Эл алдында жүзү жарык

Кубан Абдымен кызы Мээрим менен
Image caption Кубан Абдымен кызы Мээрим менен

Көрүнүктүү журналист, чыгаан медиа-менеджер жана коомдук ишмер Кубанычбек Таабалдиев 60 жашка толду.

Азыр кыргыз журналисттеринин жана маалымат каражаттарынын жетекчилеринин ичинен көп жыл бою бир кызматта, бир кесипте Кукемдей (улуу-кичүү дебей, баарыбыз Куке деп ызааттап кайрылабыз) кынтыксыз иштегени жок болсо керек. Болсо да майда-чүйдө кемчилик болгондур, бирок жогорку бийликтин же оппозициянын болобу, айтор ким болбосун бул жетекчиге ыраазы сөздөн башка олуттуу дооматы жок деп ишенем. Анткени өзүнүн ишин мыкты билген, таза, так иштеген, эч бир жакка кастыгы, арамдыгы жок, журналистиканын моралдык-адептик принциптерин бек туткан адамдын ишине да, өзүнө да башкача мамиле болууга тийиш эмес. Өлкөбүздүн эгемендиги менен чогуу башталган чейрек кылымдык журналисттик ишмердигинде кесипкөйлүктүн жогорку чеберчилиги менен жетекчиликтин алдыңкы өрнөгүн көрсөтүп, эл оозуна алынган кесиптеш агамды, бир чети досумду алтымыш жаш мааракеси менен куттуктап, анын кесиптик ишмердиги менен инсандык өмүр жолунун урунттуу учурлары жөнүндө азын-оолак айтып кетүүнү парзым деп ойлойм.

Кукем Новосибирскидеги мамлекеттик университеттин физика факультетин аяктап, МГУда аспирантурада окуп, аэродинамика боюнча кандидаттык ишин коргоп бүткөн маал СССРдин кыйраган убактысына туш келди. 1992-жылы Москвадан Кыргызстанга кайтып келген жаш окумуштуунун алдында илимден башка багыттагы жол чыгып жатты, өлкөдөгү жаңы коомдук-саясий кырдаал алдыңкы саясий көз караштагы, демократиялык идеяларга сугарылып келген активисттен коомдук-публицисттик ишмердикти талап кылып, бүт республиканы кучагына алган демократиялык процесстерге батыл аралашууга чакырып турду. Москвада окуп жүргөндө кыргыз жаштарынын “Акыйкат” уюмунда жетекчи топко кошулуп, “Независимая газета” менен активдүү кызматташып жүрүп келген жигиттин потенциалына илимдин жолу өтө эле кууш көрүнүп калды.

1994-жылы “Кутбилим” гезитине топтолгон журналисттик жаңы командага кошулары менен кыргыз журналистикасында Кубан Абдымен деген жаңы ысым жарк этти. Аталган гезитте саясий кырдаалды жиликтеп, кокту-колотуна чейин аңтарып, ийне-жибине чейин иликтеп жазылган терең анализдүү макалаларды ошол учурдагы карапайым окурман да, саясий элита да зор кызыгуу менен окуп жатты. Интеллекти жогору жана саясий акыл уюткусу жетик журналистке бат эле куда түшкөндөр көбөйдү. Биринчи кезекте Президент Акаевдин администрациясы менен Бишкек шаардык мэриясынан кызматка чакырган сунуштар келип түштү. Экинчи жагынан океандын ары жагындагы АКШнын элчилиги да кызыгып байланышып калды. Бардык сунуштарды салмактап көрүп, Кукем кызматка кызыкпай, АКШнын элчилигинин сунушун кабыл алып, бир жылга Бредли университетине стажировкага жөнөп кетти.

АКШдан кайтып келгенден кийин ЮСИА агенттигинин Кыргызстандагы бөлүмүндө кеңешчи кызматында эки жылдай иштеген соң, билим тажрыйбасы жеткилең, англис тилинде эркин сүйлөп калган журналистке Би-Би-Синин көзү түштү. Лондондо Би-Би-Синин кыргыз кызматы уюшулганда биринчи жарыяланган конкурстан ийгиликтүү өтүп, продюсер кызматына чакырылды. Лондондо топтолгон биринчи команда менен кыргыз радио программасын даярдап, эки жыл чыгармачылык чоӊ эргүү менен иштеди.

Би-Би-Сиде кыргыз тилиндеги эле берүүлөрдү даярдабай, орусча дикциясы жакшы болгон үчүн орус тилиндеги программаларды да обого чыгарууга катышты. Дүйнөлүк журналистиканын лидери аталган Би-Би-Сиде эки жыл ичинде дагы такшалды, чеберчилиги дагы өстү, эл аралык журналистиканын принциптери менен иштеген жогорку даярдыктагы адиске айланды.

Кукем Лондондо чоң айлык алып, жыргап иштеп жүрө берсе да болмок. Бирок анын көңүлүндө алыстагы Ата Журту турду. Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык чоң өзгөрүүлөрдөн четте калгысы келбеди, контракт бүтөрү менен кайтып келе берди. Келери менен жогорку жетекчилик аны өлкөдөгү “Кабар” улуттук маалымат агенттигине башкы директор кызматына дайындады.

Ошол учурда “Кабар” агенттигинин иши жакшы жүрбөй материалдык да, чыгармачылык да кризиске батып турган чагы эле. Лондондон кайтары менен тыңгылыктуу эс албай туруп, кыштын кыраан чилдесинде карыздан башы чыкпай, оту жагылбай турган агенттиктин муздак кабинетине келип кирди. Суук кабинетте сырткы кийимин чечпей отуруп, агенттиктин ишин кризистен алып чыгуу планын иштеп отурган Кукемдин ошол учурдагы түйшүктүү күндөрү дагы деле көз алдымда.

“Кабар” бат эле кризистен чыгып, өзүнүн улуттук макамына татыктуу ордун ээледи. Кыргызстан жөнүндө бүт дүйнөгө кыргыз, орус, англис тилдеринде оперативдүү маалымат тараткан, жогорку кесиптик стандарттар менен иштеген агенттикке айланды.

2005-жылы өлкөдө бийлик алмашканда, жаңы башкаруучулар мамлекеттик маалымат каражаттарынын текши баарында жетекчилерди алмаштырды. Бир гана Кукеме тийишкен жок. Бул да болсо, анын бийликтин кол жоолугуна айланбай, саясаттын сасык оюндарынан алыс болуп, таза иштегенинен болду деп ойлойм. Бирок баары бир бийлик башындагы Бакиевдин айлана-тегерегине чоочун адам катары кала берди. Ошол себептүү бир жылдан кийин башка кызмат беребиз деген шылтоо менен кызматтан бошотуп, акыры таптакыр эле унутуп коюшту. Ошонусу жакшы болуптур, Бакиевдин жанына жакын барып иштесе, бийликтин жаманаттысы менен жоопкерчилигин кошо көтөрмөк. Балким, жаңы бийликтин ыймансыз түрүн көрүп, Кукем өзү деле алар менен бир команда болууну каалаган эмес болуш керек.

Бирок илимий-интеллектуалдык потенциалы чоң инсан иш издеп отуруп калган жок, 2006-жылы Фулбрайт программасына катышып, кайрадан океандын ары жагына барып, бир жыл бою изилдөө иштери менен алек болду. АКШнын перифериялык жана регионалдык ММКлары боюнча изилдөө жүргүзүп, ар кандай эл аралык конференцияларда, жолугушууларда жүрдү. Фулбрайт программасынын сертификатын алып, Кыргызстандагы журналисттердин ичинен АКШда аталган программаны окуган биринчи журналист болуп калды.

2008-жылы 'Zpress.kg' көз каранды эмес маалымат агенттигин уюштуруп, жаңылыктар менен аналитикалык материалдарды чыгарган жаңы интернет сайттын ишин жолго койду. 2009-жылы Батыш ММКларынан эң актуалдуу жана маанилүү аналитикалык материалдарды орус жана кыргыз тилдерине которгон долбоорду ишке ашыра баштады.

