БУУ: Нигерияда 75 миң бала ачарчылыктан өлүү коркунучунда

Ачарчылыктан көз жумуу коркунчунда тургандардын көбү жаш балдар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ачарчылыктан көз жумуу коркунчунда тургандардын көбү жаш балдар

Жакынкы айларда Нигериянын түндүк-чыгышындагы Борно штатында 75 миңдей бала ачарчылыктан көз жумушу мүмкүн. Бул тууралуу БУУ кабарлоодо.

Аталган уюмдун гуманитардык жардам боюнча координатору Петера Лундбергдин айтымында, жакында эле “Боко Харам” экстремисттик уюму жашап турган аймакта 14 миллиондон кем эмес киши жардамга муктаж болууда.

Лундберг белгилегендей, исламчылардан жаңы бошотулган аймакта эң эле жардамга суусап тургандардын арасында 400 миңдейи жашы жете элек өспүрүмдөр.

Нигериянын түндүгүндө акыркы жети жылдан бери жихадчылар менен бийлик аскерлери ортосунда катуу кармаш жүрүп, бул аймакта жашаган жайкын тургундардын он миңдейи кырылды, 500 миңдейи качкын болуп жер которду.

2014-жылдын апрелинде 'Боко Харам' согушчандары Чибок мектебинде 250 мектеп окуучу кыздарын туткунга алган.

Август айында болсо аталган эсктремисттик уюм тараткан видеодо бийлик тарабынан кармалып кеткен согушчандарды кыздардын ордуна берүү талабы менен сүйлөп чыккан согушчандардын артында элүүдөй кызды көрүүгө болот.

Азыркы эсепке ылайык, дале болсо 200дөй кыз согушчандардын кармоосунда турат.

Октябрь айында Дүйнөлүк Жарым ай коому жана Швейцария бийлигинин ортого түшүүсүнүн натыйжасында 'Боко Харам' 21 кызды бошоткон эле.