Абаанын кирдеши

  1. Queue of traffic

    Улуу Британиянын өкмөтү 2035-жылга барып дизель жана бензин, ал тургай гибриддик унааларга толугу менен тыюу салуу чечимин кабыл алды. Буга чейин өкмөт мындай чара 2040-жылы киргизилет деп пландаган.

    Кошумча маалымат
    next
  2. Абдыбек Казиев

    Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

    Алтынбек Усенов: Кудай жалгап акыркы эки күндөн бери жаан себелеп жатат. Баягы шатыратып жаап, өрттү өчүрүп кетсе кандай керемет болот эле...

    Австралия өз тарыхындагы эң чоң өрттү башынан кечирүүдө. Би-Би-Си Австралияда жашаган кыргызстандык менен байланышып, кенен маек курду.

    Кошумча маалымат
    next
  3. Абдыбек Казиев

    Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

    Шаарда аба кирдеп жатканына кабатыр активисттер жаңы жыл тосуу убагында жардыргыч колдонбоо чакырыктары менен акция да өткөрүштү

    Баса, шаарлыктарга жакшы маанай тартуулоо үчүн Бишкек мэриясы борбордук аянтка көз жоосун алган балаты орнотту. Майрам жасалга жана концерт менен эле чектелеби же салют шоусу да көрсөтүлөбү деп сурап, мэрияга кайрылдым.

    Кошумча маалымат
    next
  4. Азиза Марат кызы

    Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

    Индиянын борбору Делиде абанын кирдеши коопсуз деген чектен 20 эсе ашты

    Булганыч абадан эң көп балдар жабыркайт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде 2016-жылы 600 миң бала булганган абадан улам көз жумду. Бул айрыкча кирешеси төмөн өлкөлөргө тиешелүү. Балдарды булганган абанын терс таасирлеринен кантип коргойбуз?

    Кошумча маалымат
    next
  5. Абдыбек Казиев

    Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

    "2014-жылы 106 миңден ашуун, 2015-жылы 2000ге жакын ал эми 2016- 2017-жылы бул көрсөткүч кескин төмөндөп жылына 67-68 гана автоунаа ташылып келген",- дейт эксперт Айдарбек Самыкбаев.

    Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн ташылган унаалардын бажы төлөмү 2020-жылга чейин арзандатылды. Башкача айтканда 2014-жылкы эски тарифтер менен бажы төлөмү алынат.

    Кошумча маалымат
    next
  6. Таза суу

    Жер шарынын 70 пайыздайы суудан турганына карабастан, өзгөчө иче турган таза суу көп деле эмес. Суулардын көбү туздуу болуп, Жерде таза суу болгону үч пайыздай гана бар.

    Кошумча маалымат
    next