Атайын сулууланган, бомба курун курчанган кыз-келиндер

Жаш кыздар топтошкон элдин арасында өзүн жардырууда.

Фалмата баштан аяк жасанган. Анын тырмактарындагы боёкко башкалар суктанууда.

Боёк кургагыча, Фалматанын чачы жасалгаланат. Тарактын күчү менен тармал чачтары түздөлүүдө.

"Биз чачыбызды каалагандай жасатып, каалаган боёкту дагы тандоого уруксат берди", -деп эстеди Фалмата.

Фалмата сулуу көрүнөөрүн билет. Бирок андан соң аны өлүм күтүп жатат.

Ал сулууланып бүткөндөн кийин белине жан кечтинин куру байланат.

Фалмата Нигерияда согушкерлер уурдап кеткен жүздөгөн өспүрүм кыздардын бири. Аларды жанкечти миссиясын аткарууга мажбур кылышат.

Таң калыштуусу, ал аман калды.

Фалматаны 13 жашында мотоцикл тээп бара жаткан эки эркек уурдап кеткен. Ал Камерундун чек арасына жакын жердеги туугандарынын үйүнө бараткан эле.

Алар бир нече саат бою жол жүргөн. Мотоцикл жолдон жүрбөй, токойду көздөй жылган. Фалмата эки эркектин ортосунда отурган.

Көп жүргөндөн кийин алар чатырдан жасалган лагерге келишкен. Фалмата каякка келгенин билген эмес.

"Көп чатырлар жана камыштан жасалган үйлөр бар болчу", -деп Фалмата шыбырап айтып берди.

"Жаш кыздар чатырларда жашады. Менин чатырымда 9 кыз бар болчу. Биз паластын үстүндө уктачубуз".

Бул лагер "Боко Харам" террордук тобуна таандык болчу. Алар Нигериянын түндүгүндө ислам мамлекетин курууга умтулууда.

"Башында качып кетүүгө шаштым, бирок эч мүмкүнчүлүк болгон жок", -дейт Фалмата. Лагердин тегерегиндеги күзөтчүлөр качып кеткен кыздарды дароо эле кармап, артка кайтарып келишчү.

Көп өтпөй Фалматага тандоо беришкен - согушкерлердин бирине күйөөгө чыгасың же жан кечти болосуң.

Ал күйөөгө чыгуудан баш тартты. "Мен аларга өтө жашмын деп айттым".

Бирок Фалмата миссиясы эмне экенин билген эмес.

Фалматанын "миссиясы"

Башында Фалмата лагерде абдан коркуп жашаган.

Лагердеги шарттар начар болчу жана туткунга түшкөн аялдар, кыздар жана балдар өкмөт күчтөрү менен козголоңчулардын салгылашуусунун ортосунда калбайлы деп коркушчу.

"Аскерлер лагерге кирип келип бизди - аялдарды, согушкерлердин жубайлары деген жүйөө менен атып салат деп коркчубуз", -дейт Фалмата.

Абада тик учак же аскердик учак көрүнсө лагерде башамаландык орночу.

"Учакты көргөндө көптөр коркуп, ыйлачу".

Лагердеги жашоо монотондук болгон.

Биз эрте менен туруп намазга жыгылып, тамак жеп, үй жыйнап, кайра сыйынып. Бир күн кечке ушул үч нерсе кайталанчу.

Көп саатка созулган диний сабактар өтчү.

Фалмата болсо лагерди жек көргөнү менен диний сабактар жакканын айтат.

Бир күнү Фалматага куралчандар келип даярдан деп буйрук беришкен.

Аны жасалгалап, тырмактарын боёп, тармал чачтарын түзөп башташкан.

Ал мени турмуш курууга даярдап жатышкан го деп ойлогон. Каалабасам дагы согушкерлердин бирине күйөөгө чыгат окшоймун деп жоромолдогон.

"Хаува аттуу курбум, аман калуу үчүн күйөөгө тийген. Ал мүмкүнчүлүк болсо эле качам деп айтчу", -дейт Фалмата.

"Анын чечимине башка кыздар нааразы болуп, аны жек көрүшчү. Мен дагы башында аны жек көрдүм. Бирок кийин аны түшүндүм жана ага боорум ооручу. Ал бактысыз эле".

Аялдар Фалматага сулууланууга жардам берген.

