БУУ "араб жазынын" чыгымын 614 млрд долларга баалады

Сүрөттүн булагы, AP
Сирия
БУУ "араб жазынын" айынан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү 2011-жылдан бери 614 млрд долларга чыгым болгонун эсептеп чыкты
БУУнун Батыш Азия боюнча Экономикалык жана социалдык коммисиясынын отчетунда 614 млрд доллар аймактын 2011-2015-жылдардагы ички дүң продукциясынын 6% түзөт
Эсептөөлөргө араб өлкөлөрүнүн 2011-жылга чейин даярдалган экономикалык өсүшүнүн болжолдору пайдаланылды. Чыгымдар боюнча бул эл аралык абройлуу уюмдар эептеген биринчи жыйынтык.
Эсептөөдө качкындардын толкуну, эмгек мигранттары которуучу акчалар жана туризмдин солгундап кетиши сыяктуу кыйыр эффекттер да эске алынды.
Араб дүйнөсү өлкөлөрүндөгү толкундоолор 2011-жылы башталган. Жарандарын бйлик менен кагылышуусу төрт өлкөдө режимдин алмашуусуна жана Сирия, Ливия, Йемендеги согушка алып келген.
Сириядагы толкундоолор акырындап Батыш жана Орусия аралашкан жарандык согушка айланды. Бул өлкөнүн 2011-жылдан берки экономикалык чыгымы 259 млрд долларга жеткен.
Автордун баяндамасында, наразычылыктардын жыйынтыгында бийлик алмашкан өлкөлөрдүн жаңы лидерлери толкундоолорго алып келген көйгөйлөрдү азыр да чече албай жаткандыгы айтылган.