Айдын укмуш көрүнүшү

Ар башка өлкөдө тартылган Айдын укмуш көрүнүшү. 1948-жылдан бери Ай Жер планетасына эң жакын аралыкка келди.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Оруэлла Астрономиялык коомунун башчысы Дэвид Мертон тарткан сүрөт. Ипсвич шаары, Улуу Британия.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айвенхо Бикон тоолорунда тартылган сүрөт. Автор - Рой Макдональд.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Лондон шаарындагы Ыйык Павел чиркөөсүндө тартылган сүрөт. Автор - Жолт Беренд.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жонатан Поттен Айдын жаркырап турганын Хэмпшир аймагында тартып алган. Фотограф 150мм-500мм объективди колдонгон.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Иан Харристин Лутон аэропортуна жакын аймакта тартып алган сүрөтү.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дорсет аймагында тартылган сүрөт. Автор - Кит Лоусон.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жерри Гаттерижтин Рутланд аймагында тарткан сүрөтү. Автордун айтымында аймакты түтүн каптап тургандыктан Ай өзгөчө өң-түстө болуп турган.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эдвин Жоунздун Богнор Режис шаарында тарткан сүрөтү. Адам баласынын көзүнө байкалбаганы менен Ай 7 пайызга чоңурак жана 17 пайызга жарыгыраак болду.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дэвид Гриердин Дубай шаарында тарткан сүрөтү. Айдын Жер планетасына кийинки жакындоосу 2034-жылдын 25-ноябрында болот деп жоромолдонууда.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Лондон шаарынын Блэкхит районунда тартылган сүрөт. Булуттардан улам Ай Сатурн планетасына окшоп калган.