Караколдо кышкы туризм сезону ачылды

Караколдун тоолорунда кышкы туризди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттар көп
Image caption Караколдун тоолорунда кышкы туризди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттар көп

Караколдогу Жыргалаң айылында кышкы туризмдин ачылуу аземи өттү. Фестивалдын алкагында концерттик программа менен катарлаш, спорттун кышкы түрлөрүн, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн буюмдары көрсөтүлүп, аталган аймактагы туристтик мекемелер өздөрүнүн кызматтары тууралуу маалымат беришүүдө.

“Биз Жыргалаңды кышкы жана жайкы туризмдин борбору боло турган, уникалдуу жаратылыш ресурстарына бай туристтик очок катары тааныткыбыз келет. Туризм региондо жана жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарында жумуш орундарын түзүүгө жана айыл экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берүүдө. Бул бизди кубандырат”, - деди Бермет Джапарова, Жыргаландагы жаңы конок үйлөрүнүн биринин ээси.

“Джей-Фест” фестивалы биринчи жолу 2015-2016-жылдардын лыжа сезонунун ачылышында өткөрүлгөн. Жергиликтүү тургундар региондогу туризмдин потенциалына чоң ишеним артып жатышат.