Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 10-февралда муфтий Максатбек Токтомушевди кармап, камаганын кабарлады. Ага чейин Муфтияттын башкы бухгалтери УКМКнын кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаганы үчүн кармалган эле.
Сауд Арабиясы эки аптадан бери жабык турган чек араларын ачып, аба каттамдарын жандантты. Эр-Рияддын чечими коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу кабыл алынган эле.
Франциянын бийлиги мечиттерди жана намазканаларды массалык түрдө текшерүүгө алууда. Ички иштер министри Жералд Дарманендин айтымында, кайсыл бир диний жайда экстремизмге чакырык болсо, дароо жабылат.
Орусия мусулмандар дин башкармалыгынын Уламалар кеңешинин "мусулмандар исламды карманган гана аялдар менен никеге туруусу керек" деген фатвасы кызуу талкууга түштү.
"Оо кудай, Америкага ырайым кыл". АКШ президентинин эл алдындагы кайрылууларынын баары ушундай сөз менен аяктайт. Дин америка саясатында ар дайым сезилерлик таасирге ээ болуп келген.