АКШда шайлоодон кийин ксенофобиялык кол салуулар байкалууда

Ири шаарларда “Менин президентим эмес” каршылык акциялары дале уланууда
Image caption Ири шаарларда “Менин президентим эмес” каршылык акциялары дале уланууда

АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийинки бир жумада өлкө боюнча ар кандай азчылыктарга кол салган 437 учур катталды. Бул тууралуу Southern Poverty Law Center бейөкмөт уюму билдирди.

Анын өкүлдөрү Би-Би-Сиге билдиргендей, бир учурда көп болуп кеткен бул өңдүү окуялар бири-бирине тиешеси жок, алыс жерлерде катталган.

“Бул кылмыштардын көбү Трамптын үгүт кампаниясына түздөн түз тиешелүү”, - деди уюмдун жетекчилеринин бири Марк Поток. Ал кол салгандардын айрымдары Трамп президент болуп шайланганын түздөн түз эскертсе, башкалары анын сөздөрүн келтирген деди.

Бул уюм Трамптын үгүт кампаниясынын негизги стратеги Стивен Бэннонду жаңы шайланган президенттин администрация башчылыгына коюу да АКШдагы расалар аралык мамиледен караганда жаман белги деп эсептейт. Анткени көпчүлүк Бэннон расисттерди колдойт деп шек саноодо.

Ксенофобиялык маанай Канадада да өскөнү байкалууда. Бирок анын Тамптын шайланышы менен байланышы белгисиз.

Жаңы шайланган президент үгүт иштеринде мусулмандар менен мексикалыктар тууралуу бир нече ирет одоно сөздөрдү айткан.

АКШнын бир катар ири шаарларында бир канча күндөн бери “Менин президентим эмес” деген чакырыктагы каршылык акциялары токтобой жатат. Каршы чыккандар Трамптын так улуттук жана диний азчылыктар боюнча айткандарына каршылыгын билдирип жатышат.

Өткөн жылы ФБР мусулмандарга каршы сөздөрдүн 67 пайызга өскөнүн белгилеген. (АК)