодарылып кете жаздады. Ханды кийизге жетелеп келген киши ачуулана түшүп, үнүн бек чыгарып, баарын баштады.

-Ата-бабабыз алты басып айланган, алты кадам таштагыла! Каяктагы жорукту баштаган маанакелер!-деп тилденди.
Отурган киши бир колу менен кийизге коомай таянып, экинчи колу менен тизесин мыкчыйт. Кимдир-бирөө "Атакенин арбагы колдосун!" деп кыйкырды. Көпчүлүк чуулдап, "Атаке! Атаке!" деп ураан таштады. "Атаке!" деген жаңырык кокту-колотту аралап, тоо койнун козгоп кеткендей болду.

Адегенде кошо кыйкырчудай обдулган Мукай оозун жарым-жартылай ачып барып токтонду. Заматта эсин жыя калып, “эл жапырт кыйкырдыбы же жарымы эле кыйкырдыбы?” деп, жакшы ажырата албай, эки жагын каранды. Антмегинин себеби бар эле.

Бир курдай, бир нече жыл мурда көп уруу катышкан ат чабышта башка уруунун ураанын чакырып, күлүк сүрөгөн бирөөнүн "ээрчип кыйкырдың, акмак!" деп, башы кандоого, мүлкү талоонго түшкөнү эсинде. “Башка уруунун ураанын чакырыш уят” дегенди ошондо билген... Мукай кимди ээрчишти билбей турду.

Алаңгыча кийиздин бучкагын кармагандардын бири "Сарыбагыш!" деп кыйкырды. Эл жапырт "Сары-ба-гыш! Сары-ба-гыш! Сары-ба-гыш!" деп, үч ирет жер сабады. Бул ирет элдин доошу бийигирээк чыкты. Мурдагы кыйкырышта көпчүлүктүн эмне деп ураан салганын аңдып, аңдоос тургандыктан Мукай ураандын соң жагына кошулуп калды. Көпчүлүктү туурап, "Сары-ба-гыш!" деп үнүнүн барынча бакырганга үлгүрдү.

Аш-тойлордо элге кошулуп, "Кудаян!" деп ураан чакырып эле жүрчү, бирок, эс тартып, эрешен жеткени "Сарыбагыш!" деген ураанга аралашып көрө элек экен. Мынча көп киши чогулуп, чогуусу менен ураан чакырышын биринчи көрүшү. Кулагына жаңы ураан жаңыргандай сезилди, жашоосундагы дагы бир жаңылык сезилди.

-Жангороз!-деп бакырды бири, -Аталардын урааны “Жангороз” болчу!
“Жангороздоп” чакырган баарынан катуу чыкты.
Мукайдын көздөрү ортодо. Ак кийиз жайылган, ак боз бээ чалынган, топураган эл тепсеп, топурагы чыккан орто ага ордо элестеди. “Кандыктын ордосу ушул жер” деп ойлоду.

Болуш-ыстарчындар тегеректеп, "хан" көтөрүлгөн кишини колтуктап, алтын-күмүш жалатылган токулгалуу атка мингизди.
Төрт аягы тыбырчылап, ойноктогон атынын башын тарткан, колундагы күмүш сап камчысын бүктөй кармаган хан сүйлөдү. Күмүш сап камчысын сермейт. Калк анын оозун тиктейт. Үнү Мукайга үзүл-кезил угулат.

-Ата-бабадан, Адигине-Тагайдан берки, Үчүке-Түлкүнүн чагындагы кыргыздын өз алдынча турмуш жөнү!-деген эле сөздөрү кулакка илинди.
Бүктөй кармаган камчысын кезеген хан:
-Жерибиз, суубуз!.. Тоо-таш!...- дейт.
Мукай Нарботонун жанына жакындап, жакшылап укмакка кулагын төшөдү.
-Сөзү тартымдуу, өзү толумдуу экен! Калкыбыз кандуу болду!-деди Нарбото маанайы көтөрүңкү.
-Орустун маңдайындагы элди, бети ачык элди бек жерге кондуруп, жасооңорду айрыгыла!-деди хан.

"Кан болуму ушундай болот турбайбы!? Ордо күтүү ушундай болот турбайбы!?" деди Мукай ичинде. Хандын турган турушун калаадагы орустун үйүнөн көргөн сүрөттөгү ак падышага салыштырат. Турпаты ак падышадан кем көрүнгөн жок, ашып турду!

Падышаныкындай тегиз өскөн сакалы бар, падыша жылаңбаш эле, бул киши төбөсү кызыл түлкү тебетейчен, падыша жупуну күрмөчөн көрүндү эле, бул киши кымкап жамынган, падыша жыгачтан чабылган отургучта отургандай болду эле, бул киши алтын-күмүш токулгалуу аргымактын үстүндө! Эмнеси Никелейден кем!?

"Сарыбагыштардын Никелейи! Кырк уруу кыргыздын Никелейи!" деди кыялында. Ушинтип, хандын сөзүнөн көңүлү саамга бөлүнүп, кыялга термелип турса, калың элдин катары капысынан тоо көчкөндөй козголуп, тосмону жарып өткөн кыян сымал, алды төмөн карай агылбаспы!

