Лондондогу Нооруз майрамы

Улуу Британиянын борбор шаары Лондондо Борбор Азия элдери Нооруз майрамын белгилешти (фоторепортаж)

24-март күнү Улуу Британиянын баш калаасы Лондон шаарында Нооруз майрамы белгиленди. Ага Ноорузду белгилеп келишкен Азиядагы элдердин өкүлдөрү, өнөрлүү инсандар, элчиликтин өкүлдөрү жана коноктор катышты. Фестивалда ар улуттун ыр, күүлөрү жаңырып, даамдуу тамактар бышырылды. Майрамга келген меймандар улуттук кийимдерин кийип келишип, катышуучулар менен чогуу ырдап, бийлеп, көңүл ачып кетишти.

Мындай иш-чаралар жылда Британиянын булуң-бурчунда уюштулуп турат. Лондондо Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленип келет.