Алеппо чыгышындагы тургундар эмнеге чыгып кетпей жатат?

Абдулкафи сегиз жаштагы кызы Ламар менен Сүрөттүн автордук укугу ABDULKAFI
Image caption Абдулкафи сегиз жаштагы кызы Ламар менен

Орусиянын аскер күчтөрү жарыялаган Алепподогу ок атышпоо тыныгуусу жайкын тургундарга да, курчоодо турган согушкерлерге да бир аз дем алууга мүмкүндүк бергенсиди.

Кеминде 250 миң киши өкмөттүк аскерлердин курчоосунда турган аймакта июль айынан бери камалып турат. Маалыматтарга караганда алар адам чыдагыс шартта күн кечиришүүдө, шаардын өзү оңбогондой бүлгүнгө учурады.

Дүйнө коомчулугу ал жерден жайкын тургундар эменеге чыгып кетпей жатат? деген суроо коюп жатат. Бул суроону көпчүлүк окурмандар дагы жазган. Биз дал ушул суроону Алепподо жашап жаткан тургундардын өзүнө "Фейсбук" социалдык тармагы жана WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтүп, жооп алууга аракет кылдык.

Сириянын мурдагы экономикалык борбору болгон Алеппо согушка чейин 2 млн чукул киши жашаган шаар эле. Болжолу миллионго чукул киши азыр да салыштырмалуу коопсуз делген шаардын батыш бөлүгүндө жашап жатат.

Бирок курчоого алынган чыгыш бөлүгүндөгү тургундар азыр өлбөстүн күнүн көрүп, оор шарттарда күн кечирүүдө. БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Стивен О'Брайен бул аймакты "үрөй учурган абалдын жеткен чеги" деп атаган.

Бул аймакта азык-түлүк түгөнүп жатат, коммуналдык, медициналык кызмат көрсөткөн жайлардын баары такаланган. Көтөрүлүшчүлөр куралдуу каршылык көрсөтүп жатат. Бул дагы жайкын тургундар үчүн оор жагдай.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Алеппо чыгышы бомба чабуулунан кийин

Тургундар Алеппонун чыгышынан эмнеге кетишкен жок?

Алардын өздөрү курчоодо калгандан улам чыгып кетпей калышканын негизги жүйө кылып жатышат.

"Кимдир бирөө курчоого чейин чыгып кеткен. Азыр эми эч ким чыгып кете албайт",-деп түшүндүрдү Алепподогу окуу жайдын мугалими Мохаммед.

Электр жарыгы күнүгө ченелип гана берилгендиктен тургундар өздөрүнүн мобилдик телефондорунун заряддарын үнөмдөп турушат. Сырткы дүйнө менен байланышып турууга баарынын эле чамасы жете бербейт.

Сүрөттүн автордук укугу Mohammed
Image caption Алепподогу окуу жайдын мугалими Мохаммед

Оссама Алеппо чыгышындагы 250 миң кишиге кызмат көрсөткөн 30 гана дарыгердин бири. Анын айтымында азыр кырдаал өтө эле оор.

"Шаар азыр бүтүндөй курчоодо, азык-түлүк, электр энергиясы, ичүүчү суу жок жана шаарга кирген негизги жолдор бөгөлгөн. Кырдаал өтө опурталдуу болуп турат, ар бир көз ирмемде же бомба чабуулунан, болбосо көзгө атардын огунан мертинип калышың мүмкүн",-дейт дарыгер.

Мугалим болуп иштеген Фатима блокадада калышарын такыр ойлогон эмес.

"Туугандарым үч жыл мурун Египет жана Түркияга чыгып кетишкен. Алепподо университеттин юридика факультетин бүтүп жаткандыктан мен калып калгам. Биз улам кысылып жаткан алкактын ичинде болуп калабыз дегенди ойлогон эмеспиз. Курчоого чейин азык-түлүк жана дары-дармектер бар эле. Ок атышууларга көнүп деле бүттүк, бирок эми бомбалардын түшкөнү коркунучтуу болуп жатат",-деди Фатима.

Сүрөттүн автордук укугу Dr Ossama
Image caption Оссама Алеппо чыгышындагы 250 миң кишиге кызмат көрсөткөн 30 гана дарыгердин бири

Сириянын бийликтери жана алардын союздашы Орусия бир нече жолу "гуманитардык коридор" ачып, жайкын тургундардын чыгып кетүүсүнө мүмкүндүк берип жатат. Бирок Алеппо чыгышындагы тургундар бул "коридорлордун" коопсуз экенине ишенбей жатышат.

"Режим гуманитардык коридорлор туралуу жалган айтып жатат", -дейт Алеппо университетинин окутуучусу Абдулкафи.

"Эгер сизди тоноп, уул-кызыңды өлтүрүп кеткен киши 10 күндөн кийин үйүнө конокко чакырып, "өз үйүңдөй эркин болосун" десе ага ишенет белеңиз?", -дейт ал.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images

Абдулкафи үч жылдан бери Алепподо жашайт. Согушка чейин ал башка шаардагы окуу жайда лекция окуган. Ал президент Асадка каршы демонстрацияларга катышкан.

"Мени каршылык акцияларынын катышуучусу катары айыпташканда Алеппого качып кетүүгө арагасыз болгомун. Асаддын бийлиги бизди террорчулар деп атайт. Бирок биз коргонуп жатып өлүүгө даярбыз. Мен жоокер эмесмин, бирок мен жашоо үчүн эмес, өлүм үчүн кармаш",-деди Абдулкафи.

Сүрөттүн автордук укугу YouTube

Көпчүлүк тургундар курчоо жок болгон күндө деле чыгып кетүүгө дарманы жок экенин айтып жатышат. Айрымдарынын каражаты жок, өлбөстүн күнүн көрүп жашап жаткандар. Биз менен байланышкандардын көбү эмнеге кетип калбаган себептерин бир эле сөз менен - "бул менин үйүм" деген менен түшүндүрүштү. (AbA)

.

Тектеш темалар