АКШда бир адам кычкыл сууда бүтүндөй эрип кеткен

Норис бассейниндеги булактар вулкандардын таасири менен ысып чыгат
Image caption Норис бассейниндеги булактар вулкандардын таасири менен ысып чыгат

АКШда Йеллоустон улуттук паркындагы термалдык булакта өлгөн адамдын сөөгү куткаруучулар алып чыккычакты кычкыл сууда эрип жок болуп кеткенин жергиликтүү бийликтер билдирди.

23 жаштагы Колин Скотт ушул жылы июнь айында ысык көлмөдө кырсыктап мерт болгон эле, бул кырсыктын чоо-жайы азыр гана белгилүү болду.

Жергиликтүү бийликтер бул инцидент жөнүндө бүткөн отчетту азыр гана жергиликтүү телевидениенин суранычы боюнча жарыялашты.

Андагы маалыматка ылайык, 7-июнда Колин Скотт өзүнүн эжеси Сейбл менен коркунуч бар деп эскерткен белгилерге карабастан термалдык көлмөгө түшүп барышкан экен.

Сейбл Скотт байкеси сууга колун салып, байкап көрөйүн деп жатып тайгаланып кетип кайнап турган сууга түшүп кеткен.

Кийин куткаруучулар анын сөөгүн издеп табышып, бирок караңгы кирип кеткендиктен дароо алып чыгышкан эмес. Бирок кийинки күнү сөөк табылган эмес, андан эчтеке калбай кычкылдын концентрациясы жогору кайнак сууда эрип кеткен деп жатышат.

Йеллоустон улуттук паркы 1872-жылы ачылган. Ал Вайоминг, Монтана жана Айдахо штаттарынын аймагында орун алган.