Сот

  1. Гүлбара Калиева

    Сотторду тандоо кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кол тийбестиктен ажыратты. Калиевага УКМК кылмыш ишин козгогон эле. Ал коррупцияга жана кызматынан кыянат пайдаланууга шектелген. Сот тутумунун башында турган кишини кылмыш жоопкерчилигине тартуу Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатканына эксперттер көңүл бурушууда.

    Кошумча маалымат
    next
  2. Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров №47 колонияда 25-июлда каза болгону кабарланды

    Европа Биримдиги Азимжан Аскаров кандай жагдайда каза болгонун тактоого чакырды. Жактоочусунун айтымында, маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертиза борборунда. Жубайы менен адвокаты аны Өзбекстанга алып чыгууга аракет кылып жатат.

    Кошумча маалымат
    next
  3. Судьянын ичимдик ичип алып машина айдап жүргөнүн жергиликтүү журналисттер видеого тартып чыгарышкан

    Жаңы жылдык корпоративден кийин мас болуп машина айдап баратып, башка бирөөнүн машинасын сүзүп алган судья кызматынан алынмай болду. КР Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы Э. Сулайманова судьянын кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгы үчүн аны кызматтан алуу сунушун президентке жөнөттү.

    Кошумча маалымат
    next
  4. Азиза Марат кызы

    Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

    Журналист Алишер Саиповду 26 жашында атып кетишкен

    Мындан он эки жыл илгери киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун иши кайра жанданды. Башкы прокуратуранын билдиришинче, аны изилдегенде кошумча тергөө иш-аракеттери зарыл экени белгилүү болгон.

    Кошумча маалымат
    next