Сөз эркиндиги

  1. Садыр Жапаров: Таза жана адилет шайлоо өткөрө аларыбызды далилдедик

    Президент Садыр Жапаров бүгүнкү парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктагандан кийин өлкөнүн калкына кайрылуу жасады.

    "Бул ирет саясий өнөктүгүбүздү калыс, адилет, ачык-айкын, таза жана тынч өткөрүп алганыбыз чоң жетишкендик болду. Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздүн эгемендигинин 30 жылдык тарыхында болуп өткөн революциялардын баарына бийликтин шайлоо процессине кийлигишүүсү, кайсы-бир партияларды күчтөп сүрөөнгө алышы себеп болуп келген. Биз, калыстыкты туу туткан калкыбыздын эркине каршы келген мурдагы жагымсыз окуялардан сабак алып, парламенттик шайлоону таза, мыйзам талаптарына ылайык өткөрүүнү башкы милдетибиз катары кабыл алганбыз. Биз демократиялык өлкө катары ушул милдетибизди так аткардык десем жаңылышпаймын. Бийлик тараптан бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей, Конституцияда кандай белгиленсе, так ошондой теңдик шарттар түзүлдү. Бирөөнө дагы жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок. Ошондуктан, шайлоо өнөктүгүн баштан аяк мыйзамдын чегинде, ачык-айрымдуулуктун шартында жүргүзүүнү камсыз кыла алдык. Таза жана адилет шайлоо өткөрө аларыбызды далилдедик!",-деди президент.

    Мамлекет башчысы ошондой эле шайлоого катышкан жана белгилүү себептер менен катыша албай калган бардык саясий күчтөргө кайрылып, шайлоонун жыйынтыктарын таанып, элдин эркине баш ийүү - мыйзамдын жана демократиянын талабы деп билдирди.

    "Демократиялык өнүгүү жолун тандаган Кыргызстанга эң биринчи кезекте тынчтык жана туруктуулук керек! Кимде ким негиз жок эле тынчтыкты, туруктуулукту бузам деген аракети болсо, андай жарандарга катуу чаралар көрүлөт",-деди Садыр Жапаров.

    Садыр Жапаров бардык саясий күчтөрдү шайлоонун жыйынтыктарын таанып, элдин эркине баш ийүүгө чакырды
    Image caption: Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктагандан кийин бардык саясий күчтөрдү шайлоонун жыйынтыктарын таанып, элдин эркине баш ийүүгө чакырды
  2. 18:00 - Шайлоочулардын 28% добуш берди

    Добуш берүүгө катышкан шайлоочулар саны кечки саат алтыга карата бир миллиондон ашты же жалпысынан 28 % түздү.

    Эң жогорку көрсөткүч мурдагыдай эле Нарын областында - 32.04%. Эң төмөнкү көрсөткүч - Чүй областында - 25%. Бишкекте шайлоочулардын активдүүлүгү 27%.

    БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров добуш берүүдө шайлоочулардын активдүүлүгү эмне үчүн төмөн болуп жатканы жөнүндө суроого жооп берип жатып, анын негизги себеби бул шайлоодо форма эки менен добуш берүү болбогонун билдирди. Анын айтымында, бир жыл мурдакы шайлоодо форма эки менен добуш берген шайлоочулардын саны жарым миллионго чейин жеткен болчу. "Бул абдан олуттуу сан"-деди Тынчтык Шайназаров.

    Саат 18:00гө жалпы республика боюнча шайлоочулардын 28% добуш берди.
    Image caption: Саат 18:00гө жалпы республика боюнча шайлоочулардын 28% добуш берди.
    Добуш берүүгө шайлоочулардын катышуусу региондор боюнча. 28.11.21- ж. 18:00гө карата.
    Image caption: Добуш берүүгө шайлоочулардын катышуусу региондор боюнча.
  3. Кадыр Атамбаев: Оппозициялык партияларга каршы оюндар болуп жатат

    Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу, социал-демократтар партиясынан депутаттыкка талапкер Кадыр Атамбаев шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө оппозициялык партияларга жана талапкерлерге каршы ар кандай оюндар жүрүп жатканын айтууда.

    "Шайлоого эки-үч калганда массалык добуш сатып алуу фактылары менен кармалган бир мандаттуу талапкерлер болду. Бирок аларга эмне үчүндүр чара көрүлгөн жок. Бул жерде оппозициялык партияларга, оппозициялык талапкерлерге каршы өзүнчө оюн болуп жатат деп ойлойбуз. Административдик ресурстун колдонулуп жатканына биз өзүбүз күбө болдук. Аламүдүн округунда "Ата- Журт Кыргызстан" партиясы жана талапкер Фархад Тлеундыбаев үчүн иштеп жаткан домкомдордун диалогун уктук. Бул кашкайып көрүнүп турат. Бирок, тилекке каршы, БШК Рыскелди Момбековго каршы чара көргөндөй ыкчамдык менен чара көрбөгөнү катуу ойго салат",-деди Кадыр Атамбаев "Фейсбуктан".

