ФИФАдагы коррупция: венесуэлалык чиновник агынан жарылды

Венесуэланын футбол федерациясынын мурдагы президенти Рафаэль Эскивель

Сүрөттүн булагы, Reuters

Венесуэланын футбол федерациясынын мурдагы президенти, Дүйнөлүк футбол уюмундагы коррупция боюнча айыпталгандардын бири Рафаэль Эскивель пара алганын моюнуна алды.

Эскивель өткөн жылы Швейцариядагы мейманканада камакка алынган футбол чиновниктеринин бири болчу. Бул иш боюнча учурда уюмдун 40 чукул кызматкери суралып жатат.

Америка бийлиги Эскивелди 2015-жылдын март айында экстрадициялаган эле. Рафаэль Эскивель Бостондогу сотто күнөөсүн моюнга алып, өзүнө тагылган айыптар менен макул экенин айтты. Мурдагы чиновник 16 млн доллар каражатты кайтарып берем деди.

Ал тергөөдө Түштүк Американын Copa Libertadores жана Copa America футбол турнирлерин теле аркылуу чагылдыруу укугун сатууда акча алып турганын айтып берген. Эми аны 20 жыл абак жазасы күтүп турат.

Азыркы учурда Дүйнөлүк футбол уюмундагы коррупция боюнча айыпталган 19 киши жана эки компания күнөөсүн моюнуна алды. (AbA)