Принц Гарри Кариб аралдарына саякатын баштады

Image caption Канзаада Гарри жети өлкөдөн турган саякатын Антигуадан баштады

Британ королевасы Елизавета экинчинин небереси канзаада Гарри өзүнүн Кариб аралдарына саякатынын башында Антигуага келди. Кенсингтон сарайынын өкүлдөрү билдиргендей, бул саякат расмий бирок “көңүл ачууларга бай” болот.

Алдыдагы он беш күндө Британ тактысынын канзаадасы Чарльздын кичине уулу Кариб аралдарынын жети өлкөсүн королдуктун расмий өкүлү катары кыдырат.

Image caption Антигуанын аба майданы

Канзаада Гарри Британия өлкө башчылык кылган алты аралды – Антигуа жана Барбуда, Барбадос, Гренаданы, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсию, Сент- Винсет жана Гренадинаны кыдырат.

Ал ошондой эле Елизавета экинчи башкарган Шериктештик курамына кирген Гайанага да барат.

Көптөн бери үмүт кылганын, ал жакта королеванын атынан болуу сыймык экенин айтты.

Image caption Акыркы убактарда канзаада Гарри тууралуу кабарлар анын америкалык актриса Меган Маркл менен мамилеси тууралуу гана болуп жаткан

Гарринин сапары Барбадос менен Гайананын 50 жылдык, Антигуа менен Барбуданын 35 жалдык эгемендигине туш келүүдө.