    Кадыр Атамбаев
    Image caption: Кадыр Атамбаев бул шайлоодо социал-демократтар партиясынын тизмесин баштап чыкты.
  4. "Жалпы иш" коомдук фонду: Шайлоо участкаларынын 2%ы санитардык талаптарды аткарган жок

    "Жалпы иш" коомдук фондунун маалыматы боюнча шайлоо участкаларынын 78% санитардык талаптарды толук, 20% жарым-жартылай аткарды, 2% такыр аткарышкан жок.

    "Жалпы иш" коомдук фонду бул шайлоого көз каранды эмес байкоо жүргүзүүдө. Анын 72 узак мөөнөттүү жана 600 кыска мөөнөттүү байкоочулары иштеп жатат.

    Кээ бир шайлоо участкаларында санитардык талаптар аткарылган жок
    Image caption: Кээ бир шайлоо участкаларында санитардык талаптар аткарылган жок
  5. Шайлоодо эң жогорку активдүүлүк Нарын областында

    Нарын областы боюнча саат 14.00 гө карата добуш бергендер шайлоочулардын жалпы санынын 18.94% түздү. Бул өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүч.

    Тоолуу Нарын областында баардыгы 208 миңден ашык шайлоочу бар.
    Image caption: Тоолуу Нарын областында баардыгы 208 миңден ашык шайлоочу бар.
  6. Кыргыз демократиясынын чоң сыноосу

    Жогорку Кеңешке шайлоого 21 партия аттанган, бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер катышууда.

    Бир жыл мурдагы шайлоо чоң чырга айланып, жараксыз болуп, бийлик алмашууга алып келген. Жаңы бийлик шайлоону жаңырган мыйзамдык эрежелер менен өткөрүүдө.

    Жогорку Кеңештеги орундар 120дан токсонго кыскарды, анын ичинен 54 - саясий партияларга, 36 - бир мандаттуу округдарга берилет.

    Шайлоодо биринчи жолу преференциалдык добуш берүү болуп жатат. Шайлоочулар партиялык тизмедеги талапкерлерди да тандайт.

    Саясий партиялар үчүн босого чек жети пайыздан беш пайызга түшүрүлгөн.

    Шайлоого элдин катышуусунун милдеттүү бир чеги коюлган эмес, канча шайлоочу катышса дагы шайлоо жарактуу болот.

    Бир мандаттуу округдар үчүн экинчи тур болбойт, биринчи турда эң көп добуш алган талапкер жеңүүчү болот.

    Президент Садыр Жапаров бул шайлоодо бийликтин партиясы болбойт деп билдирген. Ошол эле учурда бийликке “Ата-Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак” партиялары жан тарткан күчтөр катары каралууда. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Мекен”, Социал-демократтар - оппозициялык партиялар.

    Шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузгандыгы үчүн эки талапкер жарыштан чыгарылды. Бир нече талапкерге акчалай айып салынды.

    Үгүт өнөктүгү учурунда активдүүлүк социалдык медиа менен мессенжерлерге көчтү.

    БШК, Финансы чалгын кызматы электрондук капчыктар аркылуу добуш сатып алуу болот деп шектүү финансылык операцияларга мониторинг жүргүздү.

    Шайлоого эки күн калганда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөдө бийликти күч менен кулатууну пландаган кылмыштуу топ кармалганын билдирди.

    Шайлоо коронавирус пандемиясынын убагында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтүшү керек.

    Бул шайлоо өлкөдө энергетикалык кризис курчуп турган учурга туш келди, көмүр кымбат жана каат болуп, электр жарыгын өчүрүүлөр болууда.

    Шайлоого жети жүздөн ашык эл аралык байкоочу катышууда, анын ичинде КМШ, ЕККУ, Европа Кеңешинин, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясынын байкоочулар бар. (КС)

    Бишкек, Манастын эстелиги
    Image caption: Бишкек, Манастын эстелиги
  7. Курсан Асанов

    Генерал Курсан Асанов бийликти басып алууга аракети кылган деп УКМК бетке кармаган аудио жазуу жасалма экени жөнүндө эксперттердин корутундусу келди. Аны Москва менен Алматы шаарындагы эксперттер чыгарган.

    Кошумча маалымат
    next
  8. Октябрь окуялары

    Президент Садыр Жапаров октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата калкка кайрылуу жолдоду. Анда мамлекет башчы бир жыл мурдагы бийлик алмашууга алып келген окуялардын башкы себеби катары бийликтеги саясий коррупциялашкан системаны атады.

    Кошумча маалымат
    next
  9. Кубатбек Чекиров

    Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек

    Ак үй алдындагы пикет

    "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште өтпөй калган менен аны биротоло бүттү деп кубанууга эрте деген маанайдагы талкуулар болууда. Бийлик үчүн керектүү долбоор бул жагынан болбосо башка жагынан качан болбосун кайтып келбей койбойт дешет.

    Кошумча маалымат
    next
  10. Айбек Абдылдаев

    Би-Би-Си Кыргыз кызматы

    Айбек Абдылдаев

    "Тажрыйба - эң мыкты насаатчы" деген сөз бар. Бирок тажрыйба жылдап-жылдап чогулуп, ал кишилер тарабынан берилет. Кудайга шүгүр, мен башынан эле насаатчылардан жолдуу болуп келе жатам.

    Кошумча маалымат
    next