Элдин жабыла "оомийин!" деп алакан жайганын көзү чалды, жанжагын каранганча, аттарынын куйругун түйүп, ары-бери ойноктоткон, колундагы бар куралын кезенип, урунаарга жоо таппай колоктогон, баятан каны кызыган жигиттердин көз ачып жумганча куюндай удургуп, чаап жөнөшкөнүн бир байкады.

Хандын "кыштактарга ат коюп, өрттөгүлө!" деген буйругун Мукай укпай калган эле. Эми эле жанында турган Нарботону таппай адашып, алыстан, бир-бирине урунган туулардын арасынан кудаяндын боз ала туусун тааный сала, атынын оозун агытты.

Чаап бараткан аттардын калың дүбүртү, артта шыкалып, жол талашкан аттардын азынап-кишенегени, айгай салган адамдардын чуусу аралашып, кулакты тундурат. Кимиси “Жангороздоп!” кыйкырып, кимиси “Кыргыздап!” кыйкырып, дагы бири “Атакелеп!” айгайлайт. Ушул чуунун ичинен "Токмокту, Токмокту алабыз!" деген үндөр угулат.

Ал үндөр улам катуулап, “Токмокту, Токмокту өрттөйбүз!” деп жаңырат. Чүй боорундагы жайнаган калаа-кыштактын ичинен Токмокко элдин өчү өзгөчөдөй сезилет, каңдалган калай чатырлуу, шоңшойгон мунаралуу, анысында кулак тундурган коңгуроосу асылуу чиркөөсү бар, орусу артыкча көп Токмокко ушунча киши өчөгүшүп алышкан...

Кара таандай каптаган атчан кыргыздар жел менен теңеше жел болуп, чаап баратса, “Токмокту алабыз!” деп тамактары айрылганча айкырып, айгай салып баратса, “күлүн сапыралы” деп чуу салып баратса, Мукайга жомоктогу окуялар кайталанып жаткандай туюлду. Мынабул эл жомоктогу жоочул кыргыздын жолоюна түшкөндөй, жомок чын келгендей туюлду.

“Токмок!” деп чамынышса, Бээжинди беттеп, самсый чабышкан байыркы бабалары элестейт. Токмоктун тосу чыгары, күлү көккө сапырылаары элестейт. Айылды аралап калчу манасчыдан укканы эске түшөт.
“Туулар тууга урунуп,
Туташ кыргыз аттанды,
Өлүмгө башын байлаган,
Өңчөй кыргыз аттанды”,- деп куудай сакалы көкүрөгүндө жайкалган манасчынын жанын сабап айкырып, кара жини кармаганда улага-төрдүн ортосунда чимирилип, көзүнүн жашын төгүп ийчүдөгү күнү ушундайчада болот тура” деген ой келет.

Чоңдордон калбай Мукай чаап барат, алиги манасчынын кара жинине арбалгансып, чоңдорду туурап, “Токмок!” деп кошо үн салат. Үнү кардыкпай бек чыгат. Орусту беттеп аттануу чоң казат сымал туюлат. Чоң казатка катышып жаткандай туюлат!

Токмоктун үстүндөгү тоом жолдун айрылышынан эл экиге бөлүндү. Бир канаты калааны көздөй агылды, калганы приставдын үйү турган чоң кыштакка кайрылды. Бир топ туунун арасында кудаяндын туусу приставдын үйү турган кыштактын жолуна бурулду.

Тааныш жол. Айрыкча кудаян болушуна тааныш жол. Кыштакка түшчүдө далай бастырган, көлүкчөн дагы, жөөчөн дагы далай өтүшкөн, эни орус араба кенен батканчалык жол. Ушул жол менен баратышып эгинди тебелетип албайлы, мужуктун каарына калбайлы дешип, аттарын аяр бастырып, кыштакка чебердеп киришчү эле. Ушул жол менен Камбар болуш далай ирет приставка түшүп, Мукай окууга каттачу...

Атчандар азыр жолго батпай тыгылып, жол талашып жулунуп, аты тыңдары аң-кемерди аттатып, эгини көйкөлгөн талааны тебелете чабышты.
-Биристабдын башын алабыз! –деп кыйкырышты.
Мукай таң калды. “Атам биристаб-бай менен тамыр эле! Бүтүн бүлөөбүз менен биристаб-байга жоо болдук!” деген ой келди.

Демейде кыштак дүпүйүп көрүнчү эле. Приставдын үйү турганданбы же Токмокко жакын жайгашканданбы, айтор, сүрдүү көрүнчү эле. Азыр, кыргыздар жула тартчудай жабыла чабышса, жакындаган сайын жайыла чабышса, тебелендиде калчудай өңдөнөт.

Ат чабым аралык калганда чиркөөнүн коңгуроосу ачуу кагылды. Чиркөөнүн мунарасында эртеден бери коңгуроонун таягын кучактап, кашкулактай кулагын түрө, каяктан чуу чыгаарын тыңшап, теребелди тирмейе тиктеген монах кырдан атчан кыргыздардын карааны кылайар замат талмасы кармаган немедей коңгуроону каккылады. Жан далбас ура каккылады. Кыраңдан кыргыздардын карааны эмес, кыямат кайым кылайгансып каккыласа, коңгуроо ачуу безеленет.

