Трамп өзүнүн администрациясынын башчысын дайындады

Солдо Райнс Прибус менен Стивен Беннон шайлоо алдындагы өнөктүк учурунда Трамп менен чогуу иштешкен
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп учурдагы республикалык партиянын улуттук комитетинин жетекчисин өз администрациясынын башчысы катары Райнс Прибусту дайындады.
Шайлоо штабынын башчысы болуп турган, саясат боюнча технолог Стивен Беннон Трамптын башкы кеңешчиси болуп дайындалат.
Трамп өзүнүн билдирүүсүндө Прибус менен Беннонду шайлоо алдындагы өнөктүктө аларды абдан натыйжалуу иштеген, жогорку квалификацияга ээ болгон лидерлер деп атады.
Би-Би-Синин корреспонденти белгилеп кеткендей, Прибус шайлоо алдындагы өнөктүк учурунда Республикалык партия менен штабды байланыштырып турууда чон ролду ойногон.
АКШда 8-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгында Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамп Демократтар партиясынын талапкери Хиллари Клинтонду жеңип чыккан.
Инаугурацияга чейин эки айдын ичинде Трамп өзүнүн администрациясын түзүшү керек. “Америка добушу” радиосу белгилеп кеткендей, администрацияга талапкер катары шайлоого чейин Трамптын күчтүү жактоочулары каралышы мүмкүн.
Булардан бири Алабама штатынын тургуну Жеф Сешнс коргоо министри болуп дайындалса, башкы прокурордун ордун Нью-Йорк шаарынын мурдакы мэри Руди Жулиани ээлеши мүмкүн.