Борбордук Азия

  1. Досым Сатпаев: Гладиатор оюндарына окшош, интригалуу шайлоо

    Белгилүү казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоонун өзү эмес, андан кийинки саясий кырдаал маанилүү дейт.

    Досым Сатпаев: Парламенттик шайлоого 21 саясий партиянын катышып жатканынын өзү эле шайлоо атаандаштык шартында өтүп жатканын көрсөтүүдө. Шайлоого жаш, ардагер дагы партиялар аттанышып, гладиатор оюндарына окшошуп, интрига сакталууда. Бул абдан маанилүү нерсе.

    Кыргызстан Борбор Азияда шайлоонун жыйынтыгы кандай болот деген саясий интригасы бар бирден бир өлкө десек болот. Ар бир шайлоодон кийин бийлик өзгөрүп кетеби, кезектеги баш-аламандык болобу деген суроолор сөзсүз болот. Андыктан Кыргызстандагы шайлоолорго Казакстанда буга чейин, азыр деле кызыгуу бар. Ал кызыгуу эксперттик коомчулукта эле эмес, кадимки казак жарандарында деле бар. Ысык-Көлгө барып эс алып кеткен казакстандыктар көп, алар үчүн дагы коңшу өлкөдөгү саясий окуялар кызык.

    Кыргызстанда ошондой эле казак инвесторлорунун көп бизнестери бар. Алар үчүн дагы инвестициялык тобокелчилик деген маселе бар да. Бирок бул жерде шайлоо эмес, шайлоодон кийин эмне болот деген суроо кызык.

    Досым Сатпаев
  2. Казакстандык саясат талдоочу: жаңы кыргыз парламенти ЕАЭБге жүк ташууну жөнгө салышы керек

    “Евразиялык мониторинг” аналитикалык изилдөөлөр борборунун директору Алибек Тажибаев Би-Би-Сиге маек куруп, Кыргызстанда болуп жаткан парламенттик шайлоолорго Казакстанда дагы кызыгуу күч болуп жатканын айтты.

    Алибек Тажибаев: Борбор Азияда эң эле тыгыз экономикалык карым-катнаш Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жүрөт. Тилекке каршы, соңку жылдары эки өлкө аралык тез чече турган маселелер көбөйүп кетти.

    Эң биринчи кезекте бул кыргызстандык товарларды Россияга Казакстан аркылуу ташып өтүүдөн чыккан маселелер. Россия ЕАЭБ алкагында эң ири рынок болуп кыргыз бизнесин кызыктырып жаткандыгын түшүнүп жатабыз. Бирок инфраструктура жана логистикалык даярдыктын чабалдыгы өткөрмө бекеттеринде көйгөй жаратып жатат. Аны чечүү үчүн эффективдүү мыйзамдар керек. Кыргызстанда өтүп жатканы шайлоолордон кийин ушул тармактагы жөнгө салууларды күтөбүз.

    Мындай сунуш Казакстанда өткөн 10-Жарандык форумда да айтылды.

    Кыргызстан эгемендик алганы татаал бирок уникалдуу каршылык демократиясын тандады. ЕККУнун көп санда байкоочуларынын көзөмөлүндө өтүп жаткан азыркы шайлоолор Кыргызстандын саясий, экономикалык сыноолорун жыйынтыктайт деп күтөт элем. Тышкы саясатка көңүл бурууга убакыт келди.

    Кыргызстанда катардагы жарандар жашоо деңгээлин көтөрчү өзгөрүүлөрдү күтүп, шайлоолор өтүп жатат. Өлкө президенттик башкарууга багыт алып, азыр социалдык-саясий парадигмалар өзгөрүп жаткан транзиттик абалда. Бул шайлоолордун негизги чакырыгы – аны тийиштүү деңгээлде уюштуруу.

    Тажибаев
  3. Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Түркмөнстанга кетти

    Садыр Жапаров 28-ноябрда шайлоодо добуш берип бүткөндөн кийин жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти.

    Бул сапардын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Уюмга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчылары ЭКУ мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат, ошондой эле Түркмөнстандын Уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарары күтүлүүдө.

    Саммиттин жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу Декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

    Садыр Жапаров бүгүн эле кечинде Бишкекке кайта келет деп кабарланды. (КС)

    Президент Садыр Жапаров
  4. Аскер формасын кийген Талибан жоокерлерли Кабулдагы аскерий парадда

    Афганистанда бийликке келген “Талибан” ислам кыймылыКабулда аскерий парад өткөзүп, АКШ кеткенде калган аскерий техниканы көрсөттү. Кабулдун үстүнөн оруссиялык "Ми-8/17" тик учактары учуп өттү.

    Кошумча маалымат
    next
  5. Токтогул ГЭСи

    Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү адаттагыдан аз. 10-ноябрга карата суунун көлөмү 11,670 млрд куб метрди түзгөн. Былтыр ушул эле күнү 14,555 млрд куб метр болсо, 2019-жылы Токтогулда 16,872 млрд куб метр суу болгон.

    Кошумча маалымат
    next
  6. Түндүк Корея

    ЖККУ Тажикстанда 22-23-октябрда аскердик машыгуу өткөрөт. Кризистин алдын алуу үчүн БУУнун өкүлү Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан улам киргизилген санкцияларды алып салууга чакырды. 14-октябрь: Күндүн жаңылыктары

    Кошумча маалымат
    next
  7. Курманжан Датка

    100-150 жыл мурда тартылып, азыр калыбына келтирилген тарыхый фотолор кыргыздардын күнүмдүк турмушу жөнүндө кызыктуу баян салып бере алат.

    Кошумча маалымат
    next
  8. Октябрь окуялары

    Президент Садыр Жапаров октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата калкка кайрылуу жолдоду. Анда мамлекет башчы бир жыл мурдагы бийлик алмашууга алып келген окуялардын башкы себеби катары бийликтеги саясий коррупциялашкан системаны атады.

    Кошумча маалымат
    next
  9. Дрон

    АКШ Москва менен Афганистандагы коркунучтарга каршы Борбордук Азиядагы орус аскер базаларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын Wall Street Journal жазып чыкты.

    Кошумча маалымат
    next