Трамптын администрациясына кимдер кириши мүмкүн

Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Трамп шайлоодон утуп чыккандан кийин өзүнүн бир катар ишенимдүү пикирлештерин алкап өттү. Мына ушулар азыр жаңы өкмөткө келчү талапкерлер катары талкууланууда.

Президенттикке талапкерлердин өзүнүн командасы башынан эле түптөлүп калары турган кеп. Айталы, анда белгилүү саясатчылар, журналисттер, жаңы жүздөр болот. Андай учурда жаңы өкмөткө ким келерин болжоп билүү оңой болот. Бирок Трамптын андай командасы жок.

Мамлекеттик катчы - Ньют Гингрич

Гингрич - республикачылардын саясатта башы бышкан жоокери десе болот. 1994-жылы ал конгресстин эл өкүлдөр палатасынын төрагасы болгон. 2011-жылы Республикалык партиянын атынан президентикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн ат салышып, бирок праймериздерде утулуп калган.

Мамлекеттик катчылыкка дагы бир болжолдуу талапкер Теннесси штатынын сенатору Боб Коркер.

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ньют Гингрич

Юстиция министри - Рудольф Жулиани

Нью-Йорктун мурдагы мэри Руди Жулиани дагы Трамптын ишенимдүү үзөңгүлөшү. Ал коомчулук арасында да чоң кадыр-баркка ээ. Ал Нью-Йоркту 2001-жылдын 11-сентябрында болгон трагедиялуу окуя учурунда башкарып турган. Руди Жулианинин дагы 2008-жылы Республика партиясынын атынан талапкер болом деген үмүтү ишке ашкан эмес.

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Руди Жулиани

Президенттик администрациянын башчысы - Райнс Прибус

Кебетеси жаш көрүнгөнү менен Райнс Прибус 44 жашта. Ал көпчүлүк республикачылар жер карап турган учурда Трамп менен партиялаштары ортосунда мамиле түзүүдө көпүрө болуп берди.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Райнс Прибус

Коргоо министри - Жеф Сешенс

Шайлоону утуп чыккандан кийинки кайрылуусунда Трамп Сешенсти журт кадырлаган киши деп сыпаттады.

Бирок Трамп "үрөй учурган жана акылсыз кадам" деп сыпаттаган 2003-жылдагы АКШ күчтөрүнүн Иракка киришин учурунда Сешенс активдүү колдоого алганы бар.

Азыркы учурда Сешенс сенаттагы коопсуздук, сот системасы боюнча комитеттин мүчөсү.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жефф Сешенс

Каржы министри - Стивен Мнучин

Стивен Мнучинди келечектеги каржы министри болуу жөндөмү туралуу Трамп өзү сөз кылып өткөн жайы бар. Мнучин 17 жыл боюу Goldman Sachs инвестициялык банкында иштеп, андан кийин тапкан каражаттарына көркөм тасмаларга продюсердик кылуу менен алектенген.

Сүрөттүн булагы, AFP