Мукайдын билишинде керели кеч чиркөөнү айланчыктап, тапырап жүргөн уландарды “инок” деп коюшат. Белинен курчанып, этеги жер чийген чапаны болот. Ошолор кезектешип, адатта коңгуроо какчу эле. “Ошолордун бири го?” деди.
Коңгуроонун доошу кыргыздарга долу чыңырыктай угулду. Кычуусуна тийгендей кыжырлары келди.

Жалгыз Камбар болуш сестенди. Пристав ээн-жайкын каптап келаткандарды карап тургандай, баштап келаткандарын эсепке алып, байкап тургандай, аң улоого чыкчуда асынып алчу кош оозун белендеп, алдыда келатканын өзү атып жыкчудай, корунду.

“Жанында жасоол көп эле, бузуктардын жазасын бербес бекен? Элиңди токтотуп калбапсың деп кыйыктап, аттырып жиберээр?” деп коркту. “Калыбек карыя жетти бекен? Арызымды берди бекен?” деп толгонду. Ушул ойлор басканда, кайратынан жанып, атынын башын тарта чапты. Кокустан пристав карап турса, көзүнө илинбей калчудан бетер, беш-алты атчанды алдыга өткөрө чапты. Уулун издеп имерилди.

-Мукай!-деп кыйкырды- мага жакын чап!
Кыргыздар кыштакты куушуруп калган чакта алды жактан “Атыңардын башын тарткыла!” деген буйрук угулду. “Токтогула! Токтогула! Атыңардын оозун тарткыла!” деп чурулдашып, артта келаткандар аттарынын оозун дароо тарта албай, туучандардан өтө чабышып, удургуп барып, араң токтошту.

Чиркөөдөгү коңгуроонун жаагы тыйылып, кыштак жакта саамга тынчтык. Сакалдары бапсайган топ орус ак желек асынып, жөө утурлай келатышыптыр. Тээ артта, кыштактын четиндеги алышты бойлой тигилген кыркалекей теректердин, көк талдын чырпыгынан тартылган кашаалардын далдаасынан орустар шыкаалайт. Эркектеринин бир канчасы мылтыктарын, арасында кош оош мылтыктарын сундура кармап, калганы кары-жашы, катын-калачы дебей аралаш айры кезенген.

-Элчиси келатат! –деди кыргыздар.
Орустар атчандарга жетпей, ортолой келип, билген бирөөсү:
-Киши жибергиле! Сүйлөшүү керек!-деп кыйкырды.
-Эмне дейт?!-айбалтасынын уңгусун узун кармаган баштык барк этти, -Орусча тил билгениңер, барсыңарбы?
Катар турган баштыктар Камбарды түртүп:
-Балаңды чыгарып, сүйлөштүр, -дешти.

Мукай алдыга чыкты. Айрынын сабындай узун таякка ак желек асынган орустардын бет маңдайда турганын көрдү. Өңү-башы тааныш орустар. Бир-экөөн даана тааныйт. Кыргыздар өз арада “каапырдын тилегин тилеген узун чапан Мукайыл” деп урушкан, орустар “отец Михаил” деп коюшкан поп бар, ошол жүрөт. Калганы мужуктар. Орустар желекти булгалап:

-Киши жибергиле! Сүйлөшүү керек!-деп жабыла кыйкырышты.
Мукай которду. Баштыктар тегеректей тура калышып, баш кишилерден сүйлөшүүгө шайлашты. “Кыштакка көп түшүп, орусту билчү элең” деп жаалашты эле, ичинен кыңырылганы менен Камбар болуш “аный” дей алган жок. Алты кишини шайлашып, ак желек сунушту. Ошончодон ак желек Камбардын колуна тийди. Тилмечтин ордуна жүргөн Мукай жетинчиси болуп жандап, мужуктардын бет маңдайына желдире басып келишти.

-Каякка баратасыңар?-деди отец Михаил.
-Оруска жоо болдук. Кыргыздан салдат алмак болуптур, эл түрө чогулдук, балдарыбызды бербейбиз, андан көрө орус менен урушабыз деген сөзгө бекидик,-деди кыргыздардын бири.
Мукай которду.
-Биздин эмне ишибиз бар? Биз эмне кылышыбыз керек?-деди отец Михаил.

-Силер биздин жакшы жерлерибизди тартып алдыңар, кыштак түшүрдүңөр, өзүбүздү тоо-ташка айдап салдыңар. Биздин талап - кыштакты бошотуп чыга бергиле!-деди кыргыз.
Көздөрүн үңүрөйткөн орустар баштарын чайкады.
-Жерибизден кантип чыгалы? Жер биздики! Бошот дегениңер падышанын мыйзамына туура келбейт,-деди мужук.

-Биз падышанын амирине каршы чыктык. Урушка бел байладык,-деди кыргыз.
“Падышага каршы чыктык деп, келжиреген немелер го” дегендей орустар кыргыздарды таң кала тиктешти. Чала түшүнгөн бирөөсү:
-Вы идете воевать против царя?- деп, кайталап сурады.
Мукай кыргызчалады.
-Силер падышанын элисиңер. Биз падышага, жалпы оруска каршы козголдук. Кыштакты алганы келдик, жаныңардан түңүлүп, жан соога десеңер, көчүп чыга бергиле. Токмокту көздөй жолду ачып беребиз,-деди кыргыз.

-Силер деле падышанын букарасы эмессиңерби!?
-Жок, биздин өз падышабыз бар. Кан көтөргөнбүз, каныбыз бар, каныбыздын буйругу. Кыштактан чыккыла!- деди кыргыздар.

“Каныбыз бар” деп компойгон кыргызды орус акылынан адашкан кишидей карады.
-Бизде мылтык бар! Кыштактын эли атышууга камдуу,- мужуктардын бири арт жагын карап койду,- Анан калса пристав Токмоктон жардамга аскер аттандырмакчы. Бөөдө кан төгүлбөсүн!

“Бристаб Токмокто болсо, анда Калыбек арызды колмо-кол тапшыра албаптыр” деп баамдады Камбар болуш. Анан, “Токмоктон аскер аттанатты” укканда, жанындагылар тайсалдайт го деп ойлоду. Сөз сүйлөөгө шайланган кыргыз сөзүн улантты:

-Токмок азыр камоодо! Сарыбагыш, Атаке, Шамшы элинин теңинен көбү Токмокту камалап, ана-мына алабыз деп турушат!
Токмоктун камоого алынганын укканда орустар унчукпай калды. Өз ара кобурашып туруп, жообун узатты:
-Андай болсо, биз артка барып, эл менен сүйлөшөлү. Анан жооп берели.
Кыргыздар макул табышты. Орустар кайрыла берээрде Камбар болуш сурап калды:
-Кыштакта кыргыздардан барбы?
-Бар.
-Кыргыздарды токтоосуз чыгарып бергиле!-деп кыйкырды кыргыз.
-Кыштак ичи менен кеңешели!- деди мужук кайрылып басып баратып.

Мужуктун “кеңешели” деп күңк эткени Камбарга шектүү угулду. “Барымтага алып, өз баштарын куткаргысы келгениби же өчөгүшсөк өлтүрөбүз дегениби?” деп түкшүмүлдөдү.
Сөз бүттү. Орус менен жай сүйлөшкөн акыркы сөз. Камбар болуш ак желекти түрүп, ээринин кашына кыстарды.

Текирең-таскак салган элчилер кайрылып келгичекти, эмне сөз болгонун уккучакты, күтүнгөн элдин чыдамы түгөнүп, “өлгөнү жаткан орус менен сөздү бачым бүтүрүшпөйбү” деп нааразы экен.
-Кыштакты бошотуп, чыгып кеткиле дедик. Токмоктон аскер келет имиш. Токмоктон жардам жок, калаа камоодо жатат дедик. Атышабыз деген ойдо окшойт, Токмокту угушканда, ойлонуп калышты. Кеңешкени кайра кыштакка киришти,-деди кыргыз.
-Адам-ээй! Атышабыз деген ойлору бар бекен!?-баята, Мөкүштү “хан” шайлаардан мурда, майда кыштакка кыйсыпыр салгандары эстеринде, ошого дале эрдемсип турган кыргыздар сөгүндү.
Бээ саам убакыт өттү, кабар жок.

-Өрттөш керек, жер менен жексен кылыш керек!-деп кыйкырды кыргыздар.
Калың элдин каны кызыды. Кызыган бирөө тим туралбай “Курманкожо-Кулжыгач, барсыңарбы!” деп бакырды. Эл “чуу!” дей түштү. «Шамшыны ашып Жумгалдын саяктары келгенби, алар каяктан жүрөт?» дегичекти болбой, четтеп турган кыргыздар четинен бөлүнүп, кыштакты көздөй ат коюшту. Айгайлаган бойдон кетишти. Курманкожо-кулжыгачы кеттиби, башкалары аралашып кеттиби, көпчүлүктө билинбей калды.

-Кантет! Элчилеринен кабар күтөлү!-дегенди угушкан жок.
Камбар болуштун кулагына “Кудаян!” деген кыйкырык шак этти. Баамында, Нарбото өңдөндү. Атынын башын кое бергендер арбып, аялдагандардын арасы сээлдеди. Камбар болуш дагы атынын башын агытты.

...Бал челекчилер, эгинчилер өлүптүр, чөбүн чапканы, малын айдаганы чыгып кеткендер өлүптүр деген суук кабар кыштактагы орустарга чагылгандай тараган. Момунсунган кыргыздын мойнуна ажына отуруп алгандай угулган. Тегин өлтүрбөй, терисин сыйрып өлтүрөт, тим өлтүрбөй, тирүүлөй кескилейт деген каңшаар тарап, жүрөктөрү өйүгөн.

Жакын арада Алматыдан же Токмоктон жардам болоорун кудай билет. Тоо арасы алеки заматта өөн сезилип, өчөгүшкөн кыргыздардын камоосунда калышканын эстешип бир сыйра эстери чыккан. Мал-мүлктү таштап Токмокко качып чыгуу кыйын. Бир гана арга-кармашуу. Кайраттуулары чыгып, бар куралды жыйып, түнү бою кармашууга камданышкан.

Эми, эртеден кыргыздардын чогулганын көрүшкөндө, качан кол салышат, качан башталат деп күтүнүп жатышты эле. Аңгыча кыргыздардын айгайлаган ызы-чуусу чыкты.
Карашса, найзаларын сундуруп, чоюнбаш, союлдарын кезеп кыргыздар чаап келатат. Атчандар жакындай бергенде мылтыктар катар-катар атылды, алдыда келаткандар боо түштү. Атчандардын тайманчу түрү жок. Өлгөнүнө карабай, өлөрүнө карабай күүсү менен келип, кыштакты аралап кетишти.

Орус десе оолугуп турган немелер эми минтип алардын ок менен каршы алгандарына ого бетер жандары кашайып алды. Айры менен тап берсе, ансайын арданды. Көптүккө салып, көзүнө көрүнгөн орусту кууп жетип, уруп жатты, найза учуна салып, сайып жатты. Мылтыкчан орустар короо аралай качышты. Кыргыз сая кууп алган. Мылтыгын кезеген орусту көрсө, алыстан найза менен жаа аткансып уруп жатты, октогону жатканын көрсө, атына камчы басып, орустан мурун октонуп, озунуп жетип союл менен салып жатты, айрычанын көрсө, чолу баш менен койгулады...

Кары-картаңдар, катын-калач, бала-бакыра чуру-чуу түшүп, там айлана чуркашты, короо аралай чуркашты. Качып жүрүшөт, “боже мой, кыргыздын колуна тийбегей элек, көзүнө көрүнбөгөй элек!” деп жан айласын издешет.

Топ орус кыштактын четинен чыгып, көкүрөккө жете көйкөлүп, тебелене элек эгинди аралай качышты. Атчан кыргыздар чоңураактарын эгинди аралай кууп, жеткенин жеткен жерден өлтүрдү, эгинди сойлоп кеткендери болуптур, алардын жойкундуу изине түшүп, тапкан жерден өлтүрдү.

Токмоктон жардамга аскер келеринен күдөрүн үзгөн, жапайылыгы ойгонгон кыргыздан жакшылык күткөндөн түңүлгөн кыштак элинин бир бөлүгү жан соога издеп чиркөөгө корголоду.
Акыркы арга чиркөө сыяктанып, чиркөөнүн карагайдан чабылган каалгаларын ичинен жамынып, эми кудайдан айла күтүштү.

Алтарьда турган отец Михаил, узун чапан Мукайыл жоон жана коңур үнүнө салып, инжилдин саптарын кырааты менен ырдайт. Колуна икона тийгени икона, крест тийгени крест көтөрүнгөн чиркөө окуучулары анын артынан кайталап, кудайга жалынат. Альтардагылардын ыры коргологон элдин ыйы менен аралашып, чиркөөнүн ичи акыр заман алдындагы алаамат кейиптенет.

Катындардын ичинен кайраттуу бирөө кыйкырып, ошол акыр заман алдында акыркы сөзүбүздү айтып калалы, жашоодо жазып-жаңылган болсок, кудай астында кечирим сурап калалы дегенсип, отец Михаилден “Кудай Эненин урматындагы акафист оку!” деп жалбарды.

Отец Михаил дароо акафист айтууга киришти. “Үмүт жолунан адашып турган чакта жүрөккө сүйөнүч ыроологонум, мүңкүрөгөндөрдү Сооротуучум, шаттан! Момундуктун жана сабырдуулуктун азыгын ыроологонум, шаттан! Карып болуп, кайгы-муңга алдырып, чарчоого бастырып турган чакта жарпыбызды жазганым, шаттан! Биздин кубаныч-сүйүнүчүбүз, биздин...”.

Ал ушинтип турганда улуу-кичүү текши тизелеп, акыркы айып-армандарын жашырбай төгүп, жеңилдик көксөшөт. Ушул ыйык жайдын ичинде көп эле чөгөлөшүп, ыймандай сырларын далай ирет төгүшкөнсүдү эле. Тирүүчүлүктүн өйдө-ылдыйында кетирген күнөөлөрү үчүн далай кечирим сурап, далай айыптарын ачышкансыды эле! Бетке чүркөө кайсы күнөө ушул чиркөөнүн ичинде айтылбай калды!? Кайсы күнөөсү билинбей, кайсы айыбы айтылбай калганы үчүн Кудай ушул жазыкты башка салды!?

Көз жаштарын көлдөткөн орустар көрүбүзгө ала кетмек белек дегендей жумуруна каткан акыркы сырларын, көгөрүп айтпай келген сырларын агытты, мурда кулак укпаган, бир кудайдан башкасы туйбаган сырлар төгүлдү... Бири уурулукка барганын, бири өтүрүк сөз айтканын, бири көрө албастык кылганын, ичи тардыкка алдырганын айтат. Бири коңшусунун аялына асылганын, бири урушта жүргөн күйөсүнүн көзүнө чөп салып, коңшусунун койнуна жатканын, бири азгырык айдап этегинен жаңылганын, никесиз төрөп алганын айтууда. Айтып калууга ашыгууда...

Өз айыбын өзү ачып, кечирим сурагандардын арманын уккан отец Михаил өзүн жалаң күнөөкөрлөрдүн арасында тургандай сезип, заманасы куурулду. Жер бетиндеги тозокуда отургандай сезип, өз күнөөсүн эстеп көрдү...

Армандаган ошончо үндүн арасынан бирерлеринин кыргызга кылган кыянаттыгын айтып, ый аралаш аптыкканы угулат. Жанына күч келген бирөөсү илгери бир жайчылыкта жолдон чыга калган кыргыз чалдын башын кыя кесип алганын, көсөө ээгинен жыра көзөп, канжыгасына илип алганын эстеп ыйлады. “Жараткан! Жазыгы жок байкуштун башын кесип алганым кылмыш турбайбы!” деп өз башын өзү ургулады.

Сыртта атчан кыргыздардын кыйкырыгы жакындайт.
Катын-калач какшанып, бала-бакыра уңулдайт. Чокунушат. Орустун кудайы өзү асмандан түшүп келип, Токмоктун кашында көчмөндөрдүн тепсендисинде калган, ушул саамдарда унутта калган чиркөөгө өзү түшүп келип, көздөрүн тиктеп тургандай жалбарат. “Жараткан кудай, жаныбызды алып кала көр! Тилегибизди кабылдап, күнөөбүздү кечире көр! Бөөдө өлүмдөн сакта! Кыргыздардын колунан кыргын тапкандан сакта!” деп жалбарат.

Кудайдан жооп жок. Алтарьдын ары жагында тургансыган пайгамбарынан дабаа жок. Тетирисинче, жан алгыч келгенсип, жандарын сурап келгенсип, эшикти каккылагандардын дабышы катуулайт.
-Ач эшикти, каапыр!-деп, ач-айкырык салып, чиркөөнү айлана чуркап, тапырашат. Акыры эшикти жара тээп, кирип келишти.

Чепкендерин коломочтонуп кийинген, найза-кылычтарынын учу, союлдарынын башы канга боелгон кыргыздар-демейки кыргыз эмес. Көк жал көздөнүшүп, көк жал өңдөнүшөт. Боз балдары көбүрөөк экен.

Алдыда келаткан Нарбото айбалтасын жалаңдатып, кылчактабай, түз эле алтарьды көздөй атырылды. Сүрүнөн жалтанган отец Михаил менен иноктордун оозунан келмеси түшүп, крест-икондорун баштарына калкалай, бурч-бурчка тыгылды. Качанкы балта чабарлардан калган айбалта-коросон айбалта эле. Бир шилтегенде отец Михаилдин инжил кармаган оң колу чыканак туштан үзүлүп, колу бир бөлөк, инжили бир бөлөк ыргып кетти. “Ай!” деп ачуу чыңырып, жан ачыткан оорудан эстен тана жаздап, үзүлгөн жеринен шоргологон канын бууп калчудай, сол колу менен чолок каруусун бекем мыкчымакка эңилип, эки бүгүлө бергенинде, керилип туруп, айбалтасын шиледи эле, башы ыргыды...

-Ал эми, жигиттер, ана башын жайлап бердим!-деп кыйкырды Нарбото.
(Ушул окуядан кийин “узун чапан Мукайылдын башын жулган Нарбото” деген аңыз тараган).
Поптун ит өлүмүн көргөн иноктор жапырт тура калышып, чалынып калбаска узун чапандарынын этегин түрүнө сала, өкүргөн бойдон чиркөөнүн эл коргологон жагына өтө качышты.

Дүрбөлөң түшкөн орустарды аралай кууган боз балдар эрезе жашынан өйдө эркектерин терип, инокторун баш кылып сайгылап, кылычтап жүрүшөт. Доңуз айбат көрсөтүп, жулунумуш эткендерин өбөктөтүп союшту. Жан соогалап жалбарган аялдары эркектерин арачалап калмакка жакага жармашат, “тур нары, мастен!” деп түртсө, чыңырып барып аякка жармашат...

Эркектерин түгөл чаап болгондо, шыйрагы салаңдаган түтөтмөсүн туурасынан сунган бирөөсү “Чыккыла!” деп кыйкырып, мээлебей туруп милтесине от койду. “Чарт!” эткен учкун чачырап, “тарс!” эткен доош кулак тундурду. Аялдар менен балдар жайнаган өлүктү андан-мындан бир аттап, “упаси, боже!” деп, чурулдаган бойдон сыртты көздөй чубурду.

«Жоодон катын олжолоп алчу» дегенди уккан кыргыздар «орустан катын олжоломок ушундай тура» деп, аялдарга чап салды. Ошондо Нарботонун узун мурут дүкөнчү орустун ак кызын ач билектен алганын Мукай өз көзү менен көргөн, “абам токолдуу болду” деп турса, жандай өткөн бирөөсү ыйыгынан таптап, “жеңелүү болдуң” деп ыржайган.

Талашып алчудай болгон бирөөлөр Нарбото ээрчиткен кыздын жылаңач жумуру билектерин кошо кармашып, соорусунан сылагылап, кошо кынаша-жандашып, колтугуна кол салышканы жүрөт.
-Тарт колуңду!-деп Нарбото тап берип, бөлүп кетти.
(Кийин, “Ноктолуу тору минген Нарбото эми орустан токол алыптыр” деген кеп тараганда, ушул окуяга өзү күбө болгонун, олоң чачы соорусуна түшкөн, көздөрү көк орус кыздын “Мама!” деп бир кыйкырганга араң жарап, алп мүчөлүү абасынын кучагында калганын эстеп калаар эле).

Кыз-келинди талашып жатышканда кимдир бирөө чиркөөгө өрт койду. Чиркөөнүн карагайдан чабылган жыгач-ташы карамай бүркүп койгондой, жалбырттап берди. Буранадай болгон мунарасы алоолонуп, жалыны андан ары асмандайт. “Кийин болгула! Кийин болгула, балдар!” дейт тапыраган кыргыздар. Түркүк-тирөөчү чычала болуп күйгөндө, мунара бир капталына көмөлөнүп, жерге “күр” деп кулады. Күлү сапырылды. Жез коңгуроо “күп” этип, кошо кулады. Жерге урунганда «каңк» эткен гана доош чыкты. Карап турган кыргыздар орустун ордосун уратышкандай кубанышты. Бир чурулдап алышты.

Ар кайсы кычыкты тинтишип, жашырынган орустарды издешти. Ошончонун ичинен Чоңколду издегендер көп. Аны баягы оруска малай жүргөн кыргыз таап өлтүргөнүн көпчүлүк табалап, карап турду. Аюудай олбурлуу Чоңкол адегенде маңдайынан чыккан чыканактай кыргызды “көтөрүп жерге жанчайын, көрүмө ала жатайын” деп ойлосо керек.

Коенчугу кармагандай акшыңдап, коңулдан жөн чыкпай, “киргиз!” деп сөгүнүп, колун сермей бергенде, чолу башын шилтегенге үлгүрбөй калган кыргыз колойгон неменин колтугуна “лып” кирип, белинен алды. Карып түрдөнгөнү менен каруусу казык, сөөгү чулу окшобойбу, Чоңколду торой чалып, жерге урду, кежиге тушка чолу баш менен бир салды.

(Ошондо, жамакка уста бирөө санын чаап, Жолойдун жыгылганын көргөндөн бетер кубанып:
Тоодой болгон Чоңколду,
Томуктай кыргыз оңторду.
Чоңсунуп жүргөн Чоңколду,
Чордуу кол кыргыз оңторду, – деп, дагы-дагы бир далай ырдап, бастырып кеткен).

Ошол маалда приставдын үйү талоонго түштү. “Короосунда далай болгон үй эле” деп Камбар болуш бастырып барганында, “жакын жологондон айбыкчы элек, эмнеси бар экен ичинде” дешип, кыргыздар үйдүн ичин үч көтөрө аңтарып, урунууга эп көргөн оокатын талап жатышкан экен. Элден мурда жеткендери байлоодогу зоот аттарын энчилеп, кийин калганы оокатын-ташын талап жатышыптыр.

Бирине чалгы сонун көрүнүп, бири балта тийгенине сүйүнүп, биринин олжосу идиш-аяк, бириники-май чырак, дагы бириники – жез турнабай, деги койчу, колго илингенин таламай. Далайы кызык үчүн баш багып, “там үй, ысык үй кандай десе, туурасынан бөлүнүп, думбаланып жабылганы болбосо, кадимки эле коргон болот турбайбы, кокуй! Төрткүлгө камалып, тумчукпай кантип жашайт?” деп таңыркашып, жерге төшөлүү тактайын тепкилеп, дубалын ургулап, төрүнөн өйдө тебелеп жүрүшөт.

-Калыбек абамды карагыла!-деди Камбар болуш жигиттерине.
«Тааныш үй эле» деп Мукай дагы баш бакты. Оозку үйүнөн аттап өтүп, түз эле төркү үйүнө баш бакты. Пристав кучактап отурчу жыгач эмерек экиге бөлүнүп, тарткычтары чачырап жатат. Тарткычтар менен кошо ыргыган кагаз-кугазы, сүрөттөр сапырылат. Солдаттыкка алынчулардын тизмеси дешкенби же ошого тиешелүү дагы бир оокаты деп ойлошконбу, айтор, кулач-кулач кагаздар эндей-эндей айрылган.

Жакшылап караса, тытылган кагаздарга аралашып, Иса пайгамбардын жалооруй карагансыган кебетеси түшүрүлгөн икон жатат тебеленип, иконго чапташып падышанын сүрөтү жатат. Тузем мектебине окууга түшчүдө көргөн, айылга жомок кылып айтып барган, Карагыз апасы ырым кылган баягы сүрөт. Кимдир бирөө билгенден жулуп ыргыттыбы же билбей жулуп ыргыттыбы, айтор, жыгач калыбы кайрылып, бетинде өтүктүн изи балчаят.

-Падышанын сүрөтү!-деп кыйкырды Мукай -Никелейдин сүрөтү эмеспи мынабул!
Кулагы чалгандар тык токтой калышып, “канакей, каапыр?” деп, сапырылган кагазды кайсаңдай карашат. Мукай эңкейип жерден алгычакты, колундагы олжосун кое салган бирөөсү “ушубу?” деп келип, сүрөттү өчү бардай тебелеп, тепсеп калды. Көкшаал өтүгүнүн чыла баскан өкчөсү менен өчү бардай тебелейт. Падышанын кыркма сакалдуу бети түшкөн тушту басып, тумчуктура баскансып, өкчөсүнө жармашкан чыланы падышанын тумшугуна тыгып жаткансып, чын падышанын үстүнө чыгып алгансып тебелейт....

“Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба!” деген эски сөздү эстеп, айрыкча Карагыз апасы, Калыбек абасы сындуу карыялар көп айтчу накылды эстеп, Мукай сыртка бет алды. “Приставды ээрчий келген сүрөтчү төрө сүрөтүбүздү тартты эле“ деп ойлоду басып баратып. Сыртка чыкса, атасы:

-Бакты тинткиле, сарайды аңтаргыла?-деп, айылдын жигиттерине ат үстүнөн кыйкырып, Калыбекти издетип турган экен.
“Болуштун арызын бергени ушул эле жерге келмек” дешип, жигиттер приставдын короосун тинтишүүдө. Мал сарайын тинтишти, калың багы бар эле, аны тинтишти. Чөпкө көмүлгөн экен, өлүгүн чөмөлөнүн арасынан табышты.
-Жутту эле жутту!-деген айкырык угулду адегенде. Калыбектин жакын туугандары эле.

Жетип барып карашса, айры жеген кекиртеги айрылып, өнө бою кызыл жаян кан жабылып, айтылуу Калыбек жатат суналып. Сакалынан бери канга боелуп, тулку боюнун соо жери жоктой.
-Кайран киши! Далайды тамшандырган, Ормонду көргөн киши эле!-деп кайгырышты тургандар.
-Кудаян баласынын ушул согушун көрбөй кетти, жарыктык!-деп армандашты.

Ормон хандын согушун көргөмүн, Ормондун заманындагы кыргыздын жоокердигин көргөмүн дечү эле. Ал заманда Токмок калаанын орду сары талаа, ошол талаада казак менен кырчылдашып, Ыргайты менен Кордойду ашыра, Моюнкумдун куу талаасына “тателетип” киргизе кууганын көргөмүн дечү эле. “Кан ичер кыргы-ыз, чабышта өлгөн эр-азаматтардын кайгысы деп колго түшкөн казактын далайын бышып, канын үч ууртаган кыргызды көргөмүн” деп айтчу.

Кенесарыны көргөмүн, кыбыланы баштантып туруп, башын кыя чабышканын көргөмүн деп айтчу. Чурулдаган кемпир-кезек жулунган башты эркектерден жула талашып, кулак-мурдун кескилеп, жулмалап болгондо чоюн казанга салып, үстүнө алыштагы суудан жаба куюп, астына куурайдан тындырбай калап, кайнатканын көргөмүн деп айтчу. Ошондо, тогуз жаштамын, боркулдаган казандагы куубашты куу таяк менен илип чыгарып, куржунга салып кетишкен дечү эле. Ал заманды анчалык эч ким айта алчу эмес эле!

Мукай очок тегеректеп отурчудагы узун кечтерди эстеди. Отту калап, очокту тегеректеп отурчу узун кечтер. Карыянын оозун тиктеп, “Ормондун өзүн көргөм” десе, сөзүнө муюган эл өткөн заманга көчүп барышкан сыңары эстери ооп, улутунуп алышып, “Ормондун өңү кандай эле? Баланча баатыры кандай эле? Ким түспөлдүү эле?” деп жаалашып, качанкы өткөн кишилердин өңдөрүн көз алдыларына элестеткилери келгендей көздөрүн жайнатып калышса, Мукайга сүрөт сурашкандай туюлчу. Калыбек карыя ушунун баарын жадабай айтып отурса, көз алдыга элестеп, көкүрөккө жат болуп калаар эле. Сөзмөрлүгү жанда жок неме сөзү менен элес тартып берчү эле...

Карыя ушунусу менен Мукайдын эсинде калыптыр.
Калыбектин туугандары “жутту эле жутту!” деп өкүрүп, сакал-муруттарын жулуп, кимге “чап” салышаарын билбей чамынышат дале. Камбар болуш өзүн айыптуу сезип кетти. “Мечит жагын катуу айтты эле, жарыктык! Ынтымак жагын бек айтчу эле жарыктык!” деди ичинен.

Чиркөөнүн өрттөнүшү аз көрүнүп, кудаяндын боз балдары эми жанаша турган үйлөргө чуркашты. Чычала ала чуркашты. Саман жамынган үйлөрдүн чатырлары тамызгыдай чачырап, короо-сарайларга, үйүлгөн кургак чөпкө жалмашты. Бүтүн кыштак жалбырттап, жалындын тили этек-жеңге жармашчудай болуп, көк түтүн тумчуктуруп, тирүү жан тура алгыс.

-Жал-куйругубуз аманда чыгып кетели!- дешип, кыргыздар өлгөндөрдү артынып, туткундарды, олжого түшкөн малды сүрө айдап, кыштактан шашылыш чыгышты.
-Кызыл уук кылдык орусту!- деп коюшат.

Коңгуроосу жок дегенде күндө бир маал безеленип турчу кыштактын үстүнөн эми чочко-торопойдун беймаал чыңырганы угулат. “Арам” деп алынбай, журтта калган чочко-торопойлор үйлөрдү айлана чуркап, көрүнгөн коңулду бир сүзүп, өрт аралай чуркап, айбандан башкача чыңырат. Оттун ортосунда калып, айлан-көчөк атат. Тозоктун отуна куйкаланган азезилдин чыңырганын угушкансып, кыргыздар:
-Үнүң өч! – деп, анда-санда кылчайып коюшат.
Кыргыздар андан ары жөнөдү. Эми, Токмоктун чоң коңгуроосун кыйратканы кетишкен кыргыздарга кошулганы жөнөштү…

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат