Лимадагы өрттөн беш киши набыт болду

Өрт кырсыгы Перудагы эң кымбат баалуу соода түйүнүндө чыккан
Перунун борбору Лимада чыккан өрттөн кеминде 5 киши каза болду. Кырсык бул латын-америкалык өлкөдөгү эң кымбат баалуу соода түйүнүндө чыккан.
Маалыматтарга ылайык, өрттүн башаты жакында эле ремонттон өткөн Ларкомар-молла кинозалында башталган. Ал жерде бир катар журналисттерге пресс-тур өткөрүлүп жаткан эле.
Өрттүн чыгуу себеби азырынча белгисиз.
Окуя болгон жердин каршы тарабында жайгашкан Британиянын элчилиги убактылуу ишин токтотту.
Ларкомар-холл Чилилик Parque Arauco компаниясы тарабынан жетектелет.
Лимада 17-20-ноябрларда Азия-Тынч океан өлкөлөрү арасындагы экономикалык кызматташтыктын кезектеги саммити өтө турган. АКШ президенти Барак Обаманын да катышуусу күтүлүп жаткан бул жыйын кечээ өрт чыккан соода борборуна жакын жердеги мейманканалардын биринде болмок. Бирок иш-чараны өткөрүү орду өзгөртүлөбү жокпу азырынча белгисиз.