Орусиядагы Дүйнөлүк футбол чемпионаты өтөт турган шаарлардын бири - Волгоград. Бул шаардагы стадион курулуп жаткан учурда дагы Экинчи дүйнөлүк согуштан калган сөөктөр табылды.
Жапон футболчулары жана күйөрмандары биринчи кезекте өздөрүнүн тазалыгы менен дүйнөгө таанылган. Мунусу Бишкекке келген беттеш учурунда дагы көз жаздымда калган жок.
Сентябрдын башында футбол оюнуна эркектин кийими менен кирүүгө аракеттенген Сахар Ходайяри камакка алынган. Түрмөгө баруудан коркуп футбол күйөрманы сот имаратынын алдында өзүн өрттөп салган.
Испаниялык "Барселона" жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси Эл аралык футбол бирикмесинин версиясы боюнча жылдын мыктысы аталды.
Жаңы Зеландия парламентинин спикери Тревор Малларддын ымыркайды алдына алып, жыйын өтүп жатканда тартылган сүрөтү коомдук сайттарда чоң популярдуулукка ээ болду. Маллард балага бөтөлкө менен сүт берип, аны менен ойноп олтурганча эле, жыйынды алып барган.