Дүйнө чемпионатынын шаарлары

Би-Би-Си дүйнөлүк чемпионат өтүп жаткан орусиялык шаарлардын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берет.

Москва

Азыркы заманбап Москва – чоңдор үчүн Диснейленд сыяктуу десе болот.

Европанын баардык борбор шаарларын элестетип көрүңүз. Ал шаарларда канчалаган архитектуралык курулуштар, конокторду өзүнө тарткан музей, ресторан, эс алуу жайлары бар. Эми ошону онго көбөйтсөңүз, бул Москва.

Арсений Морозов имараты

Арсений Морозов имараты

Москванын чок ортосунда Кремль жайгашкан.
Кимде ким биринчи жолу Орусия баш калаасына эки эле күнгө келген болсо, менин кеңешим: баардык жерди көрөм деп шашкалактабаңыз, баары бир үлгүрбөйсүз.

"Китай город" метро станциясы

"Китай город" метро станциясы

Токтогон мейманканаңыздын тегерегинде сейилдеп басыңыз же төмөндөгү метро аталыштарын эске сактап калыңыз. Футбол беттешине чейинки бош убактыңызда ушул эле тегеректен кызыктуу москвалык архитектурага күбө болосуз.

Третьяков галереясы орус сүрөт искусствосунун ири музейи жана дүйнөгө атагы чыккан жай.

"Кропоткин" станциясынан башталган көчөлөр - Остоженка, Пречистенка 1917-жылга чейин эле бардар кишилер жашаган кадыр-барктуу район.

"Кропоткин" станциясына жакын жайгашкан мейманкана

"Кропоткин" станциясына жакын жайгашкан мейманкана

Ошондуктан бул жерде көптөгөн тарыхый имараттар бар. Анын ичинде тарыхый чиркөө жана Пушкин атындагы маданият музейи.

1931-жылы тарыхый чиркөө Сталиндин буйругу менен бузулуп, ордуна бассейн салынган. 1990-жылы кайра калыбына келтирилген.

Албетте, сиз Арбат тууралуу уккандырсыз. Шаарга келген конокторду жана туристтерди өзүнө тарткан кооз жайлардын бири.

Бирок, биздин пикирибизде Арбатка баргандан абайлаңыз. Себеби, ал жерге барсаңыз соодаңыз кызып, капчыгыңыз кагылат.

“Фрунзе" жана "Спорттук" станцияга жакын райондор тынч, кооз гүл бакчалар бар. Шаардагы көркөмдүү чиркөөлөрдүн бири ушул жерде. Андан сырткары, 1920-30-жылдардагы орус архитектурасынын алдыңкы үлгүлөрүн көрө аласыз.

Арбатка жакын жайгашкан аймак

Арбатка жакын жайгашкан аймак

Бизнес аймагы

“Фрунзенин” чет жакасынан орус элитасынын, аскердик, маданий жана саясий ишмерлердин сөөгү жашырылган көрүстөндү кезиктиресиз. Бул жайда атактуу жазуучулар Антон Чехов, Михаил Булгаков, Николай Гоголдун, акын Владимир Маяковскийдин, композиторлор Дмитрий Шостакович жана Сергей Прокофьевдин сөөгү коюлган.

Москвадагы советтик мезгилдеги имараттардын бири. Мурда ашкана болгон, азыр бул имаратта оорукана жайгашкан.

Москвадагы советтик мезгилдеги имараттардын бири. Мурда ашкана болгон, азыр бул имаратта оорукана жайгашкан.

Дал ушул жерде "Лужники" стадиону жайгашкан. Бул жерде чемпионат учурунда бир нече беттешүүлөр өтөт. Анын ичинде финалдык беттеш дагы ушул стадиондо болот.

"Лужники"стадиону

"Лужники"стадиону

"Спартак" стадионуна мелдешти көрүү үчүн эле барбасаңыз, өз алдынча турист катары баруунун деле кажети жок.

"Спартак" стадиону

"Спартак" стадиону

Саякат тууралуу дагы эки кеңеш: Москва дарыясына кайык менен сейилдөөгө чыгыңыз. Андан тышкары, сөзсүз Москванын метросуна түшүңүз. Москвалыктар өзүнүн жер алдындагы жолдорун дүйнөдөгү эң кооз жол деп эсептешет.

“Революция аянты” станциясындагы (1938-жылы ачылган) төрт иттин, дыйкандардын жана эмгекчилердин эстелиги бар. Алардын мурундары колодон жасалып, жалтылдап турат. Айрымдар иттердин мурундарын сүртүп өтсө, ал жолуңду ачат деген ырым-жырымга ишенишет.

Метро станциядагы эстелик

Метро станциядагы эстелик

Москвадагы эң кооз метро станциялардын бири

Кечке эле кайсыл бир имаратты көрүү тууралуу кеңеш берген дагы болбойт. Мындан башка төмөндөгү көчөлөрдү эстеп калгыла: Мясницкая, Маросейка, Покровка, Большая Дмитровка көчөлөрү жана Столешников чолок көчөсү. Мына ушул жерде ресторандар, кафелер, барлар, пабдар бар. Бул жерде 20дан 200 еврого чейин акча коротуп, жакшы тамактана аласыз.

Шаардын негизги ресторандар жайгашкан жери Патриарх көлмөлөрүнүн жака-бели. Бул жерде ресторан ачуу - бир жагы кадыр-барктуу иш болсо, экинчи жагы сапатына кепилдик берилет.

Москванын кызыктуу жаңы жайларынын бири - "Зарядье" сейил багы. Кремлдин дубалдарынын эле жанында. Бул жерде сейилдеп сүрөткө түшсө болот.

"Зарядье" паркы

"Зарядье" паркы

Бул жерде даамдуу грузин хинкалиси жасалат. Пельмен сыяктуу эле, бирок көрүнүшү бир аз башкача.

Негизи эле грузин ашканасы Москвада өтө популярдуу.

Грузин хинкалиси

Грузин хинкалиси

Музейлердеги соода күркөлөрүнөн эле шаардын символу түшүрүлгөн кымбат эмес буюмдарды алууга болот. Болбосо, Лефортовдогу мурдагы "Кристалл" заводунун имаратындагы базарга барып сатып алыңыз. Базар дем алыш күндөрү иштейт.

Санкт-Петербург

Петербургдун европалык образдагы шаар катары атагы, Орусиянын маданий борбору макамы болгону менен шаардын түпкүлүктүү калкы аны байыркы шаар катары эсептейт.

"Арстан" көпүрөсү

"Арстан" көпүрөсү

Петербург Европанын көп шаарларына салыштырганда бир топ эле арзан.

Жайында Петербург уктабайт, бул сөздүн түз маанисинде.
Таңкы беште күн чыгып, түн жарымга барып батат. Мунун “буурул түндөр” деп аташат. Мындайда түндүн кайсыл учуру болсо дагы жээкти бойлогон көчөлөрдөн элдин аягы үзүлбөй, айрым тамактануучу жайлар 24 саат иштейт.

Неванын үстүндөгү көпүрөнүн жабылып калганы ыңгайсыз болушу мүмкүн. Муну эске алганда, шаардын борбордук бөлүгүнө эле жайгашууга аракет кылыңыз. Жок эле дегенде, Петроград тарабына. Анткени, стадионго оңой өтүп кете аласыз.

Санкт-Петербург стадиону

Санкт-Петербург стадиону

Петроград тарабы – шаардын эң эски жана көрктүү району.

Бул жерде көчөлөр түптүз көрүнүшү мүмкүн. Бирок лабиринт сыяктуу бири-бирин кесип өтөт. “Берекелүү базар” деген соода жайы эртеден-кечке иштейт.

Петроград аймагы

Петроград аймагы

Кавказ сырын, фин балыгын, түштүктөн келген мөмө-жемиш, таттуулардын түрү сатылат. Акыркы жылдары Петербург жеке навайканалардын дүркүрөп көбөйүшүн баштан кечирүүдө. Мунун идеясы борбордук Европадан алынган.

Базардан алыс эмес жерде "Александров" паркы жайгашкан. Паркты аралап өтүп, "Петропавлов" чебине өтүп кетесиз. Андан ары Неванын жээги.

Эгерде сизге борбордук бөлүгүнө өтүш керек болсо, Троицкий көпүрөсүн колдонуңуз.

Саясий тарых музейине кайрыла кетсеңиз дагы өкүнбөйсүз. "Эрмитажды" көрүш үчүн бир апта убакыт керек. Ал эми бул музейге бир-эки саат жетиштүү.

Михайлов ак сарайы

Михайлов ак сарайы

№3 трамвай – туристтердин шаарды айланып чыгышына өтө ыңгайлуу жана арзан.

Михайлов ак сарайында император Павел I кутумчулар тарабынан өлтүрүлгөн. Буга улай эле бир топ кызыктуу имараттар бар.

Атактуу Мариинский театры дагы ушул жерде. Анын жака-белинде дачадан мөмө-жемиш терип келип саткан кемпирлерди көрөсүң.

Ушундай колориттин арасынан капчыгыңызга туура келген анчейин кымбат эмес ресторан- кафелерден каалаган даамды татып, тамактана аласыз.

Мариинский театрынын эски жана жаңы имараты

Мариинский театрынын эски жана жаңы имараты

Санкт-Петербургдун борбордук бөлүгү

Shawarma же doner kebab даамын татып көрүңүз.Бирок тамактан ууланып, футболдук беттешти өткөрүп жибербеш үчүн жакшылап тазалыгына маани бериңиз.

Шаурма

Шаурма

Некрасов жана Маяковский көчөлөрүндө петербургдуктар жактырган барлар жайгашкан.

Петербург Рубинштейн жана Думской көчөлөрү менен белгилүү. Биринчиси кымбат көчө, экинчисин кооптуу деп айтса болот.

Петербургдагы мыкты сувенирлерди "Подписные издания" китеп дүкөнүнөн карап көрүңүз.

Нева проспекти дайыма өзүнө тартып турат. Бирок андан качкан эле оң. “Нева проспекти атына-заты дал келбейт. Эки кылым мурун кандай болсо, эми деле ошондой” деп Гоголь жазган экен.

Орусиянын эң жаш, ачык жана өнүккөн шаары болгону менен чынында Петербург эч качан өзгөрбөй турат. Анын негизги парадоксу ушунда.

Нижний Новгород

Орусия баш калаасынан Нижний Новгород шаарына чейин төрт сааттык жол. Шаарды аралай өткөн дарыялар кайталангыс кооздугу менен суктандырат.

Стрит-арт кеңири жайылган

Стрит-арт кеңири жайылган

Стрит-арт кеңири жайылгандыктан, имараттарга түшүрүлгөн сүрөттөр шаардын туш тарабынан көзгө урунат. Нижний Новгороддо мындай сүрөттөр болжолу үч жүздөн ашуун.

Венгер скульптору Габор Миклош Жокенин металлдан жасаган “Бугу” эстелиги.

Волга дарыясынын жээги

Волга дарыясынын жээги

Ушунун баарын аралап өтүп, жөө эле шаардагы ресторандар көчөсү – Рождественскийге өтүп кетесиз. Бул жерде жергиликтүү даамдан сызып, көчөдө эле бийлесеңиз болот.

Нижний Новгород Кремли дагы кызыктуу жай. Жети миң чарчы метрди ээлеген заманбап искусство борбору ушул жерде жайгашкан.

Көргөзмөлөр, иш чаралар ушул жерде өтөт. Андан сырткары сувенир буюмдарын саткан дүкөндөр бар. Сүрөтчүлөрдүн мыкты эмгектерин, бооруна шаардагы тарыхый жайлар чегерилген жыгачтан жасалган буюмдарды алсаңыз болот.

Аягы көрүнбөгөн курулуштардан улам “көк тосмо” - Нижний Новгороддун бейрасмий символу болуп калган. 

Аягы көрүнбөгөн курулуштардан улам “көк тосмо” - Нижний Новгороддун бейрасмий символу болуп калган. 

Дарыяны жээктей кеткен Федоров көчөсүнөн Стрелка, Ярмарка, Канавинский көпүрөсү, Александр Невскийдин собору көрүнүп турат. Дүйнө чемпионатына курулган "Нижний Новгород" деп аталган стадион дагы ушул жерден көрүнөт. Бул жерге түндөсү келген жакшы. Тегеректин баары кызыл-тазыл, сууда кемелер сүзүп, жандуу турмуш.

"Нижний Новгород" стадиону 

"Нижний Новгород" стадиону 

Волга дарыясынын жээгинде жайгашкан Чкалов тепкичи

Шаардын негизги артериясы болгон Покровканы дагы көрө кеткен оң. Бул жер Минин, Пожарский, Горький аянттарын байланыштырат. Шаардын жогорку тарабындагы жалгыз метро станциясы - "Горький" ушул жерде жайгашкан.

Аянттан алыс эмес жерде белгилүү шаурма жасаган жай бар.

Шаурма

Шаурма

Бирок кезек күткөндөрдүн катары узун болгондуктан, даам сызып кетүү бир топ түйшүк жаратат.

Мамлекеттик банктын имараты

Мамлекеттик банктын имараты

Покровкада драм театр жайгашып, "Кладовка" аталган галерея иштейт.

Волга дарыясынын үстүнөн өткөн асма жол

Волга дарыясынын үстүнөн өткөн асма жол

Европадагы эң узун асма жолду да басып өтүңүз. Бир тарабы болгону 100 рубль. Асма жол Бор кыштагына алып барат.

Шаарга келген коноктор үчүн эң жакшысы - тар көчөлөр менен көбүрөөк сейилдеп келиңиз. Жыгач үйлөргө астейдил көз таштап, шаардагы жашоонун ыргагын жакындан сезесиз.

Калининград

Калининград 1945-жылга чейин немистердин Кенигсберг шаары болуп турган. Орусиянын эксклавы Польша, Литва менен чектешет.

XIX кылымда курулган Бранденберг дарбазасы

XIX кылымда курулган Бранденберг дарбазасы

Калининграддын немистерге мүнөздүү келбетинен азыр эч нерсе жок. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда шаар бомба чабуулуна кабылган.

Советтер союзуна өткөндөн кийинки алгачкы жылдарда эле немистердин архитектуралык мурастарынын изи өчкөн. Айрымдарын гана шаар сыртынан кезиктирүү мүмкүн.

Күйөрмандар үчүн “фан-зона” шаардын борбордук бөлүгүндө. Жанында “Кеңеш үйүнүн” чала курулган чоң имараты бар. Имаратты өткөн кылымдын 70-жылдары салып башташкан. Мунун ордунда орто кылымга таандык сепилдин урандылары болгон экен. Бирок иш негедир шашылыш жүргөндөй.

“Кеңеш үйүнүн” имараты

“Кеңеш үйүнүн” имараты

Мурда Кнайпхоф аталган аралда (азыркы аталышы Иммануил Канттын ысымына коюлган ) XIV кылымга таандык тарыхый Кафедралдык собор жайгашкан. Анын бүгүнкү күнгө чейин сакталып турганын көптөр кудайдын кудурети менен болду деп билишет.

Кнайпхофто бир учурда курулуштар жыш жайгашып, аралды ондогон көчөлөр кесип өтүп, кээси абдан тар эле. Согуш учурундагы аба чабуулдары баарын бүлүндүргөн.

Иммануил Канттын мүрзөсү

Иммануил Канттын мүрзөсү

Заңкайган имараттардан согушта бүлүнбөй аман калганы эле Кафедралдык собор. Анын сакталып калышына шаардын эң белгилүү тургуну, философ Иммануил Канттын эмгеги чоң деп эсептешет.

Кафедралдык собордон өткөндөн кийин “Рыбная деревня” кварталына чыгып кете турган көпүрө бар. Бул көпүрө дагы согушта талкаланбай калган сейрек курулуштардын бири.

“Рыбная деревня” кварталы Калининград үчүн эски шаардын ролун ойнойт (чынында шаардын мурунку калдыгы согуш жана советтик доор менен жок болгон). Бул жерде көптөгөн мейманкана, бар жана ресторандар, көңүл ачуучу жайлар жайгашкан.

Балыкчылардын району

Калининград үчүн мүнөздүү болгон тамактардын көбү балыктан жасалат.

Тоңдурулган балык

Тоңдурулган балык

Калининград – балыкчылар шаары. Мурда портто океандан балык туткан кубаттуу флот болгон. Ошондуктан балыктан жасалган даамдын түрлөрү келип чыккан.

"Дүйнөлүк океандар" музейи абдан кызыктуу. Маселен, анын коллекциясында терең сууга ылайыкталган "Мир -1", “Мир-2” аппараттары бар. Соңкусун атактуу голливуддук режиссер Жеймс Кэмерон "Титаник" тасмасын тартып жаткан учурда колдонгон. Мындай батискаф болбосо, тасманы тартуу кыйын болмогун автор кийин моюнуна алган экен.

B-413 суу алдында сүзүүчү аскердик кемеси

B-413 суу алдында сүзүүчү аскердик кемеси

Музейдин жанында суу алдында сүзүүчү советтик Б-413 кемеси турат. Бул аскердик кеме кансыз согуштун катышуучусу десе болот. 1960-жылдардан 90-жылдын башына чейин Жер Ортолук деңиз менен Атлантиканы бүтүндөй жортуп, күжүрмөн кайгуулда турган.

Калининград стадиону

Калининград стадиону

Екатеринбург

Екатеринбург — ыңгайлуу шаар. Шаардагы турмуштун ыргагына бат эле аралашып кетесиң.

"Ельцин борбору" пайда болгондон кийин анын айланасында жаңы ресторандар көбөйдү. Борбордук бөлүгү сейилдеп, эс алуучу жайга айланды.

Шаарды кыдырам десеңиз, чок ортосунан баштаган туура. Алды менен “Чекисттер шаарчасы” менен “Уралмашты” көрүңүз.

Бирок сизге тажрыйбалуу экскурсовод же Tatlin басмаканасынан чыккан архитектуралык колдонмо сөзсүз керек болот.

"Ак мунара"

"Ак мунара"

Дароо эле кызгыл-сары түстөгү үйлөрдү көрөсүз. Анан “Ак мунара” көзгө урунат.

Архитектор Моисей Рейшердин бул эмгеги өткөн кылымдын 20-жылдарынын этегиндеги конструктивдүүлүк эстелиги.

"Ельцин борбору"

"Ельцин борбору"

Бул жерден түз эле "1905-жылдагы аянт" деп аталган метрого сапар улайсыз. Андан "Ельцин борборуна" чейин жөө эле барасыз. Ресторандар каз-катар тизилген көчөнү аралап өтүп, стадионго жете келесиз.

Екатеринбург стадиону

Екатеринбург стадиону

Екатеринбургдун борбору

Шаарда азыр чыгыш ашканасы укмуштуудай кулачын жайган учур.

Почта имараты жайгашкан Ленин көчөсүндөгү 41-үй конструктивизмден калган дагы бир эстелик. Бул имараттарды жакында эле тазалап, кайрадан сырдап чыгышкан. Азыр бул жайда "тез татым" тамактарынан баштап, Вьетнам ашканасына чейин даамдар бар.

Пельмен

Пельмен

“Чекисттер шаарчасы” кварталында салттуу урал пельмени жана хаш деген тамактар даамдуу жасалат.

Сувенирлердин көбү Урал тоосунан алынган таштардан жасалат

Сувенирлердин көбү Урал тоосунан алынган таштардан жасалат

Волгоград

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин урандыдан кайра турган Сталинград – советтик кубаттуу державанын символу болгон. Шаарды дээрлик нөлдөн кайра куруп чыгышкан. 1961-жылы шаардын аталышы Волгоград болуп өзгөртүлгөн.

Азыркы күнгө чейин согуштун эстелиги, советтик архитектуранын, шаар куруу жана инженердик табылганын музейи болуп калды.

“Баатырлар аллеясы”

“Баатырлар аллеясы”

Шаарда бир-эки күнгө конок болуп келгендер болсо, каякка барам деп издеп олтуруштун кажети жок. Дароо эле Волга дарыясын бойлоп, “Баатырлар аллеясынан” "Борбордук маданият багына" чейин үч сааттык сейилдөөгө чыгыңыз. "Волгоград-Арена" стадионун жакалай өтүп кетесиз.

Бул аймак 1942-1943-жылдардагы Сталинград кармашын эске салып турат.

Вучетичтин эмгеги болгон 85 метр бийиктиктеги “Мекен Эне” – Европадагы эң бийик эстелик.

“Баатырлар аллеясы” – шаардагы сейилдей турган негизги көчө. Жанында популярдуу болгон кафе жана ресторандар жайгашкан.

Дагы бир жергиликтүү "касиети" - шаарда “киев котлетин” (тоок этинен) бардык дүкөндөн, бардык тамактануучу жайлардан таба аласыз.

№ 1 жергиликтүү деликатес - албетте, дондук рак.

№ 1 жергиликтүү деликатес - албетте, дондук рак

№ 1 жергиликтүү деликатес - албетте, дондук рак

Жээкти бойлоп бара жатканда шаардагы архитектуралык шедеврлер жолуга баштайт: "Сталинград үчүн кармаш" эстелиги жана анын жанындагы революцияга чейинки "Гергардт тегирмени".

Панорама – шаардагы эң мыкты музей. 1985-жылы ачылган

Панорама – шаардагы эң мыкты музей. 1985-жылы ачылган

Тегирмен – шаардагы эң эле "инстаграмдуу" жер. Көпчүлүк ушул жайда сүрөткө түшкөндү артык көрөт. Кызыл кыш менен курулган бул имарат Экинчи дүйнөлүк согушка чейинки Сталинграддын архитектурасын көрсөтүп турат. 1925-жылга чейин шаар Царицын деп аталып турган.

"Мамай Коргон" мемориалдык комплекси дагы шаардагы мыкты эстеликтердин бири.

Сталинград үчүн айгышкан кармашта бул эстелик турган жерди “102-бийиктик” деп аташкан.

Бул жерге барганда сизди согуш жылдарындагы музыка, ок атышуулардын, жардыруулардын үндөрү коштоп, Юрий Левитандын үнү жаңырып турат.

“Мекен-эне” эстелиги түшүрүлгөн сувенирлер.

“Мекен-эне” эстелиги түшүрүлгөн сувенирлер.

Андан кийин Вучетичтин эмгегине күбө болосуз. Бул 85 метр бийиктиктеги “Мекен Эне” – Европадагы эң бийик эстелик катары кала берди.

«Волгоград Арена» стадиону

«Волгоград Арена» стадиону

Казан

Татарстандын баш калаасы көп улуттуу, түрдүү маданияттар кесилишкен шаар.

Бирок Казанга чыгышка мүнөздүү болгон сырдуу жана сүрдүү шаар катары дагы баа берилип жүрөт. Андан сырткары “чиркөөдөн кийин эле мечит жайгашканы”, “адал шаурма жасалган жердин жарымын бар ээлеп турат” дегендей мифтер айтылат. Бул эми өзүнчө сөз. Негизгиси шаарга терең үңүлгөндө гана анын кереметин ачасың.

"Старое Аракчино" конушундагы бардык диндердин храмы

"Старое Аракчино" конушундагы бардык диндердин храмы

Шаардагы эски курулуштардын көбү республиканын президенттик администрациясы жайгашкан айланада.

Туристтерге жык-жыйма толгон шаардын бир топ көчөлөрүнөн айырмаланып, борбордук бөлүгү дээрлик тыптынч. Кечки тогуздан кийин жымжырт болуп калары таң калтырат.

Шаардын бир бөлүгүндө болсо жаңы курулуштар жүрүүдө.

"Казан-Арена" стадиону

"Казан-Арена" стадиону

Түзүлгөн шарттар, иреттүүлүк, меймандостук, ойлонулган инфраструктура Казандын артыкчылыгы.

Экзотика жөнүндө кеп: непадам Казан калаасынын метросуна түшүп калсаңыз, жарыяны үч тилде угасыз. Орусча, татарча, англисче.

Эгерде метро станцияларын байкап көргүңүз келсе, "Тукай аянты” станциясына барыңыз.

Исламга байланышкан сувенирлерден сырткары татарлардын улуттук оймо-чиймеси түшүрүлгөн бут кийим да сатылат.

Татарлардын улуттук оймо-чиймеси түшүрүлгөн бут кийимдери

Татарлардын улуттук оймо-чиймеси түшүрүлгөн бут кийимдери

Татарстандын улуттук даамдарын жергиликтүү жаштар өзгөртүп, "тез татым" тамактарына ылайыктап жасап калышкан.

Татарлардын улуттук даамдары

Татарлардын улуттук даамдары

Татарстанга келген коноктор сөзсүз "Бугульма" бальзамын дагы татып көрүшү абзел.

Үчпучмак жана "Бугульма"

Үчпучмак жана "Бугульма"

Казан тез өнүгүп жаткан шаар. Ал Орусиядагы эң ири алты шаардын бирөөсү.

Самара

Самаралыктар мегаполисте жашайбы же Волга жээгиндеги курорт шаарындабы? Муну өздөрү дагы аныктай элек. Жыгач курулуштар менен заңгыраган бизнес-борборлор жанаша жайгашкан. Шаардын чет жакасында болсо жаңы курулуштар жүрүүдө.

Князь Григорий Засекиндин эстелиги



Князь Григорий Засекиндин эстелиги

Туристтердин багыты шаардын дарыя жээгин бойлой кеткен көчөсүнөн башталат.

Бул жерде бир катар эстеликтерди көрүп өтөсүз: князь Засекиндин, бурлактардын жана советтик тасманын каарманы кызыл жоокер Суховдун эстелиги.

"На дне" бары

"На дне" бары

“Жигулевский” пиво заводуна жакын жерде туристтер көп кайрылган бар жайгашкан.

Бул жай самаралыктардын өтө урматтаган жери. Ошондуктан аларды капа кылбаш үчүн 85 рублга пивонун даамын татып кеткениңиз жөндүү.

Уникалдуу самаралык колорит менен таанышууну эски борбордон уланткан туура. Маселен, Галактионов, Чапаев жана Садовой көчөлөрүнөн.

"Самара-Арена" стадиону

"Самара-Арена" стадиону

Туристтерди жөө сейилдөө үчүн көп учурда Ленинград көчөсүнө ээрчитишет. Бирок, мында убакыт кетирүүнүн деле кажети жок. Анткени бул жайда ресторандар деле калган эмес.

Буга коңшулаш жайгашкан Куйбышев көчөсү чыныгы ресторандардын мекени.

Куйбышев көчөсү

Куйбышев көчөсү

Шаардыктардын өзү негизинен тамактануу үчүн “Дачная-2”, “Дачная-2 Г” жана “Коммунисттик-90” деген даректерге барышат. Бул кварталда европалык ашканага артыкчылык берген бир нече ресторан бар.

Даамдуу тамакты өтө баалагандарга дагы бир жакшы жай - Маяковский көчөсүндөгү чакан кафелер.

Грузин ашканасы

Грузин ашканасы

Бул жерде негизинен Борбор Азия жана грузин улуттук ашканалары. 200 рублга майлуу лагман, плов жеп, тамшанып кетесиз.

Ширяеводогу туристтерге кызыктуу жайлар

Ширяеводогу туристтерге кызыктуу жайлар

Самаралыктардын кимиси болбосун шаардан кетип бара жатканда, эстелик үчүн "Родные просторы" аталган таттууларды ала кетүүгө кеңеш берет.

"Родные просторы" таттуулары

"Родные просторы" таттуулары

Бул таттуулар жергиликтүү шоколад фабрикасында даярдалган.

Балыктын жыты - сүрдүү жана керметтүү Волганын жээгиндеги шаарда жүргөнүңдү ар дайым эске салып турат.

Кургатылган балык

Кургатылган балык

Ростов-на-Дону

Дон дарыясынын жээгиндеги Ростов-на-Дону шаары соода жолдору тогошкон жерде жайгашып, эркиндикти сүйгөн казактар, демилгелүү соодагерлер байырлап келген.

Жергиликтүү калк сооданын, эркиндиктин жана жашоого ыракаттануунун деми азырга чейин сезилет деп айтышат.

Ростов Орусиянын түштүк борбору, Кавказдын дарбазасы. Шаарда жүзгө жакын улуттун өкүлдөрү жашайт.

Дондук казактын сүрөтү түшүрүлгөн сувенир

Дондук казактын сүрөтү түшүрүлгөн сувенир

Албетте, Ростов дегенде эле көзгө тартыла түшкөн – Дон дарыясы. Ошондуктан биринчи барганда эле жээкти бойлой басып, балык кармап же теплоход менен сейилдеңиз.

Шаардын борбордук бөлүгүндөгү Чехов көчөсүндө “Парамонов кампасы” деп аталган эски жай бар. Жарымы урап турган бул имаратка 100 жылдан ашты. Жер алдынан булактар агып чыгып, байыркы Римдегидей көрүнүштү элестетет.

“Парамонов кампасы” 

“Парамонов кампасы” 

Ростовдун Борбордук базары өзүнчө тарых. Базардын ортосунда башкы кафедралдык собор жайгашкан. Собордун курулушу дагы кооз, өзүнө тартып турат.

Собор Борбордук базардын ортосунда жайгашкан

Ростовдогу эски курулуштар – “Большая Садовая” көчөсүнүн эки тарабындагы кварталдарда. XIX кылымга таандык курулуштар бар.

Соодагерлердин эски үйлөрү, асфальттын ордуна таш төшөлгөн көчө романтикалуу сейилдөөгө мыкты жай.

“Большая Садовая” көчөсү

“Большая Садовая” көчөсү

Ростовдуктар бош убактысын "Театралдык" аянтта же "Октябрь революциясы" паркында өткөргөндү жакшы көрүшөт.

Бул жерде Горький атындагы театр жайгашкан.

"Театралдык" аянт

"Театралдык" аянт

Өткөн кылымдын 30-жылдары курулган конструктивдүү имараттын көрүнүшү тракторго окшош. Балким, архитекторлор атайын эле индустриалдык беш жылдыктын эстелигине айланткысы келгендир.

Мындан жогору барганда дагы бир конструктивдүү имарат бар – музыкалык театр. Ал фортепианонун формасында курулган.

"Ростов-Арена" стадиону Дондун сол жээгинде курулду

"Ростов-Арена" стадиону Дондун сол жээгинде курулду

Дондун сол жээгинде "Ростов-Арена" стадиону курулду. Анын тегерегиндеги парк дагы шаардыктар үчүн популярдуу жай болуп калды. Бул жерде ресторан, барлар пайда болуп, эс алууга шарттар түзүлгөн.

Сочи

Сочиде кандай экенин үч сөз менен түшүндүрүүгө туура келсе, анда минтип сүрөттөсө болот: жылуу, даамдуу, кымбат. Чынында эле аймактын климаты жылуу, жери түшүмдүү жана баалары кымбат.

Учурунда советтик жогорку кызматтагы кишилер эс алган жана чет элдик конокторду алып келишкен. Азыр деле жеке иш сапары менен келген атактуулар арбын.

Эгерде сиз Сочиге кыска мөөнөткө келсеңиз, бара турган жериңизди тандаңыз: Адлер, Красная Поляна же шаардын борбору. Үчөөнү тең көрөм десеңиз, алардын жайгашкан аралыктары узак, үлгүрбөйсүз.

2014-жылы өткөн Олимпиаданын оюнчуктары

2014-жылы өткөн Олимпиаданын оюнчуктары

Биздин кеңешибиз: Адлерге же Олимпиада паркына барыңыз.

Николай II бул жерге үй-бүлөсү менен келип эс алганды жана конокторду ээрчитип келгенди жакшы көргөн экен.

Адлерден Красная Полянага оңой эле келесиң. Бул жерде үч тоо курорту бар.

"Фишт" стадиону

"Фишт" стадиону

"Фишт" стадиону жана Олимпиада паркы

Сочинин борбордук бөлүгүн тандаган болсоңуз, анда Несебрской көчөсүндөгү деңиз портуна жөнөңүз.

Бул жерде эски архитектура (сталиндик учурдагы) менен жаңы үлгүдөгү курулуштардын жуурулушуп турганы дагы өзгөчө көрктүү.

Сочидеги деңиздин даамдары

Сочидеги деңиздин даамдары

Орджоникидзе көчөсүндө абдан даамдуу жана баасы жөндүү даамдар бар. Эгерде жергиликтүү колоритти сезгиңиз келсе, анда буйдалбастан ошол жакка жөнөңүз. Бул жерден шишкебектен тартып, түрдүү даамдарды татасыз.

Андан ары Навагинская көчөсү. Шаардын борборундагы кооз жер. Шаардыктардын көбү бош убактысын ушул жерде өткөргөндү жактырышат.

Шаардын борбордук бөлүгүндө жашагандар деңиз портуна, Навагинге, “Ривьера” паркына, “Море Молл” соода борборуна көп барышат.

Сочинин дендария дарактары жайгашкан паркына дагы баш баксаңыз болот. 40 гектардан турган бакта 1500дөн ашуун дарак отургузулган.

Сочинин Дендрарий багы

Сочинин Дендрарий багы

Саранск

Саранск - дүйнөлүк чемпионатты кабыл алып жаткан провинциалдык шаар. Дүйнө чемпионатын кабыл алышы шаардыктар үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Мордовиянын баш калаасы футболдун арты менен бир топ өзгөрдү. Жаңы курулган стадиондон алыс эмес жерде жаңы микрорайон пайда болду.

Мордовиянын салттуу кийимин кийген аялдар 

Мордовиянын салттуу кийимин кийген аялдар 

Жергиликтүү аэропорт жанданып, жолдор курулуп, транспорттук түйүндөр көбөйдү.

Жол белгилери төрт тилде жазылып (экөө мордовалык тил), сиздин Орусиянын өзгөчө аймагында жүргөнүңүздү эске салып турат.

Футбол беттештери өтө турган күнү көчөлөр мордовалык оймо-чиймелер менен шөкөттөлүп, сувенирлер сатылат. Алардын ичинен эң эле өтүмдүүсү - мордовалыктар сыйынган кудайлардын кейпи түшүрүлгөн буюмдар.

Мордовалык оймо-чиймелер

Мордовалык оймо-чиймелер

Мордовалык усталардын жыгачтан жасалган буюмдары өзгөчө көңүлдү бурат. Булардын көбү Мордовиянын белгилүү скульптору Степан Эрьзянын чыгармачылыгын улантуучулар.

Степан Эрьзянын эмгеги

Степан Эрьзянын эмгеги

Саранск чакан шаар болгондуктан сырттан келгендерди кызыктырган жайлары “Мордовия-Арена" стадионунан алыс деле эмес.

Дүйнөлүк чемпионат өтүп жаткан учурда шаардын борбордук бөлүгү жөө жүргүнчүлөргө толот.

Мордованын мамлекеттик университи

Мордованын мамлекеттик университи

“Мордовия-Арена" стадиону

Андан ары жолуңузду улантсаңыз, Кафедралдык соборго барасыз. Бул эми кийинки эле курулуш, бирок абдан таасирдүү.

Кызык жери, собор Большевиктер жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашканы.

Үй-бүлөгө арналган эстелик

Үй-бүлөгө арналган эстелик

Тамактануу жайлары аз болгондуктан маселе жаралышы мүмкүн. Жергиликтүүлөр мыкты тамак жасалган жайларды манжа менен эле санап беришет. 40 миңдей сырттан келген футбол күйөрмандарын кантип тамактандырат? Болбой баратканда чебуреки же шаурма сыяктуу тез татымдар менен өзөк жалгайсыз.

Мордовияга келгенден кийин "офтонь мадят" ("аюу таманы") жеп, "позы" (квас) ичпей кетсеңиз болбой калат. Мындан татып көрүш керек.

"Офтонь мадят" ("Аюу таманы") аюунун этинен жасалбайт 

"Офтонь мадят" ("Аюу таманы") аюунун этинен жасалбайт 

Дүйнөлүк чемпионаттагы жагымдуу шарттар шаардын борбордук бөлүгүндө гана жаралды.

Борбордон алыстаганда эле шаардын мурдагы жүзү көрүнөт. Бузулган жолдор жана эски имараттар, жакыр жашоо...

Саранск шаарында мурдагыдай эле үйлөрдүн короосунда алагүү болгон жаштардын өтө деле меймандостугу байкалбаган түрүн көрсө болот. Бирок Мордовиянын баш калаасына бир эле күнгө келген болсоңуз, чыныгы жашоону терең билгенге сизде убакыт деле болбойт.