"Мен бир гана турмуш куруу тууралуу ойлондум. Бирок эч кандай суроо бергенге болбойт. Жаныңдагы курбуларың көңүл айтып, сабырдуу бол деген кеңеш беришет".

Эки күндөн кийин согушкерлер Фалматанын белине жан кечтинин курун байлашкан.

Согушкерлер Фалматага динсиздерди өлтүрсөң түз бейишке барасың деп айтышкан.

Башка жан кечти аялдардай эле, Фалмата да өзүн базарда жардырмак.

"Мен коркконуман ыйладым. Бирок мага сабырдуу бол, бул турмуштун бир бөлүгү деп айта беришти", -дейт Фалмата.

Аны эки кыз менен чогуу алып кетишкен. Аларга дагы жан кечтинин курун байлашкан. Үч кызды бир кыштактын четине алып барышкан.

Кыздардын колунда чакан, үй шартында жасалган детонатор бар эле.

Жихадчылар кыздарды кыштактын борборуна басып баргыла деген буйрук берген. Силерди алыстан карап турабыз деп дагы айтышкан.

Басып баратып, кыздар "миссияны" аткара алабы же жокпу деп сүйлөшкөн.

Буйрукту аткаралыбы же качалыбы деген дагы сөз болгон.

Кыздар "миссияны" аткарбай, качалы деп чечишет.

Бейтааныш бирөөгө жан кечтинин курун чечүүгө жардам сурап, Фалмата жүгүрүп жөнөйт.

Көп өтпөй, Фалматаны эки эркек кууп жетиптир. Алар "Боко Харам" тобунун мүчөсү болчу.

Фалматаны экинчи жолу уурдап кетишет.

Зомбулуктун тарыхы

Сана'а Мхаидли - жаңы тарыхтагы биринчи аял жан кечти деп айтылат.

Ал 1985-жылы 16 жашында Ливандын түштүгүндө өзүн жардырып, Израилдин эки аскери каза тапкан.

Андан бери "Хезболла", "Күрт жумушчулар партиясы", Шри-Ланкадагы "Тамил жолборстору", ХAМАС жана Чеченстандагы "Кара жесирлер" тобу аял жана жаш кыздарды жан кечтинин жардыруусун уюштуруу үчүн колдонгон.

Бирок Лондондо жайгашкан Бириккен королдук институттун адиси Элизабет Пирсон "Боко Харам" зомбулук жана чабуулдардын масштабын эске алганда, жогоруда айтылган топтордун баарынан оозуп өттү деп белгилейт.

Адистин божомолунда, Нигерия, Камерун, Чад жана Нигерде жүздөгөн жаш кыздар өзүн жардырууга мажбурланган.

2017-жылы 232 окуяда жан кечти деп шектелген 454 аял жана бийкечтер камакка алынган. Жан кечтинин жардыруусунан 1,225 адам каза тапкан.

Пирсон айым "Боко Харам" тобунун аялдарды жан кечти катары колдонгонун изилдөөгө алып, бул тууралуу китеп жазган.

"Боко Харам" 2014-жылы биринчи жолу жаш кызды өзүн жардырууга мажбурлаган.

"Боко Харам" тобу "Чибок" кыздары деп атка конгон 276 окуучу бийкечтерди мектептен уурдагандан кийин, аскердик казармада жан кечтинин жардыруусун уюштурган.

Экстремисттик топ көптөгөн кыздарды жана аялдарды уурдады. Башында дүйнөлүк коомчулук бул үрөй учурган согушка көңүл бурган эмес. Бирок учурда абал өзгөрдү.

Борно штатында окуучу кыздардын уурдалышы бүткүл дүйнөнүн үрөйүн учурду.

"Алар мурда жаш эркек балдарды жан кечти катары колдонушкан. Бирок кыздарды колдонгондо аларга көңүл бурула баштады. Ошондуктан алар жалаң кыздарды жан кечтиликке мажбурлоосун улантууда", -деди Пирсон.

Фатима Акилу психолог болуп иштейт. Ал Neem Foundation уюмунун директору жана "Боко Харам" уюмунан жапа чеккендерге көмөк көрсөтөт. Фатима айым эктремисттик топтон куткарылган аял жана кыздар менен тыгыз иштейт.

Ал мурда негизинен "Боко Харамдын" идеологиясына азгырылган жаш балдар жан кечтинин жардыруусун уюштурчу деп айтты.

