Рак менен ооруган өспүрүм денесин тоңдуруп коюу үчүн сотту утту

Клеткалар өлөөрдөн мурда аларды витрификациянын жардамы – муз пайда болбогон атайын ыкма менен тоңдурушат
Image caption Клеткалар өлөөрдөн мурда аларды витрификациянын жардамы – муз пайда болбогон атайын ыкма менен тоңдурушат

Рактын сейрек түрү менен ооруган британдык он төрт жаштагы мектеп окуучусу өзүнүн өлүмүнүн алдында денесин тоңдуруп коюу боюнча атасына каршы сотту утуп алды.

Сот чечимди октябрда чыгарган, бирок айрым юридикалык процедураларга байланыштуу бул тууралуу азыр гана жарыяланды.

Кыздын маркум апасы криоконсервацияга каршы эмес болчу, бирок лондондук өспүрүмдүн атасына бул пикир жаккан эмес.

“Аны жашоого 200 жылдан кийин кайтарышкан күндө дагы бир да тирүү тууганы болбойт. Он төрт жашка чейин эмне кылганын сөзсүз эстеп калбайт, андан сырткары АКШда ойгонот”, - деп билдирген өз пикирин атасы. Ал кыздын энеси менен алты жылдан ашык убакыт мурда ажырашкан жана аялы өлгөнгө чейин кызы менен мамиледе болгон эмес. Бирок акыркы апталарда ал өз оюн өзгөрттү.

Өмүрүнун соңку айларында жашы жете элек кыз интернетте криоконсервация тууралуу көп окуган. Ал денесин ушундай жол менен сактоо өлүмүнөн жүздөгөн жылдардан кийин болсо да жашоого кайтууга мүмкүнчүлүк берет деп чечкен.

“Мени жердин алдына көмүшүн каалабайм. Жашагым келет, келечекте менин рак илдетиме дары таап ойготушкан жерде узак жашагым келет”, - деп жазды кыз өлүмүнүн алдында.

Кыздын кызыкчылыгына чечим чыгарган судья Питер Жексон ооруканада өлүм алдында турганда өзү барып көрдү жана анын эркинин күчтүүлүгүнөн таасирленген.

Ал өкмөткө келечекте криоконсервация боюнча мыйзамдуулук базасы тууралуу ойлонууну сунуштады.

Азыркы тапта адистер катуу тоңдурулган денени жашоого кайтаруу боюнча ишеничтүү ыкмаларды билишпейт.

Белгисиз мөөнөткө консервациялоонун баасы 46 миң доллардай турат. Британияда 130 градустан төмөн криосактоочу жайлар жок, алар АКШ менен Орусияда бар.

Аты ачык айтылбаган кыздын денесин криоконсерватор активисттер АКШга алып барышты. (АК)