Жаңы Зеландияда бир күндүн ичинде эки жер титирөө болду

Биринчи катталган жер титирөөдөн эки киши мерт кетти
Жаңы Зеландияда катталган бир күндүн ичиндеги экинчи жер титирөөнүн күчү 6,2 баллга жетти. Ушундай эле кырсык мындан бир нече саат мурда да болуп, күчү 7,8 баллга чейин барган.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, биринчи жер титирөөдөн эки киши мерт кетти.
Жер астынан келген күчтүн очогу Крайстчерч шаарынан 90 чакырым түндүк-чыгышта орун алды. Бул аймак 2011-жылы болгон жер титирөөдөн да чоң жабыр тарткан.
Табигый кырсык көп узабай кайра кайталанды.
Жер титирөө бүткөндөн эки сааттан кийин жээктерде бийиктиги 2,5 метрди түзгөн катуу шамал баштлды. Ал арада бийлик жээкте жашаган тургундарды аймакты таштап кетүүгө үндөп жетишти.
Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, дүйшөмбү күнү бир катар мектептер жана мекемелер жабык бойдон турат. Көчөлөрдө унаалардын жана коомдук транспорттордун жүрүшү азайды. Кырсыктан көптөгөн имараттар бузулганы айтылууда.
Жаңы Зеландия "Тынч океандагы от вулканынын шакегине" кирет. Бул аймактарда жер шарындагы жер титирөөлөрдүн 90% катталат. Алардын дээрлик 80% абдан күчтүү баллдагы кырсыктар экени айтылат.