"Алардын көбү ыктыярдуу түрдө өзүн жардырган. Алар бейишке барам деп ишенген", -дейт Фатима Акилу.

Бирок Нигериянын армиясы экстремисттик топко каршы чараларын күчөткөндөн кийин, ыктыярчылардын саны кескин азайган. Дал ушул учурда "Боко Харам" жаш кыздарды уурдап, аларды жан кечтинин миссиясына мажбурлай баштаган.

"Алар эмне болсо дагы башаламандыкты уюштуруп, кыргынды улантууну көздөйт".

Бул багытта экстремисттик топто адамдын жашына эч маани берилбейт.

2016-жылы декабрь айында жети жана сегиз жаштагы эки кыз Нигериянын түндүн-чыгышындагы базарда өзүн жардырышкан. Окуяда бир адам каза таап, 17 тургун жаракат алган.

Качып кетүү

Фалматаны экинчи жолу уурдап кетишкенден кийин, аны токойдогу башка лагерге алып барышкан.

Аны кармап алгандар "Боко Харам" тобунун башка бөлүмүнүн өкүлдөрү болчу. Алар Фалмата жан кечтинин жардыруу миссиясына барып, качып кеткенин билген эмес. Алар чындыкты билсе, Фалматаны дароо атып өлтүрмөк.

Лагердеги жашоо мурдагыдан эч айырмаланган эмес.

Уктап турмай, үйдү тазалоо, сыйынуу, бир нече саат бою Куранды жаттоо.

Neem Foundation уюмунун айтымында, "Боко Харам" тобунун колунда көп жүрүп, куткарылгандар экстремисттик идеологияга сугарылып, алардын ишеничтерин сиңирип алышат.

"Бул лагерлерде туткунда жүргөндөрдүн көбү мурда эч билим алган эмес", -дейт Акилу айым.

"Алардын көбү Куранды биринчи жолу туткунда жүргөндө "Боко Харам" тобунун көзөмөл алдында окуган".

"Алар жүздөгөн кишилерди лагерлерде кармайт. Башка эч иш жок болгондуктан, төрт же баш саат бою диний сабактарды өтүшөт. Туткунда жүргөндөргө радикал идеология сиңип, алар аны чындык катары кабыл алышат".

Фалмата бир ай лагерде жүргөндөн кийин, ага "күйөөгө тий же миссияга бар" деп сунушталат.

Фалмата күйөгө чыгуудан кайрадан баш тартат. Бирок "миссия" тууралуу сөз болгондо, ал мурдагы тажрыйбасын колдонот.

Аны сулуулашып, белине жан кечтинин курун байлашат. Фалмата узун көйнөк жана жоолук тагынат.

Арийне, бул жолу согушкерлер аны шаардын четинде таштагандан кийин, Фалмата дароо токойду көздөй качкан.

"Мен дыйкандарга туш келдим. Алардан белимдеги бомбаны чечип бергиле деп жардам сурадым. Мени жан кечти бол деп мажбурлап жатышканын айттым", -деди Фалмата.

“Алар коркушту, бирок боору ооруп бомбаны алууга жардам беришти.

Балким алар жардам бербейбиз десе, бомбаны жардырып жиберет деп коркушту”.

Фалмата дыйкандардан кеткенден кийин, бир нече күн токойдо жүрдү. Андан соң үй-бүлөсүн табуу үчүн Майдугури калаасын көздөй жылган.

Жолдон мергенчиликте жүргөн топко кездешип, алар Фалматаны кошо ала кеткен.

Бирок мергенчилерге "Боко Харам" тобу кол салган. Эки тарап атышып жатканда Фалмата качып кетүүгө жетишкен.

"Мен токойду жакшы билбейм. Добушту уксам эле коркчумун. Ал себептен токтобой бастым. Катуу чарчаганда даракка чыгып уктадым", -дейт Фалмата.

"Мен бир жума тамак жебей жүрдүм. Мен кир суу ичип аман калдым. Ошол сууга буту, колумду жууп, намазга жыгылып турдум".

"Мен кудайдан жардам сурадым жана үй-бүлөм жашаган шаарчага жеттим".

Шаарчадагы бейтааныш үй-бүлө Фалматага жардам берип, ата-энесин табууга көмөктөшкөн.

