Апийим изи

Дыйкандар, аткезчилер жана жашоодо сынгандар

Быйыл Европанын көчөлөрүндө жогорку сапаттагы апийим рекорддук көрсөткүчкө жетиши мүмкүн.
Анткени, 2017-жылы Афганистанда апийимдин түшүмү мол болду.
Афганистанда
апийим өстүрүү
соңку 15 жылда
кескин өстү
2004-жыл

1 кичине гүл = 4000 ГА
1 чоң гүл = 8000 ГА
2013-жыл
2017-жыл
Афган апийими 18 айда
Европага жетип барат.
Баңгизаттын көпчүлүгү аткезчилик жол менен “Балкан каттамы” аркылуу өтөт.
Анын бештен бир бөлүгү гана башка өлкөлөр аркылуу кемелерде жетип келет.

Source: UNODC

Күбөлөрдүн апийим изи тууралуу окуялары

Афганистан - Түшүм

Дүйнөдөгү апийимдин дээрлик 90 пайызы Афганистанда өндүрүлөт. Аны өстүрүү мыйзамсыз болгону менен акыркы 15 жылда апийим өстүрүү аянты кеңейип, ал улуттук экономиканын негизги бөлүгүнө айланууда. Мындан сырткары, баңгизат талиптердин дагы негизги киреше булагы. Бардык катмардагы адамдар үчүн баңгизат - каржы булагы болуп келген. Би-Би-Синин кабарчысы Аулия Атрафи Афганистандын түштүгүндө болуп, апийим оруп-жыйноо мезгилиндеги өзүнүн байкоолору менен бөлүштү.

Афган жылнаамасында көп акча табууга мүмкүн болгон бир мезгил бар: Апрелдин үч аптасында, дыйкандар үй-бүлөсү менен талаага чыгып, бир нече ай карап өстүргөн апийимин жыйнашат.

Апийим жыйноочуларды “чогултуучулар” же “аарылар” деп атап коюшат. Алардын көпчүлүгү жаштар. Жумушчулар алыскы талааларга барып, апийим чогултат.

Аны жыйноо учурунда бардык кесиптин ээлери күнүмдүк ишинен тыныгууга чыгышат. Ферманын трактору менен кайтып келе жатышкандардын арасынан; мугалимдерди, алардын окуучуларын, дүкөн ээлерин же катардагы кызматкерлерди кезиктирүүгө болот. Жылына бир келчү түшүм жыйноо иштерине өлкөнүн бардык жарандары тартылат.

Жыйноочулар – түшүмдүн согуучу жүрөгү болуп саналат. Аларды башкалардан айырмалоо кыйын деле эмес. Анткени, түшүм жыйноочулар негизинен жеңил кийинип, бир гана баштык көтөрүп жүрүшөт. Полиция кызматкерлеринен жашырынуу үчүн, көбү башына эки кабаттуу баш кийим кийип алышат. Бул жагынан алып караганда, алар балким заманбап жашоодогу эң жеңил кийинген жумушчулар болушу ыктымал. Жумушчулар кыштак ичинде апийимдин чоң гүлдөрүн издеп, топ-тобу менен бир фермадан экинчи фермага көчүп өтүп жүрүшөт.

Алардын иши татаал:
Дыйкандар алгачкы күнү кашыктын сабындай болгон ийнелүү апийимдин башын тытмалашат.

“Апийим талааларында иштөө адамды чарчатат жана баш айлантат. Ошондуктан, фермадагы аялдар отуздай адамга, күнүнө үч жолу тамак даярдап берет. Ал тоюумдуу болушу үчүн; афган наны, айран жана кой этин кошуп, даамдуу тамак бышырууга аракет кылышат.

Жумушчулар тамактанышкандан кийин, ырдап, бийлеп, аңгемелерди айтып, көңүлдүү отурушат.

Алар кайрадан эрте менен саат үчтө турушат.

Караңгыда алар башына чырак байлап алышып, мурунку күнү жыйнаган түшүмүн карап чыгышат. Ар бир тытмалаган жерден адамдын көз жашындай болгон апийимдин ширеси чыгат. Ошондо, "таракай" деп аталган башка шайманынын жардамында, анын ширесин арчып турушат. Алар иштеп жатканда, башындагы чырактары айланасына жарык берип турат. Жумушчулардын саны ушунчалык көп болгондуктан, эгер аларды үстүнөн караса, жылдыздуу асманга окшоп кетет.

Жумушчулар салкындуу түндө иштеген учурда, кээде ырдап турушат: "Эй, пайгамбар, жолуңуз кыска болсун. Анткени, сиздин жолуңузду жолдоочулар жылаңбаш жана жүрөгү жараланган."

Ыр саптарында, умтулуу, романтика жана сылык-сыпаалык камтылган. Бир аз өткөндөн кийин коңшу талаадагы жумушчулар да алардын ырын ырдап киришет. Алардын добушу караңгы түндө алыска чейин жаңырып турат.

Жумушчалар алтын кенинде иштегендей, артында эч бир нерсе калтырышпайт. Артында калган түшүмдү, жаш балдар тазалап турушат. Жыйноочулардын кийимдери апийимден улам жабышчаак болуп калат. Ошол учурда, кийимдерди чоң казанга салып, муздак суу менен жууп турушат.

Түшүм жыйнагандар, өз командасына жана апийимдин сапатына жараша ар кандай өлчөмдө акча табышат. Бир адам 20 килограмм таза апийим чогултса, жакшы киреше тапкан болот. Эгер 2 килограмм чогултса, аз киреше тапкан болот.

Түшүм жыйноо аяктап калганда, баңгизатын өстүргөн аймактардын эли жаңы нерселерди сатып ала башташат: Жаштар мотоцикл, кийим-кече жана смартфон сатып алышса, башкалары, карызын же үйлөнүү үчүн кызга калың төлөшөт.

Жакырчылык кайрадан өкүм сүргөнгө чейин, базарлар кызып турат. Кийинки түшүмдү кыш мезгилинен кийин чогултушат.

Афганистан менен Ирандын ортосундагы
чек аранын узундугу 900 чакырымдан ашат.
Бирок ал узак жана кооптуу болуп саналат.

Иран - “сүттүү бейишке”
байлануу

Балкан жолу аркылуу, Афганистанда жыйналган апийим, эки өлкөнүн узун жана кооптуу болгон чек арасы аркылуу алгач, Иранга кирет. Иранда баңгизатка болгон кумар чоң көйгөй жаратты. Орточо 2 миллион адам тынымсыз апийим сатып алып турат. 33 жаштагы мешхеддик статистика кызматкери Голи (өз аты эмес) - баңгизат колдонуучулардын бири.

Иран - Афганистан чек арасы

Иран - Афганистан чек арасы

Апийимди кээде жакшы көрсөм, кээде жек көрүп кетем. Ага кумар болуп калганымды жек көрөм, бирок андан арыла албай келем.

14 жашымда тайэнем каза болуп, апам баңгизатын колдоно баштаган. Ал стресске кабылган болчу. Кийин үй-бүлөбүздө көп киши апийим чеге баштады. Апам муну менен өз көйгөйүн оңойлук менен жеңем деген.

Мен жыйырма үч жашымда турмушка чыккамын. Бир жылдан кийин ичим катуу ооруй баштады. Дарыгерге көп жолу каттадым. Бирок ал оорумдун себебин аныктай албады. Бир күнү апамдын үйүнө барсам, ал мага баңгизатты бир, эки жолу тартып көрүүнү сунуштап калды. Баңгизат оорумду жеңилдетти жана аны чегип алып, мен жетинчи асманда учуп жүрдүм. Мунун баары ошондо башталган.

Турмушта да көйгөйлөр пайда болду. Өзүмдү жалгыз жана ташталган адам катары сезип жүрдүм. Ошондо, апамдын апийимин уурдап, үйдө чегип жүрдүм. Аны жолдошум таап алып, мени клиникага алып барды. Ал жерде мага, маңзатты көп өлчөмдө колдонушума уруксат беришпеди. Дарыгерлер мага метадон берүүнүн ордуна, мени стресстен арылтуу үчүн дарылоого жөнөтүштү. Бирок ал мага жардам бербеди. Ошентип, баңгизатын колонууну уланта бердим.

Бир жылдан кийин күйөөм баңгизат чегип жатканымды дагы деле токтотпогонумду билип, мени таштап кетти.

Мен көпкө чейин жалгыз жашадым. Бирок кумарлануу күчөгөн сайын, менде арга калбай, апама кайтып бардым. Биз бирге араң эле чегип жүрдүк. Мен катуу уялагандыктан, эч кимге көрүнбөсөм экен деп жүрдүм.

Апам да жалгыз жашайт. Анткени, апам баңгизатын колдонгонун билген соң, атам да кетип калган. Ал биз менен чогуу жашабайт. Бирок биз апийим издөөгө көчөгө чыга албай калганыбызда, атам бизге аны сатып келип берип турчу. Мен көп жолу баңгизатты таштоого аракет кылып, ооруканаларга бардым. Бирок апамдын жанына келгенде, кайра чегип алчумун.

Баңгизатты колдонуудан чарчадым. Жадагалса, анын жытынан жийиркенем. Кээде чекким келген учурда, метадон сатып алып турам. Бир, эки апта өзүмө келип калам. Бирок апам чеккен учурда, үйдүн ичи жыттана баштайт. Ошондо кайра чеге баштайм.

Турмушка чыгып, өз алдынча болуп кеткен эжелерим да бар. Бир гана мен апийимге көз каранды болуп калгамын. Ал үчүн катуу уялам. Жадагалса, эжелеримдин көзүнө да карай албайм. Өзүм иштеп акча таппайм жана өзүмдү туңгуюкка түшүп калгандай сезем.

Түркия - Европага апийим алып өтүүчү негизги өлкө.
Мындан сырткары, чек аралаш Ван шаары - Ирандан келчү баңгизат үчүн дарбаза.

Түркия - апийим ташып келүүнү токтотуу аракети

Афганистандан Европага жеткен маңзаттын 80 пайызы Түркия аркылуу өтөт. Анын дээрлик баары Иран аркылуу кирет. Түркия апийим ташып келүүнү токтотууга аракет кылып, ондогон миллион АКШ доллларын сарптаган. Ван шаары жана Түркия-Иран чек арасына жакын айылдар - баңгизат ташылып өткөн аймактар катары белгилүү. Мустафа Кокал жана Күршад Башер сыяктуу баңгизаттарга каршы кызматкерлери ар тараптан ур-соккуга алынып келет.

Мустафа Кокал:
Маңзат ташыган адамдар айылдыктарды да бул жолго тартат. Алар жергиликтүүлөрдүн үйлөрүнө товарларын жашырып турушат.

Аткезчилер апийимин сарайларда, үйлөрдө жана кампасы бар бөлмөлөрдө сакташат.

Айыл аймагы өтө чоң болгондуктан, биз чалгындоо кызматкерлери менен кызматташышыбыз зарыл. Баңгизатты бул үйгө сактоонун алдында, асыл тукум жандыктарды ташыгандай, алгач аны да аткезчилик жол менен алып келишет.

Мустафа Кокал:
Бирок техникалык жактан изилдеп, байкап, бир ай операцияга даярдангандан кийин – ал операция ийгиликтүү ишке ашса, анда Marvel кинофильминдеги башкы каарманга айланып, сүйүнүчүңүз коюн кончуңузга батпайт. Мындай жумуш нервиңизди жабыркатып, ооруңузду күчөтөт. Ошол эле учурда, ал ишке болгон шыгыңызды гана арттырбастан, жашоодо да кубат берет.

Бир жолу бир шектүү адам презервативдерге суюк дары толтуруп, жутуп алыптыр. Бир презервативи жарылып, ал комага түшүп калган. Адатта, анын бир эле калтасы жарылса, адам өлүп калат. Бирок ал шектүү киши бир аптадан бери комада жатты. Адамды курал менен башына эки жолу атканга караганда, мындай дары жутуп, тирүү калуу ыктымалдыгы аз.

Ал өзүнө келгенден кийин деле эмне болгондугун аңдап-биле албай, "учакта ачып кеткен тамак жеп алдым" деп актанды. Ал аба каттамын аткарчу компанияга каршы арызданмакчы да болду. Ошондо ал адамдан жаш медайым: “Сиз учкан учакта дары бериштиби?” - деп сурады.

Полиция кызматкери, согуш талаасында да жаракат алган досу менен тамашалаша билүүсү керек.

Кээде, кылдаттык менен иликтеген учурда да, криминалдарды, үймөктөлгөн чөптүн арасынан ийне издегендей таба албай убара тартабыз. Ошондой болсо да, бир кымындай илинчээгин таап алып, ишти аягына чыгарууга болорун сезебиз. Дал ошол учурда, “ак менен кара жарышат, акка Кудай болушат деген” сөзгө ишенип калабыз. Ошондо, бардык жасаган ишибиз текке кетпегенин билебиз.

Түркиянын баңгизатка каршы кызматынан буйтап өтүп келген апийим Европага жетип келет.
Адамды наркологиялык жактан дарылоого жүздөгөн миллион доллар жумшалат.
Британияда баңгизаттан көз жумгандардын саны көп жылдардан бери өсүүдө. Ал гана эмес, курамында синтетикалык опиоид заты камтылган фентанил деп аталган жаңы баңгизаты да коркунуч жаратууда.

Британия - дарылоого көп убакыт кетет

2017-жылы Афганистанда апийимдин түшүмү мол болгонун утурлай, БУУнун прогноздоосуна караганда, жогорку сапаттагы арзан апийим, Британиянын дагы базарларына келет. Англиянын түштүк-батышындагы Уэстон-сьюпер-Мэр сыяктуу шаарларында бир нече калыбына келтирүү борборлору жайгашкан. Лесли Чендлер бул жерде көз карандысыздыктан арылып, жаңы жашоо баштаган.

Мен эки жолу өлүп, кайра тирилдим. Көп ирет ашыкча өлчөмдө баңгизат колдонуп, таң калычтуу жол менен кайра өзүмө келдим.

Көп жолу кырысыкка кабылдым. Өмүрүмө коркунуч келтирген кырсыктарга да туш болдум. Бир жолу балкондон түшүп кеткемин. Баңгизатын колдонуп, өзүм каалабасам да, түрмөгө, психиатриалык ооруканага жатып чыктым. Бир, эки жолу өзүмдү өлтүрмөкчү да болдум.

Он беш жашымда баңгизатка кумар болуп калдым. Бирок ага чейин он үч жашымда эле анын башка түрлөрүн татып жүрчүмүн.
Баңгизат колдонгон өзүмдөн улуураак кишилер менен сүйлөшүп жүрүп, алар менен таанышып алдым. Өзүмү башка нерсеге, башка бирөөгө көз каранды болуп калгандай сезип жүрдүм.

Мен бир гана героинге байланып калбастан, ЛСД, наркотик жана алкоголдук ичимдиктер сыяктуу тезирээк таасир бере тургандарын да татып жүрдүм.

Мындай жагымсыз адаттан арылуу үчүн капельница да алып жүрдүм. Бирок бир же эки аптадан кийин кайра эле колдонуп баштачумун. Бул - жашоомдогу бир мисал.

Аягында, төрт жыл мурда Уэстондо дарыланып чыктым. Ал убакта мен элүү жети жашта болчумун. Ошол учурда денеме канчалык зыян келтиргенимди көрдүм.

Уэстондо башкача болчу. Ал жерде менин көз каранды болуп калганымды же ууру болгонумду сындашкан жок. Анткени, кумарымды кандырууга акча табуу үчүн, көп жолу кылмыш жасадын. Балалык чагымда кылган иштеримди эстедим. Эми, ким экенимди, кайдан келгенимди билдим.

Жашың өтө баштаганда детоксикация бир аз кыйын боло баштайт экен. Бир нече апта уктай албайм, тепкиленем жана тердей берем. Капельница алып жатканда, ал эч качан түгөнбөй тургандай сезилет. Бирок эми ал да бүттү.

Мени менен бирге чоңойгон жана мен тааныган көптөгөн адамдардан көп жолу кордук көрдүм. Эми баары өз ордуна келе баштады. Менимче баңгизатын колдонгондорду жана алкоголдук ичимдик ичкендерди айыктырса болот. Алар да психикалык илдеттин бир бөлүгү.

Анткени адамдар көчөдө туура эмес иштерди жасап жаткан алкаштарды, же наркомандарды көрүп жүрүшөт. Алар мас абалда болушу мүмкүн, же кылмыш жасап жатышы ыктымал. Бирок адамдар алар алсыз экенин, ооруп, коркуп жүрүшкөнүн байкашпайт. Эгер биз аларга бул маалыматты жеткирсек, анда аларды жаман адаттан токтотууга жардам беребиз.

Мага үмүт берип, ойлондурган нерсе – бул башка адамдардын жууп, тазаланып жүргөнүн көрүү болду. Биз жаман адаттардан арыла алган адамдар тууралуу көбүрөөк угуп, аларды кайра коомго кошушубуз керек.

Мектептерде болуп, окучулар менен канча жаштан баңгизатын колдонушу мүмкүндүгү тууралуу сүйлөштүм. Менде бул балээ 13 жашымда башталган жана ал куракта көпчүлүк өспүрүмдөр, апийим чегип көрө башташат. Ошондуктан мектептерге барып, ошол жаштагы балдарга анын зыяндуулугун түшүндүрүү маанилүү. Учурда мектептерде өзүнө залал келтиргендер көбөйгөн жана анын баары ушул көйгөйгө байланыштуу. Баңгизатка көз карандуулук, өзүнө залал келтирүү жана өз өмүрүнө кол салуу боюнча көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүүзарыл.

2017-жылдан тартып апийим түшүмү азайганы белгилүү болот. Бирок анын көрсөткүчү кандай гана болуп өзгөрбөсүн, финансылык жана жеке чыгашалар ошол бойдон өзгөрүүсүз кала берет.