Обама Ак үйдө Дональд Трампты кабыл алат

Президенттик мөөнөтү соңуна чыгып бараткан Барак Обама жана жаңы лидер Дональд Трамп. Сүрөттүн автордук укугу OTHER
Image caption Президенттик мөөнөтү соңуна чыгып бараткан Барак Обама жана жаңы лидер Дональд Трамп.

Президенттик мөөнөтү соңуна чыгып бараткан Барак Обама бейшемби күнү шайлоодон утуп чыккан жаңы лидер Дональд Трампты кабыл алат.

Бул жолугушуу шайлоодо утулуп калган Хиллари Клинтондун жактоочуларынын нааразылык акциясынын фонунда болуп жатат. Мунун алдында Обама Республикалык партиянын талапкерине бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берерин убада кылган.

Ак үйдөгү Трамп менен Обаманын жолугушуусу гринвич убактысы боюнча 16:00дө (Бишкек убактысы 22:00) болот. Трампты жубайы Мелания коштоп барып, ал дагы Мишель Обама менен жолукмакчы.

Барак Обама шайлоо өнөктүгүндө Хиллари Клинтон үчүн добуш берүүгө үндөп, карманып олтурбастан Трамптын жеке сапаттарына да баа берүүгө үлгүргөн эле. Бирок ал республикачыларга бийликти ийгиликтүү өткөрүп берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн колдонорун айтты:

"Мен бийликти өткөрүп берүү ийгиликтүү болот деп ишендирип кете алам, акыр соңу биз бир командабыз да. Өзүмдүн командамды жаңы шайланып келген президентке бийликти ийгиликтүү өткөрүп берүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды бердим",-деди Обама.

Хиллари Клинтон шайлоодон утулуп калгандан кийинки кайрылуусунда өз жактоочуларына кайрылып, президент Трампка "мүмкүнчүлүк" берүүгө чакырды. Ал Трамп ийгиликтүү мамлекет башчысы болот деп үмүттөнүп турганын айтты.

Трамп дагы бир катар билдирүүлөрдү жасады. Шайлоодон утуп чыкканы белгилүү болгондой кийин эле ал кайрылуусунда элди биримдикке чакырып, "Мен бүтүндөй америкалыктардын президенти болом. Бул мени үчүн абдан маанилүү" деп айтты.

Бирок бир катар шаарларда ага каршы нааразылык жүрүштөрү уланып жатат. Калифорнияда окуучулар жана студенттер сабактарын таштап чыгып кетип, окуу жайлардын имаратында демонстрация уюштурду. Лос-Анджелесте жүздөгөн жаштар чогулуп, "Менин президентим эмес!" деп кыйкырышты.

(AbA)

Тектеш темалар