2010-жылы өлкөдө болгон революциядан кийин жаңы бийликке Кукемдей чоң адис кайрадан керек болду. Убактылуу Өкмөттүн аппаратында бир аз убакыт иштегенден кийин аны кайрадан “Кабарга” өзүнүн ордуна алып келишти. Улуттук агенттикти башкаргандардын ичинен эң көп жыл иштеген жана экинчи жолу кайтып келген бирден бир жетекчи болуп калды. Кукем кеткенден кийин “Кабар” агенттиги кайрадан кризиске батып, интригага чырмалып, жамаат ичтен бөлүнүп-жарылып, чыр-чатактан башы чыкпай калган эле. Ошондуктан агенттикте кайрадан ынтымактуу мамилени кайтарып, интригадан тазалап, иштиктүү режим орнотуу милдети турду. “Кабардын” жамааты өзүнүн мурдатан көнгөн жетекчисин кубанып тосуп алды.

Андан берки өткөн беш-алты жыл ичинде Кукемдин аткарган ишинин натыйжасы жалпы журтка дайын десем болот. “Кабар” агенттиги өлкөдөгү бирден бир улуттук маалымат агенттиги катары өзүнүн милдетин эң сонун аткарып жатат. Азыркы учурда кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде Кыргызстандагы эң маанилүү окуялар жөнүндө дүйнөнүн чар-тарабына маалымат таратып, “Синхуа”, ИТАР-ТАСС”сыяктуу дүйнөнүн ири маалымат агенттиктери менен активдүү кызматташууда. Бир эле учурда агенттиктин өзүнүн да радио жана ТВ программалары иштеп жатат. “Кабар” агенттиги соңку убакта форматын өзгөртүп, изденип, реформанын жаңы жолуна түшүп жатканынан да кабарым бар.

Кукемдин “Манас” университетиндеги педагогдук ишмердиги жөнүндө да айтпай кетсек болбойт. 2002-жылдан бери аталган университетте журналистикадан лекция окуп, сабак берип, өзүнүн бай тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп келатат. Мындан сырткары, бир катар кесиптик бирикмелердин жана коомдук уюмдардын ишине активдүү катышып, коомдук ишмердигин да тийиштүү деңгээлде аткарып келатат.

Кукем жогорку квалификациялуу дарыгер болуп иштеп келаткан өмүрлүк жары Эльмира эже менен татынакай бир кыз, бир уулду тарбиялап татыктуу өстүрүштү. Кызы Мээрим менен уулу Медер Борбордук Азиядагы Америка Университетин окуп бүтүшүп, өлкөдөгү эң интеллектуалдуу катмарга кошулуп, активдүү позицияда элине кызмат кылууда.

Жеке турмушта Кукемдин өтө сергек жашаганы да мактай турган касиет. Тамекини такыр оозуна алган эмес, ичкилик менен иши жок. Андан көрө кыш-жай дебей сууда сүзгөндү жакшы көрөт, спорттун башка түрлөрү менен машыкканын токтото элек.

Эми ушундай артка кылчая караган азын-оолак сөздөн кийин айтарым, алтымыш жаш мааракеңиз кут болсун Куке! Сизди эл-журтуңуз чебер журналист, чыгаан медиа-менеджер, интеллекти жогору окумуштуу, таза, так иштеген жетекчи катары тааныйт. Сиз журналистиканын фундаменталдуу принциптеринен тайбай иштегендин өрнөгүн көрсөтүп, кыргыз журналистикасынын наркын жана баркын көтөрдүңүз. Ошон үчүн эл алдында жүзүңүз жарык. Сиз менен калкыңыз сыймыктанат, Сизди сыйлайт жана кадырлайт. Жараткан Сизге узак өмүр берсин, ырыскыңызды көбөйтсүн. Чыгармачылык ишиңизди ийгиликтер коштой берсин!

Тектеш темалар