Кремль Трамптын администрациясынан конструктивдүү белгилерди күтөт

Дональд Трамп шайлоодо жеңсе Россия-АКШ мамилеси жакшырат деген Сүрөттүн автордук укугу RIA NOVOSTI
Image caption Дональд Трамп шайлоодо жеңсе Россия-АКШ мамилеси жакшырат деген

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус бийлиги АКШнын президенттик шайлоосун уткан Дональ Трампты Москвага чакырбаганын жана азыркы администрация менен иштеп жатканын билдирди.

“Кандайдыр бир конструктивдүү белгилерди күтө туруш керек”, - деди Песков журналисттердин эки тараптуу жагымдуу мамиле түзүлүш үчүн АКШнын жаңы президенти менен эмне кылуу керек деген суроосуна жооп берип жатып.

“Эч ким бардык маселелер боюнча толук макулдашууну издебегени белгилүү. Москва менен Вашингтондун ортосундагы пикир келишпестик турган иш. Бирок негизгиси – саясий эрктин болушу жана бардык көйгөйлөрдү диалог аркылуу чечүүнү каалоо”, - деген Песковдун сөзүн РИА Новости жазды.

Басма сөз катчынын сөзүнө ылайык, Москва Трамптын шайлоого чейин айткан сөздөрүнө өтө оптимизм менен эмес, байкап мамиле кылат.

Орус бийликтери Трамптын жеңишин эки өлкө ортосундагы мамиле жылыйт деген сөздөрүнө байланыштырууда. Бул тууралуу президент Владимир Путин Трампты куттуктоосунда да билдирди.

“Генри Жексон атындагы коом” аналитикалык борборунун алдындагы Россиянын изилдөө борборунун жетекчиси Эндрю Фоксоллдун пикиринде, Дональд Трамп Россияга өнөктөшү катары мамиле кылат жана Владимир Путинге суктанат.

Трамп өзү болсо үгүт иштери учурунда Америка Россия мамилеси ал жеңсе жакшыраарын айткан. 2015-жылдын июль айында Трамп АКШнын президенттигине талапкерлигин коёрун билдирип жатып мындай деген: “Мен Владимир Путин менен эң жакшы тил табышам деп ойлойм. Мен жөн гана ушинтип ойлойм”. (АК)

Тектеш темалар