Россияда террордук кылмышка шектүү топ кармалды

Россияда кармалган кылмыштуу топ Москва жана Санкт-Петербург шаарларында эл көп чогулган жайларда жардыргыч заттар жана автоматтар менен теракт жасоого камынган деп шектелүүдө.
Россиянын Санкт-Петербург шаарында сот Россиянын федералдык коопсуздук кызматы террорчулук кылмышына шектүү деп кармаган сегиз адамды эки айга камоо чечимин чыгарды.
Россиянын Федералдык кызматы ишембиде Москва жана Санкт-Петербург шаарларында эл көп чогулган жайларда жардыргыч заттар жана автоматтар менен теракт жасоого камынган Борбордук Азиянын он жаранын кармаганын билдирген. Кармалгандардын катарында Тажикстандын, Кыргызстандын да жарандары бар экени айтылууда.
Дүйшөмбүдө Тажикстандын Ички иштер министрлиги тажик укук коргоо органдары Россияда кармалган топтун шериктерин таап, андан тийиштүү маалымат алып россиялык укук коргоо органдарына бергенин билдирген.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги өзүнүн расмий сайтында антитеррордук операциянын кандай болгону жөнүндө маалымат жарыялады.
Россиянын терроризмге шектүүлөрдү кармоо операциясы Кыргызстандын коопсуздук органдары менен биргеликте жүргүзүлгөнүн Би-Би-Сиге улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди.
'Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети Тажикстандын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте жүргүзгөн операциянын негизинде Россиянын ФКК 2016-жылдын 12-ноябрында Москва менен Санкт-Петербург шаарларында террористттик топтун ишмердигин жок кылды. Ал топтун ичинде Борбордук Азиянын би нече өлкөсүнүн жарандары кирген. Алар Сирияда эл аралык террордук уюмдун лагеринде атайын даярдыктан өтүп келгени такталган. Бул топтун негизги максаты – Россия жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө ири масштабдагы террордук акцияларды өткөрүү болгон',-деди Рахат Сулайманов.