Качып кеткенден кийин Фалмата бир нече ай бою көчөгө чыккан эмес. Фалмата коопсуздук кызматкерлери анын окуясын билип калса, түрмөгө камайт деп корккон.

Психолог Акилу куткарылган жаш кыздар көп убакыттан кийин мурдагы калыбына келет деп белгиледи.

"Ал үй-бүлөсүнөн алыс болду. Ошол учурда ал өзгөрдү. Бирок анын үй-бүлөсү дагы өзгөрдү, алардын дагы психикалык жаракаттары бар".

Нигериянын түндүк-чыгышындагы согуштан улам, үй-бүлөсүнөн Фалмата сыяктуу ажыраган жаштар көп.

Учурда Фалмата апасы менен качкындар лагеринде жашайт. Шарты жок болсо да, Фалмата качкындар лагеринде өзүн коопсуз сезет. Себеби бул жерде анын окуясын эч ким билбейт.

Туңгуюк

Фалмата сыяктуу кыздар сейрек учурда гана "Боко Харам" тобунан качып кетүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бирок алар кайтып келгенде дагы көп кыйынчылыктарга туш болот.

Өзүн жардыруудан баш тарткан кыздарды коопсуздук кызматкерлер кармап, "де-радикализация" борборлоруна алып барышат.

Бул борборлорду армия көзөмөлдөйт. Ал жердеги абал тууралуу маалымат жокко эсе.

Январь айында армия "де-радикализацияланган" адамдардын биринчи тобун бошотконун жарыялаган. Бирок алар кайсы жерде экени дале белгисиз.

Ал эми жашыруун түрдө артка келгендер үйлөрүнөн чыкпай, коркуп жашап калышат.

Артка кайтып келген кыздарды, жергиликтүүлөр "анноба" же эпидемия деп атап коюшат.

Акилу айым "Боко Харам" тобу менен аргасыз жүрсө да, коомчулук бул кыздарды экстремист катары кабыл алат.

"Менимче жергиликтүү калк кыздын окуясына эмес, анын кадамына көңүл бурат. Көптөр бул кыздар өзүн жардырып бизди жок кылгысы келди, аны кантип биз артка кабыл алабыз деген суроо жолдошот", - дейт психолог Акилу.

"Боко Харам" жаңы тарыхтагы эң мыкаачы топ катары сыпатталат. Экстремисттик топ 2009-жылдан бери, Нигерияда гана 27,000 жайкын тургунду - анын ичинде мусулмандарды өлтүргөн.

Камерун, Чад жана Нигерде мындан дагы көп сандагы жайкын тургундар көз жумган. Зомбулуктан улам 2 миллиондон ашуун адам аргасыз жер которгон.

"Боко Харам" Нигериянын түндүк-чыгышындагы тургундардын 90 пайызына түздөн-түз таасир эткен. Жергиликтүү калк кеминде бир үй-бүлөсүн экстремисттик топтун колунан жоготкон. Айрым учурда бир үй-бүлө толугу менен өлтүрүлүүдө", - дейт Акилу айым.

"Бул кыздар артка кайтып келгенде, башынан өткөргөн кыйынчылыктарга кайрадан туш болушат. Бул өтө чоң көйгөй."

“Биз көп учурда аларды бийкеч катары карабай калабыз. Аларды кейиштүү окуянын курмандыгы же жабырлануучу катары карап калабыз”.

Фалматага экинчи жолу жан кечтинин курун белине байлаганда, ал 14 гана жашка чыккан.

Ал бир жылдан ашык убакыт үй-бүлөсүн көргөн эмес.

Аны экстремисттик лагерде туткунда кармап, Фалмата радикал идеологияга сугарылган.

Ал эркиндикке жеткени менен, тез эле кайрадан туткунга түшкөн.

Көп кыйынчылыктарга дуушар болгон Фалмата, эмнеге өзүн жардырып, баарын токтоткон жок?

"Мен жашагым келди", -дейт ал.

"Бирөөнү өлтүрүү күнөө. Аны мага үй-бүлөм үйрөткөн, ага мен дагы ишенем".

Автор: Vladimir Hernandez & Stephanie Hegarty
Сүрөттөр: Charlie Newland
Графика: Zoe Bartholomew
Изилдөөчү: Nassos Stylianou
Онлайн продюсер:James Percy
Онлайн редактор: Kathryn Westcott
Shorthand аркылуу жасалган
Сүрөттөрдүн автордук укугу сакталган