Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 26 Май, 2010 14:59 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Эл партиялардын лидерлерин гана билет
 
"Кыргыз Туусу" гезитинин баш редактору, Кыргызстандагы саясий партияларды изилдеп жүргөн адис Бакыт Орунбеков менен маек.

Би-Би-Си:
Эл партиялар тууралуу канчалык кабардар?

Бакыт Орунбеков:
Азыркы бир жылда кыргыз оппозициясында жүргөн саясий партиялардын күрөшүнөн улам эл 4-5 гана партияны билет, а Юстиция министрлигинде 105 партия каттодон өткөн.

Би-Би-Си: Азыркы учурда кайсылары жанданууда?

Бакыт Орунбеков:
Эми, акыркы күндөрдө эле 2-3 партия жаралып жатат, дагы жаралат. Кыргызстанда партия түзүүгө мыйзам, Конституция жол бергенден кийин андай күрөштөр болуп жатат.

"Кыргыз Туусу" гезитинин баш редактору
 Эл партиялардын лидерлерин жана аттарын гана билишет. Партиялардын программаларынын айырмачылыгы, кандай концепцияларды сунуштаганын, келечекте кайсы партия алдыга чыгаарын эл айырмала албайт
 
Бакыт Орунбеков

Би-Би-Си: Кыргызстандагы партиялардын айырмасы эмнеде?

Бакыт Орунбеков:
Партиялардын программалары, иштөө аракеттери бар, бирок жалпы элдин пикири менен эсептешип келгенде эл партиялардын лидерлерин жана аттарын гана билишет. Партиялардын программаларынын айырмачылыгы, кандай концепцияларды сунуштаганын, келечекте кайсы партия алдыга чыгаарын эл айырмала албайт. Партияга дагы лидерине карап киришет.

Би-Би-Си: Партияга лидерине гана карап кирүү шайлоого, партиялардын күрөшүүнө таасир этеби?

Бакыт Орунбеков:

Албетте, таасир этет. Референдумдан кийинки парламенттик шайлоо Кыргызстанда жаңы шайлоо болот, ачык, демократиялуу шайлоо болот деген үмүттөр бар. Ошондуктан партиялар мындан дагы көбөйүп, күрөшкө чыгып жатат.

 
 
телефон Телефон
сүйлөшүүлөрүн эл эмне дейт?
 
 
Бишкек Партиялардын бир биринен айырмасын билесиңерби?
Айырмасы эмнеде?
 
 
Жаңы конституциянын долбоору жарык көрдү Жаңы конституциянын
долбоору жарык көрдү
 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат