Афганстан

  1. Афган тилмечи (оңдо) американын жоокерлерине жергиликтүүлөр менен баарлашууга жардам берүүдө

    Америка Кошмо Штаттары жаңжал учурунда АКШ баштаган күчтөргө жардам берген, эми коопсуздугуна коркунуч келип жаткан афган тилмечтерин эвакуациялоону баштайт.

    Кошумча маалымат
    next
  2. АКШ менен НАТО аскерлери 20 жылдык согуштан кийин Афганистандан чыгып жатышат. Согуш Афганистанды кандайча өзгөрттү, эми эмне болот? Цифралар айтып берет.

    Кошумча маалымат
    next
  3. Акчолпон Койчиева

    Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери

    АКШ-Афганистан_Кытай

    АКШ аскерлери Афганистандан чыгып жатканда, бул аймакка Кытай дагы кызыгуу менен көз салып турат. Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгеси, Афганистанды да камтууну көздөйт. Ошондо, бул өлкөдө кандай долбоор аткарылышы мүмкүн?

    Кошумча маалымат
    next
  4. Камчыбек Ташиев

    Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ооганстандагы түзүлүп жаткан кырдаалды Кыргызстан үчүн тышкы коркунуч деп билдирди. Анын айтымында, бул өлкөдөн качкындар келиши күтүлүүдө, ошондой эле бул жактан Борбордук Азия өлкөлөрүн көздөй ар кандай террордук-экстремисттик уюмдар баш көтөрүп баштады.

    Кошумча маалымат
    next
  5. Кытайдын лидери Си Цзиньпин

    Учурда Кытайдын дагы Афганистанга кызыгуусу артып турган чак. Чындыгында Кытай көптөн бери эле Афганистандагы экономикалык кызыкчылыктарын аныктап, эсебин чыгарып койгон. Буга чейин Афганистанда Америка Кошмо штаттары үстөмдүк кылып келген соң, Кытай активдүү аракетке өтө элек болчу. Эми орун да бошоду, жол да бошоду.

    Кошумча маалымат
    next
  6. An Afghan army soldier surveys belongings left by the US military inside the Bagram Air Base, some 50 kilometers north of the capital Kabul.

    Базанын жаңы командиринин айтымында, америкалык аскерлер Ооганстандагы эң маанилүү база болгон Баграм аба майданын түн жамынып, оогандыктарга айтпай туруп таштап кетишти.

    Кошумча маалымат
    next
  7. Владимир Путин менен Эмомали Рахмон

    Кечээ Тажикстан Афганистан менен чек арасын бекемдөө максатында 20 000 резервистти мобилизациялады. Кечээ кечинде Оруссиянын президенти Владимир Путин менен тажик президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу чек арадагы кырдаалды талкуулашты.

    Кошумча маалымат
    next
  8. Талибан жоокерлери Лангман провинциясында

    20 жылдык согушта дүйнөнүн эң күчтүү армиясына моюн бербеген “Талибан” деген ким, кандай жаралган, азыр анын башында кимдер турат?

    Кошумча маалымат
    next
  9. Эрика Марат, Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору

    Талибандын Ооганстандын Тажикстан менен чек арасына кирип келиши бул күндөрү Дүйшөмбүдө өтүп жаткан кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнө таасир бердиби?

    Кошумча маалымат
    next
  10. Абдыбек Казиев

    Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

    О. Молдалиев: Талибандын көздөгөнү Кабулда кайрадан бийлиикти алуу

    АКШ ушул жылдын сентябрь айына чейин Ооганстандан аскер күчтөрүн толук чыгарып кетүүгө камынууда. Эми ал өлкөдөгү абал кандай болот, "Талибан" кыймылы менен ооган өкмөтү тил табыша алабы же абал дагы оорлойбу деген суроолор кабыргасынан турат. Себеби аталган кыймыл Ооганстандын улам бир аймагын өз көзөмөлүн орнотууда. 

    Кошумча